Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:30

Төкмө акын жол кырсыгынан көз жумду


Акжолтой Канат уулу, 19-август, 2013-жыл. "Макал Арт" студиясынын сүрөтү.
Акжолтой Канат уулу, 19-август, 2013-жыл. "Макал Арт" студиясынын сүрөтү.

Төкмө акын Майра Керим кызынын уулу, жаш төкмө акын, актёр Акжолтой Канат уулу 26 жашында жол кырсыгында каза тапты. 11-ноябрга караган түнү Кочкорго бараткан жеңил машине жүк ташуучу машине менен кагышып, төрт киши каза болду.

Төкмө акын Акжолтой Канат уулу республикалык айтыштардын биринде сахнадагы өнөктөшү Баян Акматов менен айтышып жатканда апасынын каза болушу менен уурдалган балалыгы тууралуу мындайча кеп салган экен.

“Ар кыл түрлүү маскага бетин боёп,
Азирейл акыры чечим коёт.
Аселдей балалыгым дал бир кезде,
Апакем алып кеткен кепинге ороп...”

-деп андан ары акын апасына болгон кусалыгын баяндаган.

Энесинен калган домбраны аздек тутуп, кыргыз-казак кайрыгы менен өз күйөрмандарын тапкан ырчы Акжолтой Канат уулу буга чейин бир нече республикалык айтыштарга катышып келген.

Сахнада өнөк, жай турмушта бири-бирине жөлөк болуп келген досу Баян Акматов капилет жоготуп алган теңтушу тууралуу буларды айтып жашыды.

- Мен Акжолтой менен бала кезден таанышмын. Ал апасын ээрчип жүргөн кезден бери бири-бирибизди билебиз. Майра эжебиз сыркоолоп калып, ооруканага жакын болсун деп өмүрүнүн акыркы күндөрүн искусство институтунун жатаканасында өткөргөн. Ошондо Акжолтой атасы Канат байке менен ал жерге көп келип, Майра апабызды карап калды. Акжолтой анда топмойгон, кичинекей бала эле. Мен искусство институтунда 1-курста окучумун. Акжолтой экөөбүз ошол күндөн бери айтышып өстүк. Мени төкмөлүк жолго Акжолтой алып келген. Себеби мен ал кезде "Айтыш" коомдук фонду бар экенин билчү деле эмесмин. Ал мени акындардын тобуна "адегенде көр, кийин өзүң эле айтышка чыгып кетесиң" деп ээрчитип барган.

Баян буга улай курдашын ыр менен мындайча жоктоду.

please wait

No media source currently available

0:00 0:01:16 0:00
Түз линк



Акжолтой ата-энесинин жалгыз уулу болчу, эки ай мурун үйлөнгөн. Жол кырсыгында каза болгон төрт кишинин бири Акжолтойдун келинчеги эле.

Азиз Батыров (солдо) жана Акжолтой Канат уулу. "Макал Арт" студиясынын сүрөтү.
Азиз Батыров (солдо) жана Акжолтой Канат уулу. "Макал Арт" студиясынын сүрөтү.

Ырчы Азиз Батыров Акжолтой Канатбек уулу менен бала кезинен баштап эле чыгармачылык байланышта болгонун айтып, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде Акжолтой актёрлукта, өзү музыкалык факультетте окуганын эскерип, курдашын жоктогон ырын окуду.

- Апасын жоготкондон кийин эне тууралуу көп ырдай берчү. Апасы тууралуу көп жакшы сөздөрдү айтып, ичи толо кайгы-муң болчу. Биз анын ырларын угуп отуруп ыйлап да жиберээр элек. Жакындан билбегендер аны дайыма шайыр, элге шаң тартуулаган бала деп ойлосо керек. Жакын адамдары калганда ал апасын сагынып жүргөнүн айтар эле...

Армандуу жашты төгөмбү, досум,
Азабың тартып өтөмбү, досум.
Алтындай болгон акыным сени,
Ай тийбес жерге бердимби, досум.

Күйүттүү жашты төгөмбү, досум,
Күйүтүң тартып өтөмбү, досум.
Күлгүндөй болгон кубатым сени
Күн тийбес жерге беремби, дос
ум.

Кыргыз эл артисти Элмирбек Иманалиев капысынан каза болгон шакирттеринин бири тууралуу эмне айтарын билбей калтаарып турду.

- Төкмө акындыктын көчүн улаган жаштардын катары көбөйгөнүнө элибиз да, анын ичинде бул өнөрдү аркалап жүргөн улуу муундагылар да сүйүнүп турган чакта жаш муундардын арасында өзүн көрсөтө алган Акжолтой Канат уулунун мезгилсиз дүйнөдөн өткөнү баарыбыздын жүрөгүбүздү тилип кетти. Биздин эсибизде ал улуу акын Майра Керим кызындай эле өчпөй калат деп айта алам.

Кочкор райондук милициясы кабарлагандай, кырсык тууралуу маалымат 11-ноябрь күнү саат 00:45 чамасында түшкөн.

Окуя болгон жере барган ыкчам тергөө тобу “Субару Импреза” менен “КамАЗ” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа кагышканын аныкташкан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык, соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши башталганы маалымдалды.

Тартип коргоочулардын маалыматына караганда, кырсыкка учураган машинени ырчы Жоомарт Алмазбеков айдап бараткан. Каза болгон төртөө тең өнөр дүйнөсүндө жүргөн адамдар, жүргүнчүлөрдүн бирөө комада жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG