Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Дарыгердин асынып алышы суроо жаратты


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева менен бирге айыпталып жаткан Оштогу аймактар аралык Кургак учукка каршы борбордун мурдагы жетекчиси Акылбек Байсалов каза болду.

Ош милициясы Байсаловдун өз үйүндө асынып алганын айтууда. Урмат Аманбаеванын адвокаты болсо Акылбек Байсалов бийликтин кысымына чыдабай ушул кадамга барууга аргасыз болду деген пикирде.

Башкы прокуратура тарабынан Урмат Аманбаевага карата козголгон кылмыш ишине шериктеш катары айыпталып жаткан Оштогу кургак учук борборунун мурунку жетекчиси Акылбек Байсаловдун сөөгү бүгүн жерге берилди. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 64 жаштагы дарыгер өз үйүндө асынып өлгөнүн тастыктоодо:

- Ыкчам иликтөө тобу барган учурда туугандары жипти чечип алып, маркумду жерге жаткырып коюшкан экен. Сөөктү кароо учурунда моюнундагы жиби жана жиптин тагы калганы аныкталган. Бирок туугандары сөөктү экспертизага берүүдөн баш тартып, иликтөөгө уруксат беришкен жок. Алардын айтымында, Байсалов чай үстүндө маанайы бузулуп, сыртка чыгып кеткен, - деди аталган башкармалыктын маалымат кызматынын жетекчиси Замир Сыдыков.

Урмат Аманбаеванын иши боюнча тергөөдөгү документ. 5-ноябрь, 2014-жыл.
Урмат Аманбаеванын иши боюнча тергөөдөгү документ. 5-ноябрь, 2014-жыл.

Акылбек Байсалов Башкы прокуратуранын токтому, Ош шаардык сотунун чечими менен 6-ноябрда убактылуу камакка алынып, 8-декабрда үй камагына чыгарылган.

Өзүнө карата кылмыш иши козголгонго чейин ал Оштогу аймактар аралык кургак учукка каршы борборду 8 жыл башкарган. Маркумдун жердеши Тынчтыкбек Койбагаров Байсаловду жакшы киши болгон деп эскерди.

- Көп жылдан бери медицина тармагында иштеген, адамга зыяны жок, ак көңүл киши болчу. Эмне болуп кеткенин биз да байкабай калдык. Турмуштун оор жагдайына туш келип, көтөрө албай калды окшойт. Жакшы киши болгонун элдин баары эле билет.

Ал арада Урмат Аманбаеванын тарапташтары дарыгердин өлүмүнө бийликти күнөөлөп жатат. Депутаттын жактоочусу Нургазы Сыдыков Акылбек Байсаловду бийлик кысымына чыдабай, өлүмгө баш байлады деп эсептейт.

- Чындыкты далилдеп бере албастыгына көзү жеткен соң ушул кадамга барды. Мен ушинтип ойлойм. Анткени бул кишини Урмат Аманбаевага каршы көрсөтмө бер деп камакка алышты. Мен иш менен толук тааныш эмесмин. Бирок менин оюмча, аны аябай кысымга алышып, депутатка каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлашса керек. Жебеген нерсени жеди, кылбаган ишти кылды дешип, аксакалдын эл караган бетин жер каратышты да.

Өз кезегинде Башкы прокуратура адвокат Сыдыковдун айыптоосун четке кагып, бул боюнча текшерүү жүрөрүн кабарлады.

Депутат Урмат Аманбаева.
Депутат Урмат Аманбаева.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаеваны Кургак учук борборунда башкы эсепчиси болуп иштеген кезде оорукана жетекчиси менен бирге коррупциялык схемаларды түзгөн, анын айынан өлкө казынасына 17 млн. сом зыян келген деп айыптап, 27-октябрда кылмыш ишин ачкан.

Кургак учук борборунун улук медайымы Урниса Кожонова дал ушул иштер боюнча Урмат Аманбаеванын үстүнөн арызданып, анын айынан убактылуу иштен кетүүгө да аргасыз болгонун буга чейин "Азаттыкка" айткан эле:

- Алгач облустук каржы полициясына кайрылгам. Алар текшерип, ишти жаап койгондон кийин, кайра эле ошол органга кайрылдым. Текшерүү жүрүп, 2 млн. акча жетпегени аныкталган соң иш жабылып калган. Улам-улам министрликтерге кайрыла берип, акыры жыйынтыгы чыкты.

Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева коррупция боюнча айыпталган учурда Оштогу жеке ооруканалардын бирине дарылануу үчүн жаткан. Адвокаттын кабарлашынча, Урмат Аманбаева азыр ооруканадан чыгып, үйүндө. "Дарыгерлер толук сакайыш үчүн дагы үч ай дарыланууга кеңеш беришкен", - дейт депутаттын адвокаты Нургазы Сыдыков.

XS
SM
MD
LG