Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:48

БУУ таластык аялдарга дем берди


Гүлмира Базарбаеванын үйүндөгү чакан цех.
Гүлмира Базарбаеванын үйүндөгү чакан цех.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында Таластагы аз камсыз болгон жана көп балалуу 50дөн ашык аял иш менен камсыз болду.

Алар багбанчылык, тигүүчүлүк жана наабайчылык боюнча иш алып барышууда. Долбоорду ишке ашырууга Жапониянын өкмөтү каржылык колдоо көрсөткөн.

Таластын Бакай-Ата районундагы Түйтө айылынын тургуну Чынара Көчөралиева өзүнүн төрт бөлмөлүү үйүнүн ашканасын чакан цехке айлантты.

Бул жерде ушул айылда жашаган аялдар тобу таттуу токочтордун түрүн жасайт. Алардын арасында беш баланын энеси Мээрим Тейишова да бар. Ал буга чейин эч жерде иштечү эмес. Бул жумуштун аркасы менен бала-чакасынын кем-карчын толуктоо бир топ жеңилдей түшкөнүн айтып кубанды:

Мээрим Тейишова.
Мээрим Тейишова.

«Айыл ичинде жумуш жок. Балдарды жөлөкпул менен эле багып үйдө отурабыз. Бизге бул жумуш жакшы мүмкүнчүлүк болду. Жети-сегиз аял иштейбиз. Таттуу токочторду жасап, дүкөндөргө өткөрөбүз. Торт жасаткандар да бар. Бизге жапон өкмөтүнөн үч кап ун, 15 литр май таркатышкан. Ошону жеп-ичпестен жумушту улантып кеттик. Бир күндө 15тен 50 таңгакка чейин токоч жасалат. Таттууларды 50 сомдон 70 сомго чейинки баада сатып алса болот. Айына беш миң сомдой киреше түшөт. Каражатты аялдар бөлүп алабыз».

Ал эми Кара-Буура районунун Тамчы-Булак айылындагы көп балалуу жана аз камсыз болгон аялдар тобу атайын техниканын жардамы менен кыям жана салат жасашат. Алар өздөрүнүн тамаркасында өстүрүлгөн жашылча-жемиштерди кайра иштетип, «Бакыян даамы» деген аталыштагы өндүрүм чыгара баштады. Эми аны жергиликтүү дүкөндөргө сатууга камынышууда.

Гүлмира Базарбаеванын үйүндө жайгашкан цехте он чакты жергиликтүү аял эмгектенет. Буга чейин мугалимдик кесипти аркалаган Гүлнахар Токтогулова жакында пенсияга чыгып, эшигинин алдына чакан күнөскана курган. Түшүмдү айылдагы ушул цехке өткөрүп, ишкерликтин сырларын үйрөнө баштады.

Гүлнахар Токтогулова.
Гүлнахар Токтогулова.

«Бул цехти айылда чыккан өндүрүмдү сатып алып, бул жерден кайра иштетип чыгарабыз, - дейт ал. - Айыл тургундары жумуш менен камсыз болуп жатат. Сезон убагында жашылча-жемиш арзан болуп, ысырапка учурайт. Ысырап кылбай бул цехте кайра иштетип, сатыкка чыгарабыз. Азыр кулпунайдан кыям жасайбыз. Төө буурчакка кумшекер кошуп паста жасайбыз. Дагы башка жаңы өндүрүм жасоону максат кылуудабыз».

Мындан тышкары, Бакай-Ата районунун Наматбек айылындагы аялдар биргелешип курак курап, төшөк каптап каражат таап жатышса, ушул эле райондун Ынтымак айылындагы 30дан ашык аял табигый уруктандырууну өздөштүрүп парник иштетишүүдө.

Биргелешип каражат таап жаткан аялдар тобу.
Биргелешип каражат таап жаткан аялдар тобу.

Элеттеги аз камсыз болгон жана көп балалуу аялдардын иш менен камсыз болушуна БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында Жапония өкмөтү каржылык колдоо көрсөткөн.

Аялдар ишти баштаардын алдын атайын окутуулар уюштурулган. Өндүрүш үчүн технологиялык жабдуу менен камсыз болушкан. Жапония Кыргызстандагы айыл экономикасында аялдардын ролун жогорулатуу долбооруна бир жыл ичинде 618 миң доллар каржылык колдоо көрсөткөн.

Ёсихиро Ямамура.
Ёсихиро Ямамура.

​Аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Ёсихиро Ямамура Таластагы аялдардын ишмердүүлүгү менен таанышып жатып, Жапония мындай долбоорлорду ишке ашырууну Кыргызстандын башка аймактарында да улантарын билдирди:

«Биз ар дайым Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүүгө аракет кылып келебиз. Жумуш орундарынын түзүлүшү мамлекеттин өнүгүшү үчүн абдан маанилүү. Андыктан колдон келген жардамды берип жатабыз».

Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, аймакта жумушсуз катары 3248 киши каттоодо турат. Анын ичинен 1600ү аялдар.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG