Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:45

Тогуз-Тородо бүтпөгөн мектептер окууну аксатты


Тогуз-Торо.
Тогуз-Торо.

Тогуз-Торо районундагы курулушу бүтө элек имаратка жайгаштырылган 238 окуучу кайра эле эски мектепке кирип, окуусун улантууда. Буга жергиликтүү бийликтин чечимин Экотехинспекция жокко чыгарып, эскертүү бергени себеп болду.

Район аймагында учурда дагы 2 мектептин 400гө чукул окуучусу курулушу толук бүтө элек мектепте билим алып жатат. Адистер болсо курулушту каражаттын тартыштыгы аксатып жатканын айтышууда.

Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айылында мындан 65 жыл мурда ашар жолу менен салынган мектепте балдар быйыл май айына чейин окуп келишкен. Дубалдарынан жарака кеткен эски имаратка ӨКМ тарабынан 2009-2012-2019-жылдары үч ирет «Жараксыз, сабак өткөнгө болбойт!» деген эскертүү берилген. Быйыл адистердин акыркы эскертүүсүнөн улам окуучулардын өмүрүнөн кооптонгон мугалимдер курулушу бүтө элек мектепке кирип алышты. Мектеп директору Венера Эпеева аны мындайча түшүндүрдү:

Венера Эпеева.
Венера Эпеева.

- Биз окуп келген имарат 1954-жылы пайдубалы таштан курулуп, ашар жолу аркылуу башталган. 1958-жылы толук бүтпөй, 1960-жылы гана пайдаланууга берилген экен. 62 жылдан бери мектеп үзгүлтүксүз иштеп келе жатат. 2019-жылдын июнь айында ӨКМдин адистери келип, «имаратка кирүүгө такыр болбойт» деп жаап кетишти. Анткени дубалдарынан 10 см чейин жаракалар пайда болду. Аргасыздан толук бүтө элек мектепке кирүүгө туура келди. 2013-жылы башталган курулуш иштери дагы эле аяктай элек. Ал түгүл мектепке жаңы эмерек алынган жок жана суу түтүктөрү да тартыла элек. Тогуз-Тородо кышында катуу суук болоорун эске алганда мектепти жылуулоо жумуштары да 30% бүткөн боюнча турат. Кыш чилдеде кантип окуйбуз деген коркунуч бар.

215 окуучу билим алган №7 Таштемир Сатыбалдиев атындагы мектептин жаңы имаратынын курулушу менен 2013-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев таанышкан соң, анын демилгеси менен башталган. 56 млн. сомдук, 235 орундуу эки кабаттуу мектептин 70% гана курулушу аяктаган. Ага карабай быйыл сентябрь айынан тартып окуучулар билим алууну ушул жайда улантууда. Район акиминин орун басары Гүлжамал Султангазиева бардык жоопкерчиликти жергиликтүү бийлик өз мойнуна алып жатканын эске салды:

- Негизинен имарат толук бүтмөйүнчө балдарды окутууга болбойт. Бирок айласыздан, башка имарат жоктугунан балдарды жергиликтүү бийликтин уруксаты менен киргиздик. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин да бул багытта кабары бар. Аймактын катаал шартын эске алганда балдарды чатырда же контейнерлерде окутканга болбойт.

Таштемир Сатыбалдиев атындагы мектептин эски имараты.
Таштемир Сатыбалдиев атындагы мектептин эски имараты.

Ушул эле райондун Атай айылындагы курулушу толук бүтпөгөн мектепте бир жума окуган 238 окуучу кайрадан эски имаратка чыгарылды. 150 орундуу мектептин курулушу 2016-жылы башталып, учурда 80% жумуштар аткарылган бойдон токтоп турат. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Иманбердиев район аймагында 5 мектептин курулуш токтоп калганын билдирди:

- Райондук мамлекеттик администрациядан «№5 Барктабас Ташматов атындагы мектептин жаңы корпусунун курулушу толук аяктады, кирип окугула» деген тапшырма болгон. Анын негизинде биз 2-сентябрдан тартып ошол имаратта окуй баштаганбыз. Бирок лаборатория, химия жана физика класстарында монтаждоо сыяктуу башка жумуштары толук бүтө элек экен. Аны аткарууда балдардын өмүрүнө коркунуч келерин тиешелүү жактарга айтып эскерткенбиз. Андан соң бир жумадан кийин кайра эски мектепке чыгууга мажбур болдук. Себеби билим уясында курулуш иштери толук бүтө элек экен. Экотехинспекция да «чыккыла» деп эскертүү берди. Мектептин эски имараты 1960-жылдары салынган. 1-ноябрга карата жаңы мектептин курулушу толук аяктап, ачылышы болот деп жатышат.

Тогуз-Тородогу Ташматов атындагы мектептин имараты.
Тогуз-Тородогу Ташматов атындагы мектептин имараты.

Райондогу дагы бир №10 Азамат Калдыбаев атындагы курулушу толук бүтпөгөн мектепте 170 окуучу 3 жылдан бери окуп келе жатат. 2012-жылы башталган 250 орундуу мектептин курулушу үч жылдан бери каражат бөлүнбөй токтоп турат. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын аймактагы өкүлү Азамат Анарбеков окуучуларды толук бүтпөгөн имараттардан чыгаруу боюнча эскертүүлөр берилип жатканын айтты:

Кээде жергиликтүү бийлик биздин эскертүүлөргө көңүл бурбай койгон учурлар бар.


- №5 Ташматов мектебин 2-сентябрда район акими барып ачып жиберген. Биз кайрадан аларга эскертүү берип, балдарды чыгартууга аргасыз болдук. Азыр №10, 7 мектептер боюнча да текшерүү иштери жүрдү. Кетирилген кемчиликтерди оңдоо боюнча жергиликтүү бийликке жана курулуш компанияларына эскертүү беребиз, аткарбаса балдарды чыгарууга туура келет. Кээде жергиликтүү бийлик биздин эскертүүлөргө көңүл бурбай койгон учурлар бар. Бирок шартка жараша биз алардын абалын да туура түшүнүп жатабыз.

Мыйзам койгон талапка ылайык жаңы мектептердин курулушу аяктаган соң тийиштүү адистердин кароосунан бир сыйра өткөндөн кийин гана пайдаланууга берилет. Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгы быйыл жыл соңуна чейин №7 Т. Сатыбалдиев мектебинин окуу корпустары толугу менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилерин айтат. Район боюнча жалпы билим берүүчү 14 мектептин бешөөсүндө бир топ жыл мурун башталган курулуштар токтогон бойдон кыймылдабай турат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
XS
SM
MD
LG