Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

ВИЧ-СПИД: өгөйлөнгөн бейтаптар


ВИЧ, кургак учукка чалдыккандардын акциясы. Украина
ВИЧ, кургак учукка чалдыккандардын акциясы. Украина

Кыргызстанда ВИЧ - СПИД илдетине чалдыккандар дарыгерлердин өгөй мамилесине ыза болушат.

27 жаштагы ысымы өзгөртүлгөн Назар ВИЧке кабылганын Москвада иштеп жүрүп, келгенден кийин билген. Качан, кантип жугузуп алганын эстей албайт. Жыныстык жол менен жугушу мүмкүн деп гана божомолдойт. Айыккыс дарт тооруганын билгенден бери анын маанайы пас.

- Биринчи жолу укканда ишенген эмесмин. Түшүм го дегем. Жан дүйнөм аңтар-теңтер боло түштү. Жашоого болгон үмүтүм өчтү. Кыйналбай өлүп калайын десең, жан таттуу. Айла жок, жашагың келет экен.

Назар учурда тиешелүү дарыны ичип жатканы менен улам бир оорусу козголуп, кыйналууда. Буга кошул-ташыл дарыгерлердин мамилесине капа. Айрым ак халатчандар дарты тууралуу укканда эле андан жаа бою качып жатканына кейиди.

- Онкология борборуна барууга туура келди. Себеби, ВИЧтен улам без чочуп баштады. Ачык айтсам, кээ бир врачтар чочулап, бул жактан карай албайбыз дешти. Айтор, балээ көргөндөй эле мамиле кылышууда. Өзүм ошондой кабыл алдым.

Аталган оорукананын башкы дарыгери Бакыт Шайымбетов Назардын муңун уккандан кийин дарыгерлерге эскертүү бергенин билдирди:

- Бул бейтап без чочуп жатканын айтып, кайрылган экен. ВИЧ менен жабыркагандарга шарт жок деген туура эмес. Дарыгерлерге мындай учурларда олуттуу мамиле жасалышы керектигин эскерттим.

ВИЧ-инфекциясын алып жүргөндөр бөтөн жайда дарыланышы керек деген эреже жок экенин шаардык СПИД борборунун дарыгери Жаңыл Жаанбаева да белгиледи:

- Врачтардын ВИЧке чалдыкканы үчүн бейтапты карабай койгону туура эмес. Алар кайсы гана мамлекеттик бейтапкана болбосун жардам алганга укуктуу. Ансыз деле адам кайгырып жүрсө, догдурлар жанагындай мамиле жасаганы туура эмес. Бул психологиялык кысым да.

Дарыгердин пикиринде, оор илдетке чалдыгып, айласы куруп турган бейтаптарга колдоо көрсөтүү ар бир дарыгердин милдети. Ошол эле учурда адам өзү дагы абайлап жүрүшү кажет. Тилекке каршы, өзүндөгү илдетти кенебестик айынан жакындарына жугузгандар да бар. Илдетке чалдыккандардын көбү чет жерде иштеп келген мигранттар дейт Жаңыл Жаанбаева:

- Буга чейин маңзат колдонгондор ийне аркылуу оору жугузганы айтылчу эле. Акыркы жылдары жыныстык катнаш аркылуу ВИЧ жуктуруп алгандардын саны көбөйүүдө. Бул маселе өтө актуалдуу. Айрыкча чет жакта иштеп келгендер жубайына же жакындарына жуктуруп жатпайбы .

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда ВИЧ илдети менен 6 миңге жакын киши катталган. Адистердин айтымында, алардын саны мындан бир нече эсе көп болушу ыктымал.

XS
SM
MD
LG