Линктер

шейшемби, 22-январь, 2019 Бишкек убактысы 16:17

"Айтматовдун чыгармалары мени тарбиялады"


"Делбирим" спектаклинен бир көрүнүш.

"Мен билген Айтматов" сынагына 9-класстын окуучусу Нургүл Адис кызынан келген макаланы сунуштайбыз.

Кичине кезимде "Чыпалак бала" аттуу жомокту абдан жакшы көрчүмүн. "Окуп берчи" деп үй-бүлөмдөгү улуулардын жанын койчу эмес экенмин. Күндө жок дебесе бирөөнү окутууга же айтып берүүгө мажбур кылчумун. Мектепке барып, тамга таанып калганда да беш-алты ирет окусам да тажачу эмесмин. Мектеп программасында да өттүк. Бирок ал кезде кичине белем, айтор авторуна деле көңүл бурбаптырмын.

5-классымда Чыңгыз Айтматовдун "Бугу эне" чыгармасын өтүп жатып, жазуучунун кыскача берилген өмүр баянында "балдар үчүн жазылган "Чыпалак бала" жомогу" деген сүйлөм назарымды бурду. Ошол учурдан баштап кичине кезимден тарта сүйүп окуган чыгармамдын автору менин сүйүктүү жазуучума айланды.

Ар бир чыгармасын калтырбай, "Ии, эми эмне болот?", "Жакшы аяктаса экен" деген ойлордун курчоосунда эртерээк этегине чейин окуй калсам экен деп толкундануу менен аяктачумун.

Кээ бир каармандарга (Сейдеге, Толгонайга, Алиманга ж.б.) боорум ачып, аларды аясам, кээ бирлеринин (Орозкулдун, Ысмайылдын ж.б.) иш-аракеттери кыжырымды келтирчү. Жамилия менен кошо кубанып, Султанмурат менен бирге кайгырып, Алтынай менен чогуу ыйлачумун. Ар бир чыгармасы башка дүйнөгө жетелечү. Бардык чыгармасы бири-биринен айырмаланып, өзгөчө сүрөткердик менен жазылган. Китепте жазылган чыгармасынын ар бирин окуп жатканда, көз алдыңда болуп жаткан окуянын картинасы элестейт.

Эмесе, кийинки сөз менин жүрөгүмө жакын чыгармалар жөнүндө болсун.
Мен абдан таасирленип окуган биринчи чыгарма да, биринчи көргөн тасма да - "Ак кеме". Өзгөчө кичинекей Нургазынын шарты жок болсо да, окууга болгон дилгирлиги мага таасир тийгизди, мени катуу ойго салды. Ошондо гана "менде окууга бардык шарттар түзүлгөн, эми мындан да жакшы окуп, көп ийгиликтерди жаратам" деп өзүмө өзүм сөз бергем. Азыр да өзүмө берген убадама туруп, китептен баш көтөрбөй, ар бир предметке кызыгуу менен көңүл бурам. Бул чыгарманын жана кинонун мага тийгизген биринчи таасири.

Ал эми экинчиси – адамгерчилик. Адамдын адам экендигин айгинелеп турган бул сапатка бардыгы эле татыктуу боло бербейт. Орозкулга окшогондор бул сапатты алып жүрүшпөйт. Аялзатын сыйлабай аялын урган, өзүнөн эки эсе улуу адамды улуу киши катары болбосо да, кайнатасы катары сыйлабаган, ал тургай адам катарында көрбөгөн адам кантип адамгерчиликтүү болсун? Өзүнө билинбейт да, ал эми сырттан карагандарга бул өтө эле аша чапкандык, орой, одоно көрүнүш. Мен Момун чалдын бирден бир адамдык ыйык сапаты катары анын адамгерчилигин баалайм. Ал жашоо-шартына, даражасына караганда Орозкулдан төмөн турганы менен, адамдык сапаты жагынан андан миң эсе өйдө. Бири кем дүйнө деген ушу да. Кызы үчүн, үй-бүлөсү үчүн Орозкулга баш ийүүдөн башка аргасы жок. Себеби аларды баккан дал ушул адам эмеспи.

Адамгерчилик жана дилгирлик… Мына ушул эки нерсени улуу жазуучубуздун карапайым адамдын же Нургазынын турмушун баяндаган чыгармасынан да, киносунан да алдым.

Балким, мен окуучу болгондуктан Чыңгыз Айтматовдун окуу тууралуу өспүрүмдөргө арналып жазылган чыгармаларынан таасирленгендирмин.
Дегеним мен таасирленип окуган экинчи чыгарма да окууга болгон кызыгуумду күчөткөн. Ооба, бул албетте "Биринчи мугалим" чыгармасы. Киносун да көргөм.

"Колдо бар алтындын баркы жок" деп бекеринен айтылбаса керек. Себеби азыр окууга бардык шарттар түзүлүп турса да, окууга көңүл кош мамиле жасагандары канча.

Ал эми "Биринчи мугалим" повестинде согуш маалы болсо дагы жаштардын жаркын келечегин ойлоп, Дүйшөндүн мектеп ачканы эрдик эмей эмне…? Көптөгөн балдарга кат таанытып, өзү билгенин айткан. Ошончо баланын ичинен Алтынай зиректиги, аракетчилдиги, окууга болгон дилгирлиги менен айырмаланып, Дүйшөндүн мактоосуна татыйт. Кийинчерээк анын жардамы менен борборго окууга кетип, профессор болуп чыга келгени бул талбаган эмгектин, аракеттин, анан да албетте, биринчи мугалиминин алдыга сүрөп, дем-күч бергендигинин натыйжасы эмеспи. Демек, адам канчалык көп аракеттенсе, ошончолук көп ийгиликтерди багындырат. Бул менин Чыңгыз Айтматовдун повестинен алган жана күндөлүк турмушумда көп колдонулуучу принциптеримдин бири.

Жогоруда аталган эки чыгарма менин окуума болгон мамилеме көп таасирин тийгизди. Бирок терс эмес, бир гана оң жагын.

Мен билген Айтматов - билим алууга умтулган, талбаган аракеттенүүнүн жыйынтыгында көптөгөн ийгиликтерди жараткан улуу инсан. Анын чыгармалары жашоомдо зор роль ойнойт десем жаңылышпайм.

Сүйүнбек Атамбеков мектеби
Адис кызы Нургүл, 9-класс

Нарын облусу, Ак-Талаа району,
Кадыралы айылы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG