Жергиликтүү депутаттар район бийлиги ысырапкорчулукка жол берүүдө деген негизде укук коргоо органдарына кайрылуу жолдогон. Былтыр ишин баштаган райондук фондго 100 миллион сомго жакын каражат чогулган.
Райондун Балтагулов айыл өкмөтүнүн Кашкалак айылындагы 400 чарчы метрге чамалуу эски имаратты былтыр декабрь айында жергиликтүү бийлик шашылыш түрдө 4 миллион 150 миң сомго сатып алган. Мурдагы чакырылыштагы айылдык кеңеш кезексиз сессияга чогулуп, имаратты сатып алууга макулдук берген.
Жергиликтүү кеңештин ошол учурдагы депутаты Жээналы Сатыбалдиев мунун баары мыйзамсыз болгонун белгиледи:
- 2016-жылдын 11-декабрында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөнүнө карабай 17-декабрда төраганын орун басары бизди кошпой, тийиштүү гана депутаттарды чакырып, кезексиз сессия өткөргөн. Төраганын да бул тууралуу маалыматы болгон эмес. Ошол жыйында 8 сотых жердеги жертөлөсү менен жайгашкан эски имаратты 4 миллион 150 миң сомго сатып алууга депутаттар макулдук берип, токтом кабыл алышкан. Анын негизинде айыл өкмөт башчысы районду өнүктүрүү фондуна сунуш берип, бул имарат кымбат баага сатылып алынган. Бирок айылдык кеңештин ал токтомуна мөөр басылган эмес. Ошол себептүү ал токтом жараксыз болчу. Негизи имаратты ээси 2 миллион сомго да сата албай жаткан. Бул жерде район акими айыл өкмөт менен тил табышып алып ушул сыяктуу мыйзамсыз кадамдарга барууда. Сатуудан алынган салык да учурунда төлөнбөй жатат. Эми бул жайды дагы 4 миллион сом коротуп оңдоо аркылуу ишке берүү керек.
1988-жылы жертөлөсү менен курулган имаратты жергиликтүү бийлик тигүү цехи жана спорт жайы катары пайдалануу максатында сатып алган. Жыл аяктап калгандан улам чукул сатылып алынганын айыл өкмөт башчысы Мамадалы Парпиев моюнга алганы менен баары мыйзамдуу болгонун ырастады:
- Жыл аяктап калгандыктан долбоорлорду токтотуп, шашылыш түрдө сатып алууга сунуш бергем. Менин өтүнүчүм менен айылдык кеңештин төрагасы кезексиз сессия чакырып, депутаттар имарат сатып алууну колдоп беришкен. Жалал-Абад шаарынан көз карандысыз баалоочу эксперттер келип, имаратты өз корутундулары менен эсептешкен. Ошолордун критерийлери менен имарат 4 миллион 150 миң сомго сатылып алынган. Учурда аны муниципалдык менчикке өткөрүү боюнча жумуштар жүрүп жатат. Бул жерге келечекте тигүү цехин ачып, чет жакка экспортко чыгаралы деп турабыз. Жакында прокуратура текшерет, баары мыйзамдуу болот деп ойлойм.
Бирлешкенде да ушул көйгөй
Ушундай эле жагдай райондун Көк-Серек айыл өкмөтүндө да орун алган. Бирлешкен айылында каналга жана жолго жакын салынган турак жайды жергиликтүү бийлик 2,5 миллион сомго бала бакча ачуу максатында сатып алган. Бирок имаратты алууга айылдык кеңеш уруксат берген эмес жана ал кымбат бааланганын жергиликтүү кеңештин мурдагы депутаты Бакыт Тойчубеков айтты:
- Бул жердеги үйдү бала бакча кылууга таптакыр мүмкүн эмес. Бир тарабында селдин суусу аккан канал жайгашкан, экинчи тарабы жолго жакын. Эшик алды да беш сотых жерде турат. Ушул акчага айылдагы эски бала бакчаны оңдоп, ишке берсе болмок. Ал жер имараты менен бош турат. Жеке адамдын турак жайын да кымбат баалашкан. Мисалы, айыл борборундагы ушундай эле турак жайды бак-дарагы жана 1,5 гектар жери менен үч жылдык мөөнөткө 1 миллион сомго араң сатты. Бул кургак жердеги үйдү 2,5 миллион сомго баалаганы акылга сыйбаган көрүнүш. Фонддун акчасы ушинтип чачылып жатат.
Ала-Бука районун өнүктүрүү фонду 2014-жылы түзүлүп, ага былтыртан бери каражат түшө баштаган. 2016-жылы фондго райондогу эки кен казуучу компаниянын кирешесинин 2% которулган. Апрель айында 16 миллион жана ноябрда 79 миллион сом түшкөн. Фонддун координатору Эрнист Маматов:
- Өнүктүрүү фондун администратор катары район акими Сонунбек Акпаралиев жетектейт. Мындан сырткары жети адамдан турган башкармалык жана ар бир айылдык кеңештин төрагаларынан куралган байкоочу кеңеш бар. Фондго ар бир айыл өкмөт жылына үчтөн гана долбоор сунуштай алат. Бизге негизинен айылдык кеңештин кароосунан өтүп жактырылган гана долбоорлор колдоого алынат. Түшкөн долбоорлорду башкармалыктагы жети адам карап чыгып, тууралыгын текшерип, баалап беришет. Байкоочу кеңеш бекиткен соң каражат бөлүнөт. Анын мыйзамдуулугу айыл өкмөттөргө байланыштуу. Фонд аткарган иши тууралуу элге маалымат бербейт.
Документте фонддун ишмердүүлүгү башкармалык менен Байкоочу кеңешке байланыштуу болгону менен иш жүзүндө бардык каражаттар район акиминин көзөмөлүндө болуп, анын макулдугу менен гана которулат. Бул багытта аким Сонунбек Акпаралиев "Азаттыктын" суроосуна жооп берүүнү каалаган жок.
Былтыр апрелде которулган 16 миллион сомго райондо он долбоор аткарылган. Кийинки каражат 2016-жылдын аягында которулгандыктан 30 миллион сому гана чукул түрдө сатып алууларга жумшалып, калган 49 миллион сому иштетилбей калып кеткен. Кош-Алмурут айылынын жашоочусу Андаш Токтобаев:
- Фонддун акчасын элдин талабына ылайык жумшалса жакшы болмок. Биз жашаган төрт айылда таза суу жок. Ушул багытта долбоор даярдалып, айыл кеңеши бекитип бергенине карабай айыл өкмөт фондго сунуштабай кармалып турат. Жеке кызыкчылык айынан элдин талабы орундалбай эле чоңдор ортодо акчаны бөлүштүрүп жатат. Муну көзөмөлдөгөн орган барбы? Принциптер бузулуп, эреже сакталган жок. 2016-жылы айылга спорт зал ачабыз деп 4,7 млн сомго долбоор даярдалып, марафон өткөн. Ошондо район акими келип катышып, долбоор алып барсаңар өткөрүп берем деп макулдугун берген. Былтыр декабрдын башында элдин атынан даярдап алып барса, фонддун казынасы жабылып калды, 2017-жылдын мартынан келесиңер деп кабыл албай коюптур. Ал эми бизден кийин имараттарды сатып алууга бир эмес, эки жолудан каражат которуп беришкен. Муну кандайча түшүнсө болот?
Фонддун ишмердүүлүгүндөгү алешемдиктерди текшерүү максатында жергиликтүү депутаттар укук коргоо органдарына кайрылуу жолдогон. Эсеп палатасынын түштүк регионалдык башкармалыгынын аудиторлору жана облустук прокуратуранын текшерүүчүлөрү учурда жеринде териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов:
- Бул багытта элден кайрылуу болгон. Учурда биз аны облустун прокуроруна тапшырып, текшерүү жүрүп жатат. Район акими баары мыйзамдуу деп айтууда, бирок кайрылуу болгондон кийин текшерип койгон оң. Анын жыйынтыгы менен дагы тааныштырабыз.
Ала-Бука районун өнүктүрүү фонду калктуу конуштардын инфраструктурасын жакшыртуу жана социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу максатында уюшулган. Каржылоо айыл өкмөттөргө гана багытталган. Быйыл фондго үч кен иштетүүчү компаниядан 150 миллион сомго жакын каражат түшөрү пландалууда.