Линктер

шаршемби, 19-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:13

Басма сөз катчы жетекчиликке каршы чыкты


Анара Мамбеталиева иштеген мекемесинде плакат кармап пикетке чыккан.

Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева кызматташтарын коррупциясыз иштөөгө чакырганы үчүн иштен мыйзамсыз алынганын айтып даттанып чыкты. Ал буга чейин мекеменин имаратынын ичинде плакат кармап пикет өткөргөн. Мекеменин жетекчилиги Мамбеталиева комиссиянын жыйынтыгы менен мыйзамдуу түрдө иштен алынганын айтып жатышат.

Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын мурдагы кызматкери Анара Мамбеталиева жумуштан алынганын мыйзамсыз деп эсептейт. Анын айтымында, ал кызматтын ичиндеги коррупциялык көрүнүштөргө каршы чыкканы үчүн аны жетекчилик иштен алган:

Анара Мамбеталиева.
Анара Мамбеталиева.

- Мен кечээ кадимкидей эле жумушка барсам мени 15-август күнү берене менен жумуштан алып коюшканын айтышты. Мен башында түшүнгөн жокмун. Себеби биздин ич ара келишпестиктер буга чейин эле чыгып келген. Мен жайдын башталышында “келгиле, президенттин коррупцияга каршы күрөшүн колдойбуз, биз дагы таза иштейбиз, өзүбүздөн баштайбыз” деп чыккам. Муну жалпы жамаатка, жетекчиликке да айткам. Анан биздеги айрым кызматкерлердин коррупцияга малынып жатканын, аты-жөнүн башчыбызга ачык айткам. Жаңы жетекчибиз Жолдошбек Жунушев менин айткандарымдын негизинде беш кишиден турган комиссия түзүп, иликтөө иштерин баштаган. Натыйжада мен атын атап берген адамдарды, ага кошуп мени да текшерүүгө алышты. 27-июлда комиссиянын жыйынтыгы чыгып, чечим чыгарышмак. Алар мага "өз арызың менен иштен кетсең, анда беренени алып салабыз" дешти. Бирок мени күнөөсүз жерден кетирип жатышканы үчүн арыз жазган жокмун, жогору жакка, медиага жана бардык тараптарга даттана турганымды айттым.

Мамбеталиеванын айтымында, ал бир ай мурда кызматташтарын коррупциясыз иштөөгө чакырып, мекеменин ичинде плакат кармап пикетке чыккан. Ал сүрөттөрүн 22-августта жумуштан алынгандан кийин гана "Фейсбуктагы" баракчасына жарыялап, ага карата жасалган мыйзамсыз аракеттерди айтууга аргасыз болгонун билдирди:

- Мен мекемедеги бул окуяларды ачыкка чыгармак эмесмин. Бирок алар мага айтпай, мени мамлекеттик мекемеде эч качан иштей албагыдай берене менен иштен алып салышты. "Фейсбуктагы" жарыядан кийин чалып, коркутуу-үркүткөндөр болду. Алар мага ачык эле "өз өмүрүңдү ойло" дешти. Эгер укук коргоо органдары мага кепилдик беришсе, мен аларга маалымат берүүгө даярмын.

Бир күндөн кийин, тагыраагы 24-августта Анара Мамбеталиева “Фейсбуктагы” баракчасында видео аркылуу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, мекемедеги коррупцияга аралашкан Экотехинпекциянын үч кызматкеринин ишин дыкат иликтөөнү өтүндү.

- Урматтуу президент, сиз көтөрүп чыккан коррупцияга каршы күрөштү, жарлыгыңызды колдоп, арка-бел болуп өзүмдүн кызматымда так иштеп, коррупцияга тиешеси бар адамдардын бетин ачууга даярмын. Коррупцияны жок кылууну, аны менен күрөшүүнү ар бирибиз өзүбүздөн башташыбыз керек. Мен дагы ушул ураандын астында инспекциянын ичиндеги коррупцияга бөгөт коюу максатында үч адамдын атап кетүүгө бүгүн бел байладым. Алар: Мамэкотехинспекциянын статс-катчысы Таалай Асылбеков, кадр бөлүмүн жетектеген Самат Керимкулов жана Финансы башкармалыгынын жетекчиси Гүлкайыр Жумашева. Дал ушул адамдар Мамэкотехинспекциянын ичиндеги мамлекетке таандык акчанын баарын туура эмес нукка пайдаланып жатканын башка кызматкерлер да билет, - деди өзүнүн видео кайрылуусунда Анара Мамбеталиева.

Ошол эле маалда Экотехинспекциянын жаңы басма сөз катчысы Камил Сыдыков 24-августта билдирүү таратып, Анара Мамбеталиева өзүнүн иш кабинетин, кызматтык автоунаасын жана бухгалтерияга болгон 200 миң сомго чукул акча каражатынын отчетун тапшыра элек экенин кабарлады.

Мамбеталиева болсо ал иштен кеткени тууралуу буйрукту колуна ала элек экенин жана аталган нерселерге милдеттенме алып өткөрүп ала турган кызматкерлер сүйлөшүүдөн баш тартып жатышканын айтты.

Анара Мамбеталиева мекеменин басма сөз катчысы болуп үч жылдан бери иштеп келаткан. Ал эки кыздын жалгыз бой энеси. Мамбеталиева менен кабарлашкан убакта кан басымы көтөрүлүп, ооруканада дарыланып жатканын билдирди.

Ал эми Жолдошбек Жунушев быйыл февралда Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын жетекчилигине келген. Мекеменин басма сөз кызматы учурда директор Орусияда экенин билдирди.

Директордун милдетин убактылуу аткаруучу Расул Артыкбаев Анара Мамбеталиева мамлекеттик кызматкер экенин белгилеп, мындан улам мекемеге караштуу түзүлгөн комиссия анын пикетке чыккан аракетин этикалык жактан туура эмес деп тапканын айтты:

- Комиссия анын плакат кармап чыкканын мамлекеттик кызматкерге туура келбейт деп эсептеп, жетекчиликке жумуштан кетирүү жөнүндө чечимин жиберген. Мен эми гана эс алуудан келгендиктен окуя тууралуу толук айта албайм. Биз иштеген мекемеде коррупция бар же жок деп да так кесе айта албайм. Комиссиянын иши, Мамбеталиева айткан иштер да прокуратурага өткөрүлдү, тиешелүү органдар бул боюнча чечим чыгарышсын.

Артыкбаев Мамбеталиеваны өз ишин так аткарып жүргөн кызматкер катары сыпаттады.

Адатта мамлекеттик мекемелердин басма сөз кызматына кесиби боюнча журналисттер ишке алынат. Медиа чөйрөсүндөгү адистер убагында ошол эле мамлекеттик мекемедеги, бийликтеги акыйкатсыздыкты чагылдырып жүргөн журналист үчүн мамлекеттик кызматкер болуу кыйын экенин белгилешет.

"Журналисттер" коомдук бирикмесинин төрагасы Азамат Тынаев жогорудагы окуя боюнча буларга токтолду:

Азамат Тынаев.
Азамат Тынаев.

​- Басма сөз кызматкерлери өздөрүн же журналист же мамлекеттик кызматкер катары көрсөтө албай кыйналышат. Бул жагынан алганда алардын иши оор. Анткени мамлекеттик кызматтын өзүнүн этикасы, эрежелери, кодекси бар. Аларга баш ийүүгө туура келип, кызмат үчүн көп нерсени жарыялай албай калышат. Мамбеталиеванын плакат кармап чыгышы формалдуу алып караганда ошол эрежелерге туура келбеши мүмкүн. Бирок ушундай кадамга аны олуттуу эле нерселер түртсө керек. Башкысы Мамбеталиеванын билдирүүсү сөз жүзүндө калбашы керек. Эгер ал айтып жаткандардын далили болсо аны ачыкка чыгарышы зарыл.

Буга чейин Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштө жарандык коомду көмөктөшүүгө чакырган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG