Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Астрологдор: Ажыдаар жылы өзгөчө болот


Чыгыш жыл санагы боюнча келе жаткан 2012-жыл Кара Ажыдаар жылы. Астрологдор Ажыдаар жылы өзгөчө жыл болот дешет. Жаңы жылдан эмнелерди күтүүгө болот, эмне тамак коюп, кандай кийим кийген орундуу?

Чыгыш жыл санагы катары Кытайдын мисалын алып жүрүшөт. Ага ылайык кирип келген 2012-жыл Кара Ажыдаар жылы экен. Ал эми кыргызда – Балык жылы деп аталарын коомдук ишмер Дастан Сарыгулов “Азаттыкка” айтып берди:

- Ажыдаарды кыргыз улуу деп айткан. Ошон үчүн кытайдан кыргызга которулган улуу жыл. Негизи кыргыздардын жыл санагы боюнча келе жаткан 2012-жыл Балык жылы болуп саналат.

Жаңы жылды кандай тосконуңа жараша бүт жылдын маанайы аныкталат деген кеп бар. Андыктан Кара Ажыдаар же Балык жылын ачык маанай, жакшы тилектер менен, үй-бүлөнүн кашында бийлеп, оюн-зоок менен тосуу керек.

Ажыдаар көк асманда жүргөн жандык болгондуктан астрологдор жаңы 2012-жылды ачык мейкиндикте тосууну сунушташат. Ошондой эле бул жандыктын табити өтө күчтүү келгендиктен, жаңы жылдык дасторкон да дүр-дүйүмгө толуп турганы орундуу дейт "Астрон" борборунун астрологу Андрей Рязанцев:

- Майрамдык дасторкон ар түрдүү тамактарга толо болуш керек. Ажыдаар негизинен эттүү тамактарды жактырат. Андыктан салаттарды жана башка тамак-аштарды эт менен жасаганга аракеттениш керек. Ошондой эле сөзсүз түрдө жаңы жылдык дасторкондо балыктын түрү болуш керек. Эгерде форель, же башка кымбат балык алганга каражат жетпесе, арзаныраак балыктар менен кызыктуу ар кандай салаттарды, тамак-аштарды жасаса болот.

Жаңы жылды ким болбосун колдон келсе жаңы, көз жоосун алган кийими менен тосконго аракеттенет. Ажыдаар жылында кара, жашыл, сары түстөгү же жалтырак кийимдерди кийүүнү астролог сунуш кылууда:

- Кара Ажыдаар жылын тосуп аткандан кийин майрамдык кийимде сөзсүз кара түс болуш керек. Мисалы, ачык кызыл, ачык сары, же жашыл көйнөк кийип, кара моюн орогуч, кара кур, же кара галстук тагынса жакшы жарашат. Ал эми бул күнү кара көйнөк алтын, же күмүш түстүү жалтырагы менен болсо идеалдуу болот.

Уламыштарда ажыдаар адатта асыл заттарды жана казыналарды кайтарган жаныбар деп айтылгандыктан бул түнү колдон келсе, айымдар алтын, күмүш, ар кыл таштагы шуру, сөйкөлөрдү тагынса жакшы болот дегендер да бар.

Ал эми Бишкек шаарынын тургундары жаңы жылдан эмнени күтөт болду экен?

Сарымсакова Анара: Жаңы жылда элибизде тынчтык болсун, бири-бирин түшүнүп, башчыбыз акжолтой, акылдуу болсун.

Гүлжамал: Жаңы жылды Ысык-Көлгө барып, үй-бүлөбүз менен тособуз. Жаңы жылда окууларыбызды жакшы бүтүп, каалган кесибибиз менен иштесек дейбиз. Элге тынчтык, токчулук каалайбыз.

Бугубаев: 82ге чыгып, 83тү көздөй кетип атам. Жаңы жылда элге ыйман каалайм. Жаңы жылда жаңы эл, жаңы жоопкерчиликтер келсин.

Шералиева Равия: Жаңы жылды балдарым, неберелерим менен тосом. Тынчтык заман башталды. Жаңы жылда элде ден соолук, тынчтык болсун, акчалары көп болсун. Пенсионерлер карылыгын жакшы өткөрсүн, жаштарыбыз тартиптүү болсун.

Кыргыз жыл санагын түзүүчү Дастан Сарыгулов Балык жылында улуттук касиеттер ойгонуп, өнүгүү жолуна түшөт деп төлгө салды. Ал эми аба ырайында болсо кескин өзгөрүүлөр болушу мүмкүн дейт:

- Аба ырайы жагынан абдан татаал жыл болот. 28 миң жылда бир жолу күн системасы биздин галактиканын магниттик экваторун түндүктөн түштүккө карай тешип өтөт. Бул эмдиги жылдын декабр айына туш келет. Ошондуктан аба ырайында кандайдыр жагымсыз, опурталдуу табигый көрүнүштөр болуп кетиши мүмкүн. Мүмкүн кургакчылык болот.

Парапсихолог, эниоинженерлер академиясынын академиги Лариса Асанбекованын айтымында, Кара Ажыдаар жылынан тарта жаңы доор башталат:

- 2012-жыл өзгөчө жыл. Келип жүргөн жаңы жылдардан өзгөчөлүгү биз бир доордон экинчи доорго өтүп жаткан мезгил. Темир доор деп аталган доор бүтүп, алтын доор деп аталган доорго өтүп жатабыз. Бул келе жаткан доордо жакшылыктын жылдары болот, сүйүүнүн доору. Мындайча айтканда жердеги бейиш башталат деген сөз. Бул жылдары төрөлгөн балдар абдан акылдуу, гармониядагы балдар болот. Келе жаткан жаңы жылыбыз кут болсун. Ар бир адамдын жан дүйнөсүндө аруулук болсун, жүрөгүндө ыйман болсун, жакшылыктарды алып келген жылдардан болсун.

Койон жылын узатып, ал эми Ажыдаарды тосуп алууда "ийгиликти куйругунан кармап", жыл бою койо бербегенге аракеттенсе, адамга чыныгы ийгилик келет дешет. Андыктан келе жаткан жаңы жылда жаңы ийгиликтер болсун.

XS
SM
MD
LG