Линктер

шейшемби, 22-январь, 2019 Бишкек убактысы 16:56

Айтматов - улуттун даанышманы


Чыңгыз Айтматов окурмандары менен жолугушууда. Ирмтрауд Гучке (оңдон экинчи). Республика сарайы. Берлин, 1973-ж. И. Гучкенин жеке архивинен.

Чыңгыз Айтматов Кыргызстандын залкар уулу, кыргыз элин дүйнөгө тааныткан, жүз жылда бир келүүчү даанышман, улуу жазуучу жана коомдук ишмер.

Табияттан адам менен кошо жаралып, бирге төрөлө турган талантты даанышмандар “улуттун байлыгы”, “улуттун кенчи”, “улуттун сыймыгы” катары бийик баалашып келген.

Залкар таланттар тууралуу ким болбосун толук, ийне-жибине чейин билгиси келет. Ушундан уламбы, алар жөнүндө өтө көп жазылат, атүгүл жазууга эч нерсе калбагандай туюла берет. Мына ушундай өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө өтө көп жазылган чыгаан таланттардын бири -Чыңгыз Айтматов.

Жазуучунун ар бир жараткан чыгармасы терең философиялык мааниге ээ болуп, анын маанисин түшүнүү үчүн канчалаган ой толгонуп, чыгармаларындагы каармандар менен китеп окурмандар тагдырлаш, сырдаш болушуп, кейипкерлер менен жан бирге жашап, камырдай жуурулушуп, бирин-бири кыйышпаган сезимдерге бөлөшөт.

Жазуучунун чындыктан баш тартпаган каармандары окурмандардын жүрөктөрүнө жакшылыктын үрөнүн сээп, адалдыктын, адамгерчиликтин нурларын күн шооласындай чачыратып, адамзатты айкын жолуна чакырат. Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы кыргыз адабиятынын “акыл азуусу”.

Ч.Айтматов дүйнөлүк атак-даңкка маашырланбай, адам деген атты улук тутуп, эмгекти, адамгерчиликти, кең пейилдикти, тазалыкты, жөнөкөйлүктү ызааттап сүйүшү - анын чоң инсан экендигинин айкын күбөсү. Чыңгыз Айтматов чебер сүрөткер эле эмес, адам турмушун терең изилдөөчү “инженер” психолог. Образ жаратууда аялдын эр адамдан табылгыс артык сапаттарын кылдат көрө билет.

Аялдын үй-бүлө маселесине келгенде эркекке караганда алда канча терең, кең пейил, кечиримдүү экендигин төмөнкү каармандар аркылуу жеткире алды. Толгонай, Сейде, Асел, Жайдар, Бүбүжан, Мырзагүл, Жамийла, Алтынай сыяктуу каармандар аркылуу аялдагы сырткы гана эмес, ички сулуулукту, рухий кудуретти, аруулукту, аял үйдүн гана куту эмес, аял элдин куту деген көркөм жалпылоо деңгээлин көтөрдү.

Аял заты сулуу жан, ысык жар, тукум улаган жөнөкөй гана эне эмес, эр жигиттин жан дүйнөсүнө чагылгандай жарык чачып, жашоосуна дүрбөлөң салып анын өмүрүнө кайра жаралуу тартуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон табияттагы зор күч, турмуш туткасы.

“Ак кеме” повестинде жазуучунун чыгармачылыгы бөтөнчө мааниге ээ. Бул чыгармада адам тагдырынын не бир катаал жактарын изилдөөдөгү жазуучунун кыраакылыгы, интеллектуалдуулугу, ийкемдүүлүгү көрүндү. Повесттин гуманисттик пафосу баштан-аяк адамдын бийик сапаты жана адеп-ахлактык тазалыгын даңазалайт.

Повесттеги “балык” болуп сууга агып кеткен баланын образы куулук-шумдугу жоктугу, ак пейилдүүлүгү менен айырмаланып, адамды ар кандай бузукулукка, арамдыкка, зомбулукка каршы активдүү күрөшүүгө чакырат.

“Биринчи мугалим” повестинде жазуучу коммунисттин жаркын образын түзгөн. Революциядан кийин Дүйшөндүн мектебинен алиппе тааныган Алтынай сыяктуу кыргыздын улан-кыздары академикке чейин өсүп жетилет.

”Биринчи мугалим” повестинде жазуучу академик А.Сулайманованын Дүйшөн тууралуу жазган катынын негизинде анын мугалимине карата урматын, жүрөктү ойготкон алгачкы сүйүүсүн чебер сүрөттөгөн.

“Гүлсарат” - бул жылкычынын эмгеги жөнүндө гана чыгарма эмес, адамдын жашоосу, бийик идеалы жөнүндө ой жүгүртүү.

Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы улуттук адабият үчүн эле эмес, улуттук искусствонун башка түрлөрүнүн өнүгүүсүнө да өзүнүн зор таасирин тийгизди. Анын чыгармаларынын негизинде музыкада чакан обондуу ырдан тартып симфонияга чейин жазылды, көркөм сүрөт искусствосунда ондогон, жүздөгөн эмгектер жаралды, театралдык спектаклдер, кинофильмдер коюлду.

Жазуучунун чыгармалары, өз жери үчүн жасаган эмгектери, элдин эсинде түбөлүк сакталат. Кыргыз деген сөз менен, Чыңгыз деген ысым ажырагыс бир бүтүндүккө айланды. Алдын ала заманды көрө билген жазуучунун айткан учкул сөздүрүнүн айрымдарын эске салабыз:

Тил - улут кубанса кубанычы, кайгырса кайгысы, жана акыл-эси.

Тилсиз улут болбойт.

Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгенибиз үчүн биз барбыз.

Биз дүйнөнү өзгөрттүк, дүйнө бизди өзгөрттү.

Өмүрдүн чыныгы баркы ишенимде, бактысы да ишенимде.

Эгер Ата-Журт деген баштыктай сүйрөп, өзүң менен алып жүрөр нерсе болсо, анын баасы сокур тыйынга татыбас эле.

Адам үчүн эң кыйыны – күн сайын адам болуу.

ЮНЕСКОнун билдирүүсү боюнча Ч.Айтматов бүгүнкү күндө чыгармалары көп басылган классиктердин бири. Анын чыгармалары дүйнөнүн 165 тилине которулуп, бир нече ирет чоң тираж менен (1998-ж.жалпы саны 67,5 млн.) кайталап басылган.

Сөздүн керемет күчү, олуттуу ой толгоосу ушул белем, кайсы көз карашты бекем тутпасын адам инсаны доордун угуттуу, татаал проблемаларына, түйүндүү көңүл-көкөйдү ар убак өйүгөн «канткенде адам уулу адам болот?» деген өңдүү суроолоруна жооп табуу үчүн үңүлүп, кайрылып, сабак алууга дилгирленди, жан дүйнөсүндө жакшылыктын үрөнүн өндүрүп, адамгерчиликтин нурларынын шооласын чачыратып, акыйкатчылыкты батылдык менен коргоп калууга үйрөндү, адамга боордоштук сезимин ойготту, жаңыча ойлонууга жана келечектүү жашоого түшүндүрдү.

Адамзат жана аалам проблемасы «Саманчынын жолу», «Гүлсарат», «Ак кеме», «Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт», «Фудзиямадагы кадыр түн», «Кыямат» сыяктуу чыгармаларында философиялык негизде сүрөттөлдү. Өмүр жана өлүм, кубаныч жана кайгы, адамгерчилик жана кара өзгөйлүк, абийир жана абийирсиздик деги адам баласынын жашоо тиричилигине тиешелүү проблемалар жазуучунун калеми аркылуу кайрадан чагылдырылып, натыйжада жалпы адамзаттын эстетикалык маданиятында айырмаланган, өз мөөрүн баскан, алдыңкы ойдун туусу катары салмактуу, терең, жаңы сөз катары жаңырды.

Толгонайдын, Танабайдын, Эдигейдин, Момундун жана башкалардын, жада калса Гүлсараттын, Мүйүздүү Бугу-Эненин, Акбаранын «монологунда», «муң азабында» философиялык категориялар, эстетикалык көз караштар «каймактай болуп калкып» чыга келди.

Турмуштун тереңдигинин жана ар тараптуулугун фило­софиялык мазмунун чагылдыруу жазуучунун кредосу болуп саналат. Айтматовдун философиясы Адамдын улуулугуна, Жаратылыштын түбөлүктүүлүгүнө, Ыйык гуманизмге, Асылдык идеясына барып такалат.

Ч.Айтматовдун ысымы бүгүнкү күндө дүйнөнүн бардык бурчтарына маалым. Кыргыз маданияты Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы аркылуу дүйнөлүк кеңири атак-даңкка жетип, дүйнөлүк маданият менен байланышып тажрыйба алмашып, чыгармачылык изденүүдө болуп, күрдөөлдүү өнүгүп жатат. Адабият, маданият жаатында Айтматовдун учугун улоочу жазуучуларыбыздан учубуз кур эмес.

Мындан ары дагы Ч. Айтматовдун чыгармалары кыргыз элинин гана эмес бүткүл дүйнө жүзүндөгү Айтматовдун чыгармачылыгын сүйүүчүлөрдүн эсинде түбөлүк сакталып, муундан-муунга өтө берет. Анын чыгармалары дүйнөлүк классикага айланган.

Айчүрөк Токтосунова

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG