Линктер

шейшемби, 25-июнь, 2019 Бишкек убактысы 22:23

Айтматовдун чексиз философиясы


"Тавро Кассандры" Чыңгыз Төрөкуловичтин чексиз философиясы.

2006-жылы Чыңгыз Төрөкулович менен жолугуп калдык. Ошол кезде жазуучунун жардамчысы болуп иштеп жүргөн Дөөлөтбек Шадыбеков менен менин теңтушум, (автобазанын начальниги) Качкын Оторбаев жана анын келинчеги, врач Сатыш, менин аялым Гүлнара болуп чогуу отурдук.

Чыңгыз Айтматов эшиктен баш багары менен жубайынын келбей калганын билдирди.

Мен колумдагы комузду күүлөп Чыңгызды тосо учурашып, анын сол капталына отурдум. Ал мага арнап китебин берген. Ичине "Жеңишбек иниме" деп жазып коюптур. Катуу сүйүнүп, ыраазычылыгымды билдирдим, сүйлөшүп отурдук.

Чыңгыз Улуу Ата Мекендик согуштун бүткөнүнүн урматына атымды Жеңишбек коюшканын айтып калды.

Август айы экен. 1942-жылы Сталинграддагы катуу согушту эстеп, фашисттерди баары бир жеңебиз деген ой менен жездем Иманалиев Абыш экинчи жолу фронтко баратып, апама "Эркек төрөсөң Жеңишбек, кыз төрөсөң Жеңишкүл" кой деп айтып кетиптир.

1990-жылы 9-майда "Кыргыз Туусу" гезитине бул жөнүндө атайын макала чыккан. Ошол жылы жездем парадда баскан.

Аны кеп кылсак, Дөөлөтбек тамашага салып "Андан башка да табышмакты да сүйлөбөйсүңөрбү, Чыкем эмне үчүн саяктын кыздарына жабышып калды эле, мына ошону сурабайсыңарбы?" деп калды. Ошондо Чыкем "Ошол төртөө тең саяктын кыздары экени оюма келбептир" деп кесе жооп берди.

Биз унчукпай тим болдук. Чыкем "Кудай каары тамеки тартат экен" деп күңгүрөндү. Эч ким унчуккан жок.

"Кассандранын эн тамгасы" китебин ачып талкууга өттүк. Эл бул китепти Чыңгыздын чоң философиясы деп атай баштаганда, мен "ар бир каарман ар бир китебиңизде өзүнчө эле философия экен" дедим.

Көпчүлүк чыгармаларындагы каармандардын Экинчи Дүйнөлүк согуш менен байланышы бар экенин, "Саманчынын жолундагы" Эненин элден чогулткан үрөнүн Арстанбектин уурдап кеткенин, эмне себептен кыргыз эли ушунчалык таш боордукка барганын талкууладык.

Дүйнөнү фашисттерден сактап калган орус элин, Москваны, Кремлди, Кызыл Аянтты эстедик.

Москвада баарыбыз тең болдук го. Мен кызматымдан тышкары Москвада комузчулар менен ансамблге катышып жүргөнүмдү Самара Токтакунова менен Нуржамал Кожокматованы айттым.

Оркестрден көргөн экен. Чыңгыз "Самара деген сөздүн мааниси түшүнүктүү, Нуржамал боюнча жерге күндүн гана нуру тиет", - деп айтты, Эсиме түшкөн "Селкиге секет" аттуу диплом алган күүмдү айттым.

"Министр Күлүйпа Кондучалова берди беле?" деп сурады Чыкем. Дипломду тапшырганда гитара кошуп сыйлыкка берген.

Каныбек, Кожокмат, Маатбек аттуу таластык балдарды эстей албай койду. Мен ансамблдин жетекчиси Мукаш Борбиевдин "Таң булбулун" сайраттым. Чыңгыз "Комузда жакшы ойнойт экенсиң" деди. Анан "Кожокмат Абдралиев аттуу чоң комузчу бар деп жүрүшөт" деп койду.

Дагы башка күүлөрдү чертип, эрмек кылып олтурдук.

Ошол мүнөттөрдө мен "Кассандранын эн тамгасы" чыгармасынын философиясын мен өмүр бою жазамын деп өзүмө убада бердим.

Ойлонгон - Кудай өзү - бүткүл дүйнө - Аалам - кайберени – периштеси сен, Чыңгыз - адам...

Ой жүгүрткөн,

Ошондон баары тең бүткүл дүнүйө түзүлгөн,

Өзүнүн эң алгачкы баштапкы турпатында,

Өтөт, житет, толот мейкинде бүт ааламда,

Оюнда Чыңгыз түзө алган бардык нерсе,

Өз оюн бекитип жана чексиз кайберенде,

Ойлогону эмне жөнүндө болсо күтүлүшүн,

Ошол нерсенин чакырта алган түзүлүшүн.

Жеңишбек Шакиралиев, Бишкек

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG