Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:13

Ок аткан жетекчини соттогу досу куткарды


Окуя ушул иш бөлмөдө болгон
Окуя ушул иш бөлмөдө болгон

Өз кызматкерин травматикалык тапанча менен атып салган Базар-Коргон райондук мамкаттоо башкармалыгынын мурдагы жетекчиси жоопко тартылбай калды.

Жабырлануучу Таалайбек Исаев ага ок чыгарган Эмил Тарыхчиевди анын сотто иштеген досу актап жибергенин айтууда. Айыпталуучу тарап мындай дооматтарды четке какты.

Ок чыгарууга чейин жеткен жаңжалды Базар-Коргон райондук сотунун судьясы Данияр Багышев караган.

Чырдын чыгышы

Жабырлануучу Таалайбек Исаевдин айтымында, ал айыпталуучу Эмил Тарыхчиев менен тааныш болгондуктан соттолуучуну толугу менен актап жиберген:

- Базар-Коргон райондук сотунун төрагасы, судья Данияр Багышов Тарыхчиевдин эң жакын досу болчу. Бири-бири менен аябай жакшы катташчу, жамандык-жакшылыктарына барышчу. Ошого башында сотту алмаштыралы десем, жактоочум “бул киши акыйкат карайт” дегенинен ишенип калдым эле. Бирок аягы келип, Эмил Тарыхчиевди актап, бейкүнөө адам деп чечим чыгарып, толугу менен актап салды. Биздин көрсөтмөлөрдү, күбөлөрдүн айткандарын эске алган жок. Мен эмнеге мындай чечим кабыл алганын сурасам, “мен каалагандай чечим кабыл алам, каалаган жериңе барып арыздан” деп чыгарып койду. Ошентип, болбогон маселенин айынан мени өлтүрүүгө аракет кылган адам азыр эркиндикте жүрөт.

Таалайбек Исаев
Таалайбек Исаев

Маалым болгондой, окуя мындан төрт ай мурда, өткөн жылдын 13-ноябрында орун алган. Иш учурунда чыккан талаштан улам Базар-Коргон райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынын ошол кездеги жетекчиси Эмил Тарыхчиев өзүнүн кол алдында иштеген бөлүм башчысы Таалайбек Исаевди травматикалык тапанча менен төрт жолу атып салган. Ок жабырлануучунун башын жарып, кулагы менен колун айрып кеткен.

Окуя боюнча дароо кылмыш иши козголуп, сотко өткөн эле.

Таалайбек Исаевдин айтымында, ал эс-учун жоготуп, ооруканага жөнөтүлгөндө Тарыхчиев окуя болгон жерди жууп, далилдерди жашырып салган. Натыйжада тергөөдө да далилдер аздык кылган. Ошондо да денеге келтирилген жарааттарды сот эске алган жок дейт Исаев.

- Бир жердин документтери боюнча экөөбүз талашып кеткенибизде, ал мени оозго алгыс сөздөр менен сөгүп салган. Анан мен да ага кыйкыргам. Бир убакта мени уруп жиберди эле, мен да аны түрттүм. Ошол маалда ал чөнтөгүнөн травматикалык тапанчасын алып чыгып атканда ок башыма, кулагыма, колго тийген, мен эс-учумду жоготуп, жыгылып түшкөм. Ооруканага кеткенимде Тарыхчиев кан болгон жерди жууп, далилдерди жашырып салган. Натыйжада тергөөдө да далилдер аздык кылган. Ошондо да денеге келтирилген жарааттарды сот эске алган жок. Сот жакында иштен кетет экен, ошого мен кеткенден кийин жоопко тартылбай калам деп, коркпой туруп ушул ишке барды. Эми булар Тарыхчиевди облустук сотто да ошентип актап чыгарабы деп корком.

Базар-Коргон райондук сотунун судьясы Данияр Багышов болгон далилдерге таянуу менен чечим кабыл алганын айтууда:

- Эми алардын нааразы болуп жатканын түшүнбөйм, ал чечимге Тарыхчиев деле нааразы болуп жатат. Прокурор деле макул болгон жок. Мен болгон далилдерди эске алуу менен, чечимди мыйзамдын чегинде чыгардым. Өкүмдү Таалайдын өзүнө, анын жактоочусунун колуна бергенбиз. Алар андан кийин нааразы болуп, апелляциялык арыз жазды эле, ишти биз Жалал-Абад облустук сотуна өткөрүп бердик. Эми калганын ошолор чечет. Мен чыгарган өкүм күчүнө кирген жок, облустук сот кабыл алгандан кийин гана күчүнө кирет.

Сот “мен каалагандай чечим кабыл алам, каалаган жериңе барып арыздан” деп чыгарып койду. Ошентип, болбогон маселенин айынан мени өлтүрүүгө аракет кылган адам азыр эркиндикте жүрөт.
Таалай Исаев

Ал эми кылмышка шектелип жаткан Эмил Тарыхчиев сот иши жүрүп жатканына байланыштуу кененирээк комментарий берүүгө макул болбоду:

- Мага бир беренени туура эмес коюп алышкан эле, ал боюнча мен акталдым. Бир берене менен иш кыскартылды. Сот бүтө элек, ошого бул жерде бир нерсе дей албайм. Азыр ашыкча бир комментарий берип койсом, бирөөлөрдүн ачуусуна тийип албайын. Өзүм да маек бергим келген жок.

Бирок Тарыхчиев буга чейин “Азаттыкка” курган маегинде ал окуяны кокустук катары баалап, жабырлануучу өзүн-өзү атып алган деп билдирген болчу.

"Ок жегеним аз келгенсип иштен да бошотушту"

Учурда Таалай Исаевдин кулагы укпай калган. Башы да күн бузулганда ооруйт экен. "Какаганга муштаган" болуп, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги аны жумушунан да бошотуп жибергенин айтты:

- Мен ок жеп, чалажан болуп жүрсөм, азыркы мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев өзү жеке барып, колдоо айткандын ордуна кайра мени чогулушта кемсинтип келген. Ал жеке өзү кызыкдар болуп, мени кызматтан кетирип жиберди. Кызматтан кетирип жаткандар түздөн түз “Сарпашевдин буйругу менен кетип атасың” деп ачык айтышты. А берки Тарыхчиев мени атып жибергенде жаныбызда Алмаз Султаналиев деген бар эле, аны да уюштуруп, менин үстүмдөн арыз жаздырып атышат. Кыскасы “уурусу күч болсо ээсин жыгат” дегендей болду. Жабыр тарткан мен, иштен кеткен да мен. Мени атып салган киши тескерисинче каалаганын кылып жүрөт.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги болсо окуянын айыпкери менен жабырлануучусу экөө тең кызматтан бошотулганын айтып, бул мыйзам ченемдүү болгонун түшүндүрүүдө. Мекеменин маалымат катчысы Мелис Эржигитов:

- Бул чыр боюнча кызматтык иликтөө болгон. Кылдат териштирүү жүргүзгөндө экөөн тең ишмердүүлүгүндө абдан чоң катачылыктар, кемчиликтер, мыйзам бузуулар болгондугу аныкталган. Ошонун негизинде экөө тең мыйзамдуу түрдө бошотулган. Бул иштерге Тайырбек Сарпашевдин эч кандай тиешеси жок.

Жогорудагы окуя боюнча Базар-Коргон райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренелерине ылайык иш козгогон. Жалал-Абад облустук сотунда процесс качан каралары белгисиз.

Базар-Коргон райондук Мамкаттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Эмил Тарыхчиев бул кызматты 1999-жылдан бери жетектеп келген. Өткөн парламенттик шайлоодо КСДПнын аймактагы штаб жетекчиси болуп иштеген. Ага тиешелүү кылмыш иштин бир жактуу болбой жатышын айрымдар ушул нерсе менен да байланыштырат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG