Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:48

Шайлоо: добуштар кол менен саналууда

29-ноябрда түнкү саат 2деги БШКнын сайтындагы маалыматка ылайык, 5% босогодон алты партия өттү.

Алар: “Ата-Журт Кыргызстан” – 16,41%, “Ишеним” – 13,17%, “Ынтымак” – 10,62%, “Альянс” – 8,06%, “Бүтүн Кыргызстан” – 6,58%, “Ыйман Нуру”партиясы – 5,93% добуш алды.

Келген шайлоочулардын 2,11% же 26927 жаран “баарына каршы” деген добуш берген.

Парламенттик шайлоого 1 миллион 275 239 жаран келди. Бул шайлоого укуктуу жарандардын 34,43% түзөт.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына бир мандаттуу 36 шайлоо округунан 282 талапкер ат салышты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, талапкер болууга дегенде 381 жаран арыз берип, алардын 330у катталган. Кийинчерээк 47си өз арызы менен, экөө БШКнын чечими менен талапкерликтен чыгарылган.

Ошондой эле 21 партиянын тизмесинде 1004 талапкер депутаттык мандат үчүн күрөштү.

Кыргызстандагы жаңы шайлоо мыйзамдарына ылайык, бул ирет 90 депутатка мандат берилет. Партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат.

Бул жолу шайлоочулар эки бюллетень менен добуш берди.

14:47 30.11.2021

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Маалыматтык шайлоо системасындагы мүчүлүштүк тууралуу түшүндүрмө берди.

Мекеменин бүгүн, 30-ноябрда тараткан маалыматына караганда, добуш берүү убактысы бүткөндөн кийин, кечки саат 20:00дөн соң участкалык комиссия бардык мүчөлөрүнүн жана байкоочулардын көзөмөлүндө автоматташтырылган эсептөөчү урнанын (АСУ) жыйынтыктоочу отчетун (чекти) басып чыгарат. Ошол эле АСУнун жыйынтыктоочу отчету басылып чыгары менен автоматтык түрдө дароо БШКда жайгашкан серверге жөнөтүлөт.

14:15 30.11.2021

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев шайлоочуларга жана талапкерлерге кайрылды. Саясатчы 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо алардын добушу уурдалганын айтты.

"Сиздердин добуш туура берилгенине, туура колго түшкөнүнө ишенсеңиздер болот. "Ата Мекен" партиясынын талапкерлери аз акча кетирип натыйжалуу шайлоо кампаниясын өткөрдүк. Иликтөөгө караганда, алдыңкы лидерлердин тобунда куйрук улаш бара жатканбыз. Бирок жасалмалоо, административдик ресурстун аралашуусунун, каржылык басымдын жыйынтыгында добуштарыбыз уурдалды. Бийликтин партиясы дегендерге добуштар кошулду. Ошондуктан сиздердин жеңиш колубузга тийген жок".

Жогорку Кеңештин депутататтыгына талапкер, "Альянс" партиясынын теңтөрагасы Жанар Акаев 28-ноябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгы тууралуу өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды. Партия Борбордук шайлоо комиссиясынан добуштарды алдын ала эсептеген системасындагы ката боюнча далилдүү түшүндүрмө талап кылат.

"БШК сайтында коомчулукта күмөн жаратчу жагдайлар орун алды. Анын баары тез арада териштирилип, элге ачык жана так маалымат берилиши керек", - деп жазган Акаев.

14:12 30.11.2021

Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында бир мандаттуу №20 Манас округу боюнча шайлоонун жыйынтыгына нааразылар акцияга чыгышты. Алар шайлоодо талапкер Дастан Жумабеков добуш сатып алган деп айтып, аны шайлоодон четтетүүнү талап кылууда.

Дастан Жумабеков аталган округдан талапкерлигин койгон. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) добуштарды санаган автоматташтырылган системасынан алынган алгачкы маалыматка караганда, Жумабековду шайлоого баргандардын 39.37% колдогон. Дагы бир талапкер Мирлан Нарбековго добуш бергендердин саны БШКнын сайтында 38.99% деп турат.

12:43 30.11.2021

Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округу боюнча бюллетендердин 20,77% кол менен саналып бүттү - бул 30-ноябрь, саат 12:00гө карата маалымат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Маалыматтык базасы көрсөткөндөй, 2494 шайлоо тилкесинин 520га жакынында бюллетендер эсептелди. Ал эми автоматташтырылган системада 97,59% бюллетень саналды.

Ушул убакытка чейин кол менен саналган бюллетендердин жыйынтыгында «Ынтымак» партиясы 13,45%, «Ата-Журт Кыргызстан» 12,86%, «Ишеним» 11,36%, «Ыйман Нуру» 7,26%, «Эл үмүтү» 6,85%, «Альянс» 6,16%, «Бүтүн Кыргызстан» партиясы 4,14% добуш алып алдыда келатат.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG