Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:03

Ала-Букада сөөк казгандардын соту болот


Ала-Бука районунда 14-октябрда көзү өткөн 76 жаштагы байбиченин сөөгүн жерге берүү чуусу боюнча соттук териштирүү 22-декабрга белгиленди.

Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, беш адамга айып тагылган. Маркумдун жакындары ызы-чууну уюштургандар эмес, аны аткаргандар жоопкерчиликке тартылып жатканына тынчсызданууда.

Мыйзам боюнча кылмыш иши “Каза болгон атуулду жана анын көмүлгөн жайын мазактоо” беренеси боюнча козголуп, ишти облустук ички иштер башкармалыгы териштирген. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз катчысы Мыктыбек Турдукулов мындай деди:

- Жогорудагы окуя боюнча 27 жана 34 жаштагы беш адамга карата Кылмыш жаза кодексинин 263-беренесинин 2-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Натыйжада бул багытта тергелген иштер Ала-Бука райондук сотуна жөнөтүлгөн.

Ала-Бука: маркум аялды үчүнчү ирет жерге беришти

Ала-Бука: маркум аялды үчүнчү ирет жерге беришти

Бирок маркумдун жакындары тергөө жыйынтыктарына макул эмес. Анткени кылмыш жасады деп күнөө коюлуп жаткандар - райондун Ала-Бука айылынын 27 жана 34 жаштагы тургундары. "Булар буйрукту гана аткарышып, ал эми чатакты уюштургандар жазасыз калууда", - дейт маркумдун кызы Жылдыз Азаева.

- Мени үч жолу тергөөгө чакырышты. Акыркысында сөөктү казып жаткан балдардын сүрөтүн көрсөтүштү. Ошол сүрөттөгү беш балага кылмыш ишин козгошуптур. Алардын ичинен бирөө Жети-Өгүз районунун тургуну экен. Бул жакка туугандарынын үйүнө конокко келип, аралашып калыптыр. Бул балдар бирөөнүн көрсөтмөсү менен жасаган болушу керек. Алар акчага же аракка алданды деп ойлойм. Жоопкерчиликке тартылып жаткандардын арасында аксакалдар же улуураак адамдар болсо макул демекпиз. Ошол себептүү тергөөдө негизги уюштуруучулардын жоопкерчилиги каралбаптыр. Алты күрөк менен мүрзөнү казышкан. Бирөө “Канымбүбү” мазарынын шайыгы Сейдакмат деген киши экен. Бирок аны тергөөгө кошпоптур.

Мындан сырткары маркумдун туугандары айылдын молдосун, райондун имамын жана акимди жоопкерчиликке тартуу багытында прокуратурага кайрылган. Бирок азырынча облустук прокуратура бул багытта маалымат бере элек. Ал эми Жылдыз Азаева жогорудагы адамдар тосмо арыз жазып берүүмдү суранып жатышат дейт.

- Туугандарымды ортого салып прокуратурага жазган арызымды кайра алууну суранып жатышат. Ким колу менен жасаса, айыбын моюну менен тартсын. Райондун имамы, айылдын молдосу менен бирге Нургазы деген тууганыбызды чакырып алып, "элдешели" деп айтышыптыр. Алар район акими “Барып бир аз коркутуп койгула” деп айтканынан барганбыз дешиптир. Бирок молдо же имам ошол окуядан кийин үйүбүзгө келген жок. Ала-Бука айыл өкмөтүнөн да жараштыралы деп чакырган экен, мен барган жокмун. Апамды кайрадан жууп-тазалап, мурдагы жайына коюшсун, анан бизден жооп болушу мүмкүн. Ага чейин биз артка кайтпайбыз.

Сөөктү казып чыгарууга айыпталып жаткан беш адамдын экөөнө издөө жарыяланган. Калгандары баары өз алдыбызча, эч кимдин көрсөтмөсү жок казып чыгарганбыз деп тергөө учурунда жазып беришкен. Бирок алар “Азаттыкка” маек берүүнү каалаган жок.

​Район имамы Шумкарбек Чыналиев жогорудагы окуядан соң маркумдун үйүнө барбаганын, Нургазы аттуу адам менен жолугушуп түшүндүрүү иштерин гана жүргүзгөнүн билдирди:

- Биз ошондон бери маркумдун үйүнө барган жокпуз. Нургазы менен жекеме жеке сүйлөштүк. Анда элди бөлбөйлү жана ынтымакка келели деген түшүндүрүү иштерин гана айтканбыз. Башка сөз болгон эмес. Ал дагы бул окуядан кийин көчөдө басып жүрө албай жатканын айткан. Эми районубузда мындай иштер болбойт деп үмүт этебиз. Айыл өкмөт башчысына башка диндегилерге жер бөлүп бергиле деп да кайрылуу жолдодук. Бирок алар мыйзамга ылайык бөлүп бере албасын айтышты. Биз кайсы динди тутунганына карабай адам каза болгон соң жерге жашырууга милдеттүүбүз.

Чыналиев: Биз сөөктү жашырууга аракеттендик
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:33 0:00

Быйыл 14-октябрда көз жумган Канымгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн айылдаштары “башка динге өтүп кеткен баптист” деген жүйөө менен мусулмандардын мүрзөсүнө койдурган эмес. Жасатты кайра көрдөн казып салышып, ал христиандардын көрүстөнүнө коюлган. Бирок ал жердегилер да нааразылык билдирип, чыгарып таштаган. Чуулгандуу ишке бийлик жана күч органдары аралашып, сөөк башка жерге жашырылган болчу.

Укук жаатындагы адистердин ырасташынча, эгер сотто айыпталгандардын күнөөсү аныкталса, үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG