Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Тез жардам унаасыз калды


Бишкекте тез жардам унаасын милиция кызматкерлери сүзгөн кырсык катталды. Натыйжада тез жардам кызматкерлеринин мээси чайкалып, шаардагы жалгыз гинекологиялык бригада унаасыз калды.

6-январь күнү кечке маал шаардык гинекологиялык тез жардам бөлүмүнүн атайын бригадасы чакыруу боюнча Көк-Жар жаңы конушуна бет алат. Даректи тактоо максатында тез жардам унаасы Медеров жана Алматы көчөлөрүнүн кесилишине токтогон маалда, "Мерседес" үлгүсүндөгү унаа артынан келип сүзөт.

Тез жардам унаасында гинекология бөлмүнүн эки адиси жана айдоочу болгон. Окуяны акушер-гинеколог Тургунаалы кызы Гулира мындайча сүрөттөп берди:

- Биздин машиненин ичи түтөп кетти. Айдоочу “кыздар чыккыла” деп чуркап чыкты. Сыртка чыгаар замат карасам фельдшердин мурду канап кетиптир. Вата, бинт алып чынып фельдшердин канын токтото баштадым. Ошол маалда артымды карасам бутунда араң турган милиция формасын кийген эки киши биздин айдоочу менен сүйлөшүп жатыптыр.

Кыргызстанда жол кырсыгы көбөйдү
Гулира айымдын айтымында, милиция кызматкерлери бул кырсык тууралуу арыз жазбоого жана ошол эле жерден бүтүрүүнү сунуштап, кекеткенге чейин барышкан.

- Жумушту ушул жерден бүтүрөлү, эч жакка кетпегиле дешти. Алар "биз баратсак жолдон бала чуркап чыга калды, биз дароо тормуз тээп, арт жагыбыз менен барып бакты сүзүп алдык" деп айткыла дейт. "Эч кимге айтпагыла да, эч кимди чакырбагыла. МАИ келгиче өзүнчө бүтүрүп салалы" дешти.

Тез жардам көрсөтүүгө шашып бараткан гинекологиялык бригаданын өздөрүнө тез жардам чакыртылып, кырсыктан эки дарыгер жана айдоочу кыйла жабыр тарткандыгы аныкталган.

Маалыматка ылайык, дарыгерлерди сүзгөн "Мерседесте" төрт кишинин үчөө милиция формасын кийген адамдар болгон. Шаардык жол кыймылы коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Ыманаалы Саркулов дарыгерлерди сүзгөндөр МАИ кызматкерлери баргыча качып кеткендиктен бул жол кырсыгына шектүү адамдардын ысымдары белгисиз болгонун билдирди:

- МАИ келгиче тигил "Мерседестегилер" унаасын таштай качып кетишкен. Айдоочу ким, жүргүнчүлөр ким болгону аныктала элек.

Ыманаалы Саркуловдун билдиришинче, бул окуяны иликтөөгө ички иштер министри өзү тапшырма берди жана ИИМдин өздүк коопсуздук кызматы шектүүлөрдү учурда издеп жатышат.

Адистер милиция кызматкери себепкер болгон ушул өңдүү окуялар буга чейин деле болуп келгенин айтып, мунун себеби алардын үстүнөн көзөмөл өтө чабал болгондугу менен түшүндүрүшүүдө.

Көп жылдар бою МАИ тармагында иштеп кеткен Касымбек Раимкул уулу башкаруу системасы өзгөрүлмөйүн мындай көрүнүштөн арылуу мүмкүн эмес деген пикирде.

- Мындай окуялар мурдатан бери эле болуп келатат. Адамды коюп кетип өлтүргөн милиция кызматкерлерин деле кесип, кайра кийин кызматка алган фактылар да бар. Бул эми баягы эски системанын сакталып келатканы да. Жаңы жетекчилер да эскиче иштеп атат.

Кырсыкка учураган тез жардам бригадасы гинекологиялык кайрылуулар боюнча шаарда жападан жалгыз бөлүм болуп эсептелип, аларга орточо эсеп менен күнүнө 15-20 кайрылуу болуп турат. Ошентип керек болсо жолдо баратып төрөт да кабыл алууга ылайыкташтырылган бирден бир тез жардам унаасы кырсыктан кийин жарактан чыгып калды.

XS
SM
MD
LG