Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:29

Апта: миллиондордун талаштуу таржымалы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2011-2017-жылдары бир нече банк аркылуу Кыргызстандан 700 миллион доллар чет өлкөлөргө чыгарылып кеткени тууралуу «Азаттыктын» иликтөөсү коомчулуктун бүйүрүн кызытты.

«Азаттыктын» ишенимдүү булактары мындан тышкары «жүз миллиондогон доллар таңгакталып, алтын куймалары баштыктарга салынып, чет өлкөлөргө чыгарылып кеткен» деп сүрөттөрүн көрсөтүшкөн.

Буга удаа эле Нур-Султанда өткөн Евразия Экономикалык Биримдигинин жыйынында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков биримдиктин чек араларында үч баскычтуу бажы көзөмөлүн киргизүүнү сунуш кылды.

Ал эми Меккеде болуп өткөн эл аралык саммитте чөлкөмдөгү чыңалып турган кырдаал талкууланды. Сауд Арабиясынын падышасы Салман бин Абдел Азиз эл аралык коомчулукту Ирандын башка өлкөлөрдүн ички ишине кийлигишүүсүн токтотууга чакырды.

«Бажагейттен» «бажыгейтке» чейинки чуу

«Азаттыктын» журналисти Али Токтакунов ишенимдүү булактарга жана документтерге таянып даярдаган иликтөөсүндө 2011-2017-жылдар аралыгында бир катар жергиликтүү банктар аркылуу Кыргызстандан 700 миллион доллар чет өлкөлөргө чыгарылып кеткени көрсөтүлгөн. Буга далил катары анын кеминде 250 миллион долларын ырастаган ондогон документтер, банк дүмүрчөктөрү колго тийгени иликтөөдө баяндалган.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков кийинки убакта өлкөнүн коомдук-саясий турмушу улам бир чуулгандуу маалыматтар менен коштолуп жатканын айтып өттү:

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

«Кыргыздарда укмуштуу кабарды «дейт» десе, англис тилинде чуулгандуу кабарды «гейт» деп коюшат экен. Биз мындан эки жума мурун эле «бажагейт» деген балакет чыкты эле. Өкмөт башчысынын бажасы байлыкта, баласы болсо айлыкта отурганы ачыкка чыгып, бул боюнча комиссия түзүлүп иш жүрүп жатканда эми мынтип «бажыгейт» дегени чыкты. Кыргызстандын аткаруу бийлиги алты айдан бери аткара албай жаткан ишти «Азаттыктын» журналисти алты саатта иликтеп-жиликтеп койду. Эми өкмөт бул тарапка көңүл бурбай койсоңор деле болот».

Документалдык негизде иликтөөдө ырасталган 250 миллион доллар жеке ишкер Айеркен Саймаити аттуу адам жана «Абдыраз» аттуу жоопкерчилиги чектелген коом аркылуу өлкөдөн чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Журналист: «Миллиондогон доллар акчаны сыртка которуп турган ал кандай эл тааныбаган мультимиллионер?» деген суроону койгон. Анын катталган дареги боюнча журналист Ошко чейин барып, бирок изин таппаганы белгиленген.

Иликтөөдө Айеркен Саймаити Кыргызстандан 7 жыл бою Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Германия, Британия, Швейцария, АКШ, Кытай, Латвия, Орусия, Голландия, Лихтенштейн, Гонконг жана Гана өлкөлөрүнө акча которуп турганы көрсөтүлгөн. Банк документтерине караганда, кээде бир нече жүз миң доллар болсо, айрым күндөрү бир нече миллион долларга чейин которулган.

Өкмөткө коюлган өктөм талап

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев өкмөт коомчулуктун бүйүрүн кызыткан иштер боюнча маалымат берүүдө кашаңдык кылып жатканын сынга алды:

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

«Коомчулук кызуу талкуулап жаткан буга окшогон жагдайларга өкмөт тараптан реакция кеч болуп, жооптор өз учурунда берилбей жатат. Коррупция менен күрөшүү, коомду анык маалымат менен камсыздоо өкмөттүн иши болушу керек эле. Бизди «бул маселени айтып чыккыла» деген талап болуп жатат. Биз айтабыз, маселе көтөрөбүз. Бирок чечимди өкмөт кабыл алат да. Ошол «өлкөдөн чыгарылып кетти» деген 700 млн. доллар кимдики экенин Финполиция аныктап чыктыбы? Бул эмне болгон акча экенине кызыгып жатасыздарбы? Коомчулукта болсо «бул акча бир эле үй-бүлөнүкү - тагыраагы Матраимовдордуку экен» деген сөз жүрүп, талкууланып жатат».

Ошол эле кезде парламенттин «Ата Мекен» фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов коомчулукта бир катар суроолор пайда болгонун айтып, өкмөт бажы тармагындагы көмүскө экономиканын көлөмү боюнча маселени иликтеп чыгып, жооп берүүгө милдеттүү экенин айтты.

Алмамбет Шыкмаматов парламент жайкы эс алууга таркаганга чейин өкмөт бул иштин жыйынтыгын чыгарышы керек экендигин белгиледи:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

«Бул «Азаттык» иликтеген маалыматка карата депутаттарды күтүп отура бербей, Башкы прокуратура, Финполиция, Финансылык чалгын кызматы, УКМК кандайдыр бир реакция кылбайсыңарбы? Биз макул, бул боюнча комиссия түзөлү. Анан эле жайкы эс алуу башталат. Анан күзгө чейин парламент эс алуудан кайтып келген учурду күтүп отура бересиңерби? «Азаттык» даяр материалды иликтеп берди. Статистикалык маалыматтар боюнча да биздеги көмүскө экономиканын көлөмү 150 млрд. сом экен. Муну мен ойлоп тапкан жокмун. Бажы аркылуу Кытайдан кирген товардын айырмасы 50 млрд. доллар экен. Ошону карап чыгып, маалымат бергиле».

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев буга чейин эле Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүнүн келип чыгышын иликтөө тапшырылганын айтып, анын жыйынтыктарын күтүп жатканын белгиледи:

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

«Мен «Азаттык» иликтеп, чыгарган маалымат менен таанышып чыктым. Кечээ мен бул боюнча Финансылык чалгындоо кызматы менен Финансылык полицияга кошумча тапшырма бердим. Азыр эми тастыктап чыгат. Мындан 3 күн мурун эле Бакирдин Дуулатовичке да тапшырма бергем. Анткени президент тарабынан мурда эле Матраимовдун мүлкүнүн келип чыгышын тастыктоо тапшырылган болчу. Бул ишти иликтөөнү тездетип, коомчулукка маалымат беришибиз зарыл экени айтылган».

«Баш айланткан миллиондор - базарчылардын акчасы»

Ошол эле кезде Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финполиция) төрагасы Бакир Таиров ыкчам алынган маалыматтар боюнча «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган 700 миллион доллар акчанын чоо-жайы териштирилгенин билдирди. Анын айтымында, сыртка чыгарылган ал миллиондор базарлардагы соодагерлердин акчасын чогултуп туруп чет өлкөлөргө товар алууга которулган каражаттардын топтому.

Бакир Таиров.
Бакир Таиров.

«Биз бул маалыматтарды алып, бардык жактардан тактап көрдүк, - деди ал. - Бул биздин «Дордой», «Мадина», «Кара-Суу» базарларында иштеген ишкерлердин импортко төлөгөн акчасы деген маалымат келип жатат. Анткени биз билген да ошондой фактылар бар. Анткени былтыр да текшерип көргөнбүз. Биздин маалымат боюнча ай сайын 3 млн. доллардан ашуун чоң суммадагы акча сыртка чыгып турат. Бизге Финансылык чагындоо кызматынан маалыматтар келип турат. Базарларда иштеген ишкерлер чогулутуп туруп, акча которуунун жолдорун таап алышкан. Мындай материалдар бизге көп эле келет. Ошол жерде 15-20 ишкер товар алыш үчүн топтогон акчасын чогулутуп туруп, товарларга акча которуп келишкен. Буга чейин 6 млрд. доллар боюнча да биз башка кызматта жүргөндө текшерип көргөнбүз. Ошондо да «Дордой», «Мадина» жана «Кара-Суу» базарларындагы ишкерлер сыртка которгон акча болуп чыккан».

Журналистти ынандырбаган жооп

Бирок анткен менен Кыргызстандан чыгарылган ал миллиондор бир жерден - Оштон которулганын айткан журналист Али Токтакунов Финансы полициясынын жетекчисинин парламентте берген бул маалыматын логикага сыйбаган катачылык же жаңылыштык катары баалады:

«Биздин иликтөөдө табылган каражаттар Оштогу банктар аркылуу сыртка чыгарылган. Анан бул жерде логикалык бир суроо жаралат. Бул жерде ал ишкерлер «Мадина» менен «Дордойдон» акча иштеп табышса, анан накталай акчаны көтөрүп алып Ошко барып, ал жактагы банктар аркылуу чет өлкөгө салат беле? Бишкектеги банктардан эле салбайбы? Ушундай күмөндүү суроо. Экинчиси - Финполициянын жетекчиси «ай сайын 3 млн. доллар акча сыртка чыгып турат» деди. Биздин колдогу мөөр басылган чыныгы документтер боюнча кээ бирде күнүнө 3 млн. доллар, күнүнө 2 млн. доллар, күнүнө бир нече жүз миңдеген доллар акча сыртка чыгарылып турган».

Марытып жүргөн «март достор» өзү кимдики?

Ошол эле кезде саясат талдоочулар «сыртка чыгарылып кетти» деп айтылган миллиондордун маселеси Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун ысымы менен байланыштырылганы коомчулукта бүйүр кызытканын белгилешти. Саясий серепчи Алмазбек Акматалиев бул иликтөөдөгү ысымдар жарандык активист Эдил Байсаловдун мындан бир жыл мурунку «Атамбаевдин 11 досу» деген иликтөөсүндөгү ысымдар менен окшош чыкканын билдирди. Анда Байсалов экс-президент дайыма чет элдик достору катары эске салган бир топ ысымдарды атаган болчу.

Алмазбек Акматалиев сыртка чыгарылган акчанын баары бир үй-бүлөгө таандык дегенге кошула албасын айтып, бирок Исмаил Матраимов фондуна ал жактан акча которулган жагдай суроо жарата турганын белгиледи:

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

«Эдил Байсалов аны былтыр 4-апрелде чыгарган экен. Ал жерде дагы «Азаттык» иликтеген адамдардын ысымдары жүрбөйбү. Дээрлик бардыгы жүрөт. Социалдык тармактарда да бирөө «Атамбаевдин достору кандайча Матраимовдун досторуна айланып калды?» деп суроо коюптур. Албетте, бул жерде маалымат күрөшү жүрүп жатат. Бирок канткен күндө да 700 млн. доллардын баарын Матраимовдорго ыйгарып коюш туура эмес. Себеби бул баягы эле рыноктук механизмдер. Сырттан товар келет, сомго сатылат, сом анан долларга айырбашталып, кайра сыртка которулат. Ага кайра товар алынат. Жети жылдын ичинде андан да көп суммадагы акча жүгүртүлөт. Бирок маселе анда эмес. Маселе бул жерде сыртка акча которгон тараптан ошол 2 млн. 300 миң доллар Исмаил Матраимов фондуна жана «Ерем» спорт клубуна келип түшкөн акча. Эми муну билсе ошол фонддун жетекчилери, банк же акчаны салган тарап гана билмек».

Үч баскычтуу бажы көзөмөлү

Кыргызстандан чет өлкөлөргө которулган миллиондор тууралуу иликтөө коомчулукта кызуу талкууланып жаткан шартта президент Сооронбай Жээнбеков Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдүн сырткы чек арасында үч баскычтуу бажы көзөмөлүн киргизүүнү сунуш кылды. Президенттин бул сунушу коңшулаш казак бийлигинин «Кыргызстан чек арасында аткезчиликти тыйбай жатат» деген дооматына жооп болду. Кыргыз президентинин бул сунушун Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев да колдогон. Анын айтымында, ЕАЭБде жалпы бажы тутумун тартипке салуу орчундуу маселе бойдон калууда.

Жергиликтүү эксперт Максат Мамытканов үч катар көзөмөлдү чек аралардагы бажы көзөмөлүн электрондоштурганга чейинки аргасыз чара катары мүнөздөдү:

Максат Мамытканов.
Максат Мамытканов.

«ЕАЭБдин талаптарына ылайык, бажы бекеттерин модернизациялоо деген электрондук видео көзөмөлдөр менен жабдуу. Ал ишке кирсе биримдиктеги бардык өлкөлөр көрүп турат. Биз ага өткөнчө бир жарым жылдай убакыт бар деп ойлойм. Ошого чейин казак, орус мамлекеттери бизге ишенбей жатпайбы. Ошондуктан президент «анда келип текшергиле, баарыңар отургула» деп сунуш кылды».

Ал эми башка бир эксперт-экономист Мейманбек Абдылдаев сунушталган үч сыйра көзөмөл формалдуу байкоого алууга гана өбөлгө түзөрүн айтып, бул ыкма бажыдагы аткезчиликти токтото алаарынан күмөн санады. Анын айтымында, аткезчилик көмүскө эл аралык байланыштарды ичине камтыйт.

Мейманбек Абдылдаев.
Мейманбек Абдылдаев.

«Үчпү же төрт көзөмөлбү, баары бир пайда чыкпайт, - деди ал. - Бири-бирине байланышкан үч өлкөдө тең коррупция бар. Казакстанда, Орусияда коррупция терең орун алган. Эми мамлекет башчылары эл көзүнө айтып коё берет. Мен аткезчиликке каршы чек араларда үч баскычтуу көзөмөлдү киргизүүнүн натыйжасын көрө албадым».

Араб өлкөлөрү менен Ирандын ортосундагы чыңалуу

Ал арада дүйнөдө Иран менен араб өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара мамиле кайрадан чыңала баштаганы Меккеде болуп өткөн саммит учурунда айтылды. Сауд Арабиясынын падышасы Салман бин Абдел Азиз «Иран өзөктүк куралды, ракета программаларын өнүктүрүү менен чөлкөмдү жана глобалдык коопсуздукка коркунуч келтирип жатат» деп сынга алды. Салман ошондой эле Ирандын кыянатчылыгын токтотууга чара көрүлбөй жатканын белгилеген:

Салман бин Абдел.
Салман бин Абдел.

«Иран режиминин чөлкөмдөгү кыянат аракеттерине тоскоол болчу так жана чечкиндүү чаралардын жоктугу биз бүгүн көрүп турган чыңалууга алып келди. Эл аралык коомчулукту тынчтыкка жана коопсуздукка карата коркунучтун алдын алуу, Иран режиминин башка өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишүүсүн токтотуу үчүн колдон келишинче чара көрүүгө чакырам».

Меккеде болуп өткөн саммитте Перс булуңундагы Өлкөлөрдүн Кызматташтык Кеңешинин жана Араб Лигасынын мүчөлөрү Сауд Арабиясы менен Бириккен Араб Эмираттарынын өз кызыкчылыктарын коргоо укугун колдоп чыгышты. Анткен менен Иран менен кошуна турган Ирак бул коммюникеге каршы чыкты. Ирактын лидери АКШ менен Ирандын ортосунда ортомчу болууну да сунуш кылды. Ирактын президенти Бахрам Салих Ирандагы туруктуулук чөлкөмдөгү бардык мусулман мамлекеттеринин кызыкчылыгына төп келерин айтты.

Ал эми Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф Тегеран Перс булуңундагы бардык кошуналар менен тең салмактуу мамиле түзүүгө ынтызар экенин билдирген:

Жавад Зариф.
Жавад Зариф.

«Иран Ислам Республикасы чөлкөмдөгү өлкөлөр менен диалог жана кызматташтык жөнүндө бир нече сунуш киргизген. Ошондой сунуштардын биринде коңшу мамлекеттер менен чабуул койбоо тууралуу келишимге кол коюу каралган. Ал сунуш дагы эле күчүндө турат».

Буга чейин Оман деңизинде төрт кеме, анын ичинде Саудиянын эки мунай танкери «диверсиялык чабуулга» кабылганы, падышалыктын мунай чыккан Янбу шаарына сокку уруу аракети болгону тууралуу кабарланган. Курамына АКШ кирген беш өлкөнүн эксперттеринен турган иликтөө тобу ал окуяны изилдеп жатат. АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон бир нече күн мурун ал мунай танкерлерине жасалган чабуулдун артында Иран турары «дээрлик анык» деп билдирген болчу. Араб мамлекеттери менен Ирандын ортосунда мамиле бузулуп, каршылашууга жана чыңалууга алып келген учурлар буга чейин да болгон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG