Линктер

бейшемби, 20-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:18

Дүйшөндүн дүйнөсүнө саякат


Иллюстрациялык сүрөт.

Чыңгыз Айтматовдун "Биринчи мугалим" повестинин мисалында.

Адабият майданына чоң эмгектерди жасаган улуу жазуучунун "Биринчи мугалим" повести - жалпы адамзатты ары талаштуу туңгуюкка, ары философиялык маанайды терең чагылдырган чыгарма. Ошон үчүн Айтматовду Айтматов катарында карап келерибиз чындык.
Ушул айтылган чыгарманы кайрадан артка кылчайып, чыныгы окуучуларына берилген Дүйшөн боло албасам да, анын досу сыяктанып, ошол опурталдуу күндөрдүн даңгыр жолунда баскым келди…

«… Ошондо жаңы мектептин кадырлуу төрүндө мен эмес, сиз да эмес, башкалар да эмес – биринчи мугалимибиз Дүйшөн аксакал отурушу керек эле. Мектептин ачылышын ушул киши жарыялап жана башка урмат-сыйын ушул киши көрүш керек эле. Тескерисинче, биз үлпөттүн үстүндө отурган кезибизде, дале болсо, ушул алтын киши көрүш керек эле".

Ушул текстти окуй берип жаттап алганым али да көкүрөгүмдө. Чыныгы окурман же адабияттын адамы бул жазууну көз алдынан өткөргөндө жөндөн-жөн өткөрүп жиберүүсү мүмкүн эмес. Инсандын бир түшүнүгү унутчаак деп бекер айтылбаган чыгаар. Өкүнүчтүүсү тирүү адамдын ошол кезде өздөрү менен аралашып жүрүп четке чыгып калуусун теңсиздиктин символундай кароого аргасыз болосуң. Коомдук иштер менен ар кайсы чет өлкөлөргө барып, университеттин кафедра башчылыгына, керек болсо атактуу академик болушунун артында Дүйшөндүн самандай санала берген салымын айта берсек («А»дан баштап «Я»га чейинки тамганы билгизгенин) сөз учугу узак ой-толгоого жетери шексиз.

Алтынай Сулайманованын мектептин ачылышына келгендеги көз ирмемдер шаан-шөөкөт менен, кары-жашы, тааныганы да, өмүрүндө бир да жолу көрбөгөнү да тосуп алганы, өзгөчө майрам болгон. Анын башталышында эски тамда мугалимдик кесиптин баштоочусу баага алынбай (жаңы мектептин куттуу төрүнө отуруу буюрбаган) өзүнүн почточу кызматын жоопкерчилик менен аткарып, атын ары-бери чапкылап жүргөн, алгачкы мугалим Дүйшөндүн портрети эске келет.

Элибизде "Өмүр бою өзүңдү чындыкты айтууга үйрөт" дегендей, жогоруда айтылып өткөн Алтынайдын жетишкендиктери жөнүндө кыскача кеп куржуну ташталып өттү. Эми Алтынайдын катындагы реалдуулуктун илебин байкап коюуну да калыстык иш катарында сезүү керек.
Ак-Жар кыштагына аскер шинелчен, чоочун адамдын элди чогулушка чакырып кирип келгени баарына күтүүсүз болот. Бул, албетте, жаш агай үчүн балдарды топтоп, алардын кургап турган жан дүйнөсүнө чоң (метафоралык) ачылыштарды ачуу "Ташка тамга баскандай", ары тумандуу, жоопкерчиликтүү жумуш болчу.

Элге кайрылып, өкмөт балдарды окутууга жибергенин жана ээн турган эски тамды мектеп (анда элдердин түшүнүгүндө буга окшогон сөздөр чоочун эле) кылып ачууга аларга өз сунушун билдирет.

Эл: - Аныңды коë тур, окуунун бизге кереги не.

- Баса, туура айтат! – Биздин балдар окуу окуп, өкмөт болот беле? Кой, айланайын, башыбызды катырба?..

Бир чети элди да аяап кетесиң. Себеби түшүнүк арышы ошондой ойлорго алпарып жатканын моюнга алууга да туура келет. Бирок андан кийинки балдардын бара-бара арипти өздөштүрүүсүн, бир аз болсо да жаркын жашоону элестеткенде баягы ата-эненин кайдыгерлиги токтобойт. Дүйшөндүн ар бир кылган кыймыл-аракети - бул жеткинчектерге алдыга карай дем берүү.

"Дүйшөн билгенин аябай, ар бирибиздин үстүбүзгө үйрүлүп, калем кармоодон үйрөтүп, биз укпаган саясы сөздөргө чейин түшүндүрүп, окутууга аракеттенип жатты. Азыр ойлосом колунда кармаган алиппеси жок бул чала сабат, эки сөздү эптеп кошуп окуган жаш жигиттин, албетте, анда окутуунун тартиби, жол-жобосу жөнүндө эч кандай кабары да болгон эмес. Бирок анын ак пейилинен кылган аракети текке кеткен жок".

Мындагы ой өзүнөн-өзү түшүнүктүү, ашыра мактап же туура эмес маалымат айтуунун өзү туура эместир. Алтынайдын жеңеси канчалык жашоодо зулумдугун көрсөтпөсүн, мугалиминин берген дептерин сары майдай сактап, билимге деген кызыгуусу улам жогорулаганын Дүйшөн байкабай калуусу мүмкүн да эмес.

Эл ичинде мугалимге айтылып жүргөн окуучуну «сүйө бил, эгер сүйө албасан, анда окутпа» - деген таамай айтылган сөзгө арзыйт. Дүйшөн үч күндүк волуска барып, партияга арыз жазууга кеткенде улам келиш жолун күтүп Алтынайдын санаасы санга бөлүнгөнү окуучунун окутуучуга болгон, болгондо да ак сүйүүсү эле го, чиркин…

Чыгармага жыйынтык чыгара турган болсок, Биринчи мугалими Дүйшөн Алтынайды шаарга, жогорку окууга жиберип жатып:

- Баягы биз тиккен терекчелерди, Алтынай, мен өзүм багып өстүрөм. Аман болсок, кайрылып бир келсең, кандай болгонун көрөрсүң!

Бул айтылган сөздөрдө "кош терек" Дүйшөн менен Алтынайдын сүйүүсүнүн символу катарында калды. Бул "кош терек" Дүйшөндүн мектебин жана эң чоң болгон аруу дүйнөсүн эскертип, күбөлөрү болуп турушар эле…

Ч.Айтматовдун "Биринчи мугалими" айрыкча бизди билим сапатына үндөй турган, адам кандай гана трагедиялуу күндөрдө жашабасын, илим алууга тоскоолдук жаралса, аны жеңүү жолдору бар экенин биз сөз кылып жаткан чыгарма далилдей алат.

Ооба, Дүйшөн өзүнүн билим парасаты жетишсиз экендигин моюнга алат. Бирок биздин Республикабызда Дүйшөнгө окшогон өз кесибине берилгендер барбы? - деген суроо өзүнөн – өзү пайда болот. Рыноктук доордун кишилери "бар" же "жок" деп жооп бериши мүмкүн. Багыттуу баскычтарды санап келгенде азыркы доорго майдалап салыштыруунун кажети да жоктой сезилет. Анткени ар бир этаптын жаңылануу процесси болгондугу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Болгону, таатал учурдун азыркы мезгилге жетелеп отуруп, ыңгайлуулуктун, техникалык прцесстин өскөндүгүн аргасыз моюндайбыз.

"Биринчи мугалим" повестинин жалпы идеясы илим-билим эстетикасынын жайылышына чакырган, экинчи жагынан таза сүйүүнүн сакталышы катары ыраатуу белгиленген.

Сөз соңунда мугалимдик кесиптин татаалдыгын бергим келет. Канча окуучу окубасын алардын ар бири өзүнчө дүйнө. Алардын ар биринин дүйнө таанымын түшүнө билүү менен иштешүү керектелет. Өкүнүчтүүсү, учурда мугалим деген статустун бошоңдоп жатканы, айрыкча жаш кадрлардын (келечекте окутуучу болчулар) окууга деген маанайы салкын тартып баратканы ойлондурбай койбойт. Билим берүүнүн башында Дүйшөнгө окшогон аркы өйүздөн берки өйүзгө чейин дарыянын суук агымында жанындай көргөн окуучуларын өткөрүп турган, бүгүнкү күндүн "Дүйшөнү" кайда?..

Чыныгы үйрөтүүчү Дүйшөн боло албасам да, анын алыс досу сыяктанып ошол опурталдуу күндөрдүн чыйыр жолуна, баргым келди…

Маматали уулу Эмилбек.

Ж.Баласагын атындагы КУУ,
кыргыз филологиясы факультети, 3-курс.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG