Линктер

бейшемби, 20-июнь, 2019 Бишкек убактысы 15:02

“Айтматов борбору” кандай болушу керек?


Айтматовдун үй музейи.

"Мен билген Айтматов" сынагына Папан Дүйшөнбаевден келген блогду сунуштайбыз.

“Айтматов борбору” кандай болушу керек? Же 90 жылдык маараке алдындагы ойлор, сунуштар.

Кыргызстанда 2008-2018-жылдар мамлекеттик деңгээлде “Чыңгыз Айтматов жылы” деп жарыяланды.

2008-жылы Ч.Айтматовдун кыргыз, орус тилдеринде чыгармалар жыйнактары чыкты, изилдөөлөр басылды. Жазуучунун ысымы Орус драма театрына, Бишкектеги бир көчөнүн жарымына берилди, бир катар мектептерге коюлду. Бирок эсте каларлык чоң иш аткарылбады.

2018-жылга карата “Чыңгыз Айтматов энциклопедиясы” чыкты. Чыгармалар жыйнактары кыргыз, орус тилдеринде толукталып, кайрадан басылууда. Улуу жазуучунун 90 жылдыгына арналган быйылкы мааракелик иш-чаралардын эң башкысы - анын туулуп, өскөн айылы Шекерге баш-аягы 15 гектардай жерге музей комплексинин курулушунун башталгандыгы болууда. Анын сметалык баасы 300 миллион сомго жакын болот деп жатышат. Ал эми жазуучу өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн өткөргөн, республикабыздын жүзү болгон Бишкектечи?

Тилекке каршы, борбор калаадагы иштер жазуучунун жыйнактарын, ага арналган илимий, популярдуу китептерди басып чыгарып, даректүү тасмаларды тартып, илимий практикалык конференцияларды өткөрүү менен гана чектелгени турат. Айтматовдун мамлекеттик резиденциясындагы үйүндө үй музейи ачылыптыр деп угабыз, бирок ал катуу кайтарылган, каалагандын баары кире бербей турган жерде болгондуктан, анын үстүнө жазуучунун бала-чакасы ал жерде жашап да жатышкандыктан, биздин билишибизче, жазуучу туулган, өлгөн күндөрү же башка майрамдар болгондо гана окуучулар, студенттер аз санда барып турушат экен.

Ал үй музейдин келечекте өсүп, өнүгүп, илимий да макамы бар мекемеге же комплекске айлануусуна шарт жетишпейт. Ага биринчиден, мамлекеттик резиденциянын макамы жол бербейт, экинчиден, ал жерде жай өтө эле тар. Жазуучунун үй музейин түзүү үчүн анын мурда жашаган батирлеринин бирин караштыруу керекпи? Бирок алар музей комплекске коюлчу талаптарга жооп бере алышабы?

Эгерде Чыңгыз Айтматов да Аалы Токомбаев менен Түгөлбай Сыдыкбековдой өзүнчө эки кабаттуу үйдө жашаганда музей маселеси оңой эле чечилмек. Алсак, Өзбекстандын Гафур Гулям, Айбек, Сергей Бородин сыяктуу чоң акын жазуучуларынын бардыгынын музейлери алар мурда жашаган үйлөрүндө жайгашкан. Бизде бул маселени тийиштүү жетекчилер өз убагында ойлонушпаган экен, азыр анын заманбап үй музейин түзүү да өзүнчө маселеге айланууда.

Айтматовдун үй музейи.
Айтматовдун үй музейи.

Шекерде Чыңгыз Айтматовго арналып, музей комплекс курулуп жатканы жакшы, бирок Л.Толстой өмүрү өткүчө Ясная Полянада, Н.Некрасов Карабихада жашашкандай, Ч.Айтматов да ал жерде көп убакыттар бою жашап, иштеп, үйү, багы, колдонгон буюмдары калса, анда биз эч нерсе демек эмеспиз. Анда Ясная Полянадагы Л.Толстойдун үйү, башка жайлары, мүлктөрү, буюмдары, китепканасы, кол жазмалары, атүгүл отургузулган дарактар ж.б.д.у.с. анын өмүрүнөн, чыгармачылыгынан кабарлап тургандай, Ч.Айтматовго байланыштуу бардык нерселерди ошол жерден тапмакпыз. Бирок Шекерде улуу жазуучунун анда “туулган” деген эле изи калбаса, башка музей комплекстин макамына ылайык келгидей эч нерсеси жок болуп жатпайбы. Кептин уңгусу ушунда.

Төрөлүп, чоңойгондугу үчүн эле музей комплекс курулууда, бирок ал жерде жазуучу жашаган үй да, башка аздыр-көптүр маданий жана тарыхый маанилери бар материалдар жок. Бул жагынан ал Бишкектеги "Ысык-Көл" мейманканасынын артына “Манас айылын”, Аксыдагы эки суунун, эки жолдун кошулган жерине Жеңижоктун эстелиги менен музейин кургандай болууда. Кайталайбыз, биз ага каршы эмеспиз, колдойбуз, бирок Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолун, чыгармаларын, анын көп кырдуу талантынын бардык жактарын биринчи кезекте кыргызстандыктарга, андан кийин дүйнө элине кеңири, жеткиликтүү ачып берүү үчүн андай курулушту Шекерде эмес (ал да улантыла бермек), биринчи кезекте Бишкекте баштоо керек болчу. Бишкектин орду, ролу, инфратүзүмдөрү, маданий-гуманитардык жана туристтик мааниси менен Шекердикин салыштырып болбойт да.

Бул маселе боюнча ар кимдерде ар кандай ойлор, пикирлер, көз караштар болушу мүмкүн, ал мыйзам ченемдүү, бирок биздин терең ишенимибизде, Бишкектин эң көрүнүктүү жерлеринин бирине, атайын пландын негизинде “Чыңгыз Айтматов борбору” деп аталган 8-9 кабат имараттан турган жай курулушу керек эле. Ал борбордун милдети, максаты, орду төмөндөгүлөрдөй болсо, улуу жазуучунун философиясына, ой-максаттарына шайкеш келмек.

Айтматов китептерди өтө аздектеген, андай көп окуган адам аз, дайыма окурмандарын, өзгөчө жаштарды китепти сүйүүгө чакырган, демек имараттын 1-2-кабаттарына кыргыз, орус тилдеринде китептерди саткан дүкөндөр жайгаштырылып, андагы эң ардактуу орун базардык алгачкы жылдардын башаламан мезгилинде да кыргыз китептеринин соодасын алы жеткиче уюштуруп келген “Нускага” берилсе, сөзсүз, ага кошумча чоң букинисттик бөлүм ачылса, борбордун биринчи идеясы ишке ашмак.

Бул ой жаңы эмес. Жазуучу өмүрүнүн акыркы жылдарында көп аракет кылган менен аткара албай кеткен Ак куунун акыркы ырындай тилеги— Ысык-Көлдүн жээгинде чыгармачыл жаштардын борборун куруу эле. Анын планы боюнча, ал жерге Кыргызстандагы гана эмес, жалпы эле Борбор Азиядагы таланттуу жаштар чогулушуп, окууларды, семинарларды өткөрүшүп, бири биринин жазгандары менен таанышып, талкуулап, биргелешкен альманахтарды түзүп турушмак. Бирок Ч.Айтматов ал борборду куруунун зарылдыгы жөнүндө Борбор Азиядагы республикалардын жетекчилеринин бардыгына кайрылган менен алардан убагында реалдуу колдоо таппаган.

“Чыңгыз Айтматов борборунун” 3-кабатынан жаштардын адабий ийримдери, жазуучулардын, журналисттердин пен-клубдары, Кыргызстан жазуучулар союзу сыяктуу чыгармачыл топтор орун алышса, ал эми 4-5-кабаттары толугу менен жазуучунун өмүр жолуна, чыгармачылыгына арналса, же акыркы жылдары жашап, иштеген үйүндөгүлөрдүн бардыгы өз планы менен ошол жерге алып келинип жайгаштырылып, анын бардык тилдерде чыгарылган китептери, ага арналган илимий, популярдуу адабияттар, анын чыгармалары боюнча тартылган сүрөттөр, кинокартиналардын урунттуу жерлери, аны менен иштешкендер, аудио жана видео материалдар, 15-20 муунга чейинки теги боюнча маалыматтар коюлуп, ал акырындап жазуучунун чыгармачылыгын терең үйрөнүүнү каалагандар үчүн өзгөчө макамдагы жайга айландырылса, биз ошондо улуу жазуучунун жүзүн чындап ачмакпыз.

Ал жерде бири чоң, экинчиси чакан жыйын өтчү залдар болуп, алар да улуу жазуучунун философиясына ылайык жасалгаланып, ал жерлерде Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына гана эмес, адабиятка байланышкан иш-чаралар (маселен, илимий-практикалык конференциялар, мааракелер, китептердин бет ачарлары, жолугушуулар, жыйындар ж.б.) өткөрүлүп турса, ал жазуучунун эңсеген менен аткарылбай кеткен дагы бир тилегине, максатына туура келмек. Ал окумалдар менен актуалдуу маселелер боюнча диалогдорду өткөрүүгө, пикир алмашууга өзгөчө ыкластуу болгондугун жакшы билебиз. Азыр китептердин бет ачарлары “Алыбай алына жараша” дегендей, китепканаларда, музейлерде, окуу жайларында, илимий мекемелерде, айрымдары мектептерде деле өткөрүлүп жүрөт.

Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын курамындагы Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институту аябагандай чоң иштерди аткарууда, анда талаш жок. Бирок Чыңгыз Айтматовдун көп кырдуу чыгармачылыгы, өмүр жолу тил менен адабияттын алкактары менен эле өлчөнбөстүгүн, антсе өтө эле тар, бир жактуу болуп каларын эсибизден чыгарбашыбыз керек.

Айтматов биринчи кезекте улуу жазуучу, анан чыгаан публицист, ойчул-философ, өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп СССРдин президенттик кеңешинин мүчөлүгүнө чейин жеткен, Жогорку Советтерге ондон ашык жолу шайланган чоң мамлекетик ишмер. Кайра куруунун идеяларын жан дили менен колдоп чыгып, анын катализаторуна жана идеологдорунун бирине айланып, демократиялык процесстерди тереңдетип, мурдагы Союзду таркатууга, күнкор республикалардын толук көз карандысыздыкка жетүүсүнө да өз үлүшүн кошкондордон. Ал көп жылдар бою Союздагы адабият жана искусство жаатындагы эң жогорку сыйлыктарды ыйгаруучу комитеттин мүчөсү да болгон. Элдик дипломатияны, цивилизациялар менен конфессиялардын ортосундагы диалогдорду өнүктүрүүгө аябагандай көп күчүн жумшаган. Дүйнөлүк коомдук аң сезимге топтук, саясий кызыкчылыктардан жалпы адамзаттык кызыкчылыктарды жогору коюуга чакырган “планетардык ой жүгүртүү”, “жаңыча ой жүгүртүү” деген түшүнүктөрдү киргизгендердин бири. Ал ар кандай маанилүү жыйындарды, салтанаттарды терең философиялуулугу жана элестүүлүгү, көркөмдүгү жагынан айырмаланган сөздөрү менен көркүнө чыгарган трибун да болчу.

Кыргызстандын жаңы тарыхынын кескин өзгөрүүсүнө же анын биринчи жетекчисинин шайлануусуна демократиялык процесстер калыптанып, анын тереңдөөсүнө, этнос аралык мамилелерди бекемдөөгө ж.б. өз салымын кошкон. Анын улуттук адабиятты жана мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү орду жана ролу гана эмес, тарыхый эстутумду калыптандыруудагы жана тарыхый аң-сезимди, билингвизимди, экологиялык жаңыча мамилелерди, улуттук дүйнө таанымды, философияны, социологияны, этиканы, саясат таанууну, дипломатияны, театрды жана киноискусствосун, сүрөт искусствосун, педагогиканы ж.б. өнүктүрүүдөгү, заманбап парадигмаларды киргизүүдөгү, жаңы идеяларды жана дүйнөнүн чыгаан жазуучуларын, акындарын, искусство ишмерлерин пропагандалоодогу эбегейсиз агартуучу, жайылтуучу орду жана ролу да үйрөнүлүшү, жетиштүү ачылып берилиши керек. Булар тил жана адабият инстутунун компетенциясына да кирбейт, алардын өздөрүнө жүктөлгөн функционалдык милдеттери да жетишерлик.

Ошондуктан көп профилдүү, бирок кызматкерлеринин көпчүлүгү буйрутмалуу келишимдик формада иштеген Улуттук деген макамда “Чыңгыз Айтматов борбору” деген илимий, агартуучулук багыттагы атайын борбор түзүлүп, ал аталган жайдын 6-7-кабаттарында жайгашып, андагы иштердин бардыгын координациялап турса, Пушкиндин Үйүндөй, И.Гётеге арналган борбордой эле илимий, агартуучулук багыттагы күчтүү мекемелердин бирине айланмак.

Ал борбор улуу жазуучунун чыгармалары, өмүр жолу боюнча жазылгандарды, басылгандарды сыдыргыдан өткөрүп, кайсыл маселелер жетиштүү ачылбай жаткандыгын аныктап, анан тийиштүү адистерди таап, аларга буйрутма берип, тийиштүү эмгектерди даярдатып, кыргызча жакшы чыккан илимий популярдуу эмгектерди орусчага, Европадагы негизги тилдерге, алардагыларды кыргызчага, орусчага котортуп, бастырып чыгарып турса, Айтматов таануудагы гана эмес, жалпы адабият таануудагы иштер кескин сапаттык жаңы баскычка көтөрүлмөк. Мааракелерде колго илингендерди тапыратып бастырып чыгарып коюп, калган убактарда өз көйгөйлөрүбүз менен жүрө берсек, Айтматов таанууну чындап алга илгерилете албайбыз.

Албетте, Улуттук маанидеги мекемеде чайканалык, кафе, ресторандык ж.б. тейлөөлөр да болуусу зарыл. Келечекте ал борбордун алдына улуу жазуучунун өзүнүн бейнесин жетиштүү ачкан эстелиги, анан айланаларына көркөм чыгармаларындагы каармандарга, окуяларга байланышкан композициялык ансамбль, фонтандар жайгашса, мына ошондо ал кыргызстандыктар сыймыктанып, жылдан жылга көбөйүп жаткан туристтер да суктангыдай жайга айланмак. Бизден эки эсе аз монголдор 13-кылымга таандык Чыңгыз ханга чыгымы биз үчүн астрономиялык сумманы түзгөн эстелик, мемориалдык комплексти тургузушту. Алардан эки-үч эсе көп кыргыздар ХХ кылымдын Чыңгызына татыктуу борборду тургуза алышпайбы? Ага мүмкүнчүлүктөрү жетет, болгону каалоо, эрк гана керек.

Улан-Баатырдагы эстелик баскынчылыкты, ага болгон эрктин күчүн, куралдын мизин даңазаласа, Айтматовдун борбору дүйнөдөгү эң асыл нерселерге: улуттун рухуна, илимге, искусствого, элдердин жана маданияттардын ортосунда диалогдорду өнүктүрүүгө, агартуучулукка кызмат кылмак.

Азыр айрым китепканаларда, окуу жайларында Ч.Айтматовго арналган борборлор ачылууда, мүмкүн дагы ачылар. Бирок, алар улуу жазуучунун, улуу ойчулдун масштабына ылайык келбейт. Алар менен чектелүү майдачылык болуп калат.

Бул азырынча биздин оюбуз, сунушубуз, кыялыбыз. Айтматовдун чыгармачылыгын сүйгөн айрымдардын ойлорунда жашап келаткан идеялар. Бирок, булар Кыргызстан үчүн реалдуу эле нерселер, көп болсо курулуш күркүлдөрү Бишкекке жыл сайын бирден эмес, экиден-үчтөн, айрымдары андан да көптөн тургузуп жаткан орточо көп кабаттуу үйлөрдүн бирине сарпталгандай каражат кетет. Аны бир жылда куруп бүтөрүш керек деген да эч ким жок, анын долбоору 2-3 жыл даярдалып, аз-аздан улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алган архитектуралык стилде курулуп отуруп, 100 жылдык мааракесине карата бүткөрүлсө деле улуттук рухубуздун чоң салтанаты болуп калмак.

Папан Дүйшөнбаев

Эл аралык Айтматов атындагы сыйлыктын лауреаты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG