Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:07

Чек арадагы кандуу окуянын чоо-жайы


Окко учкан жоокерлерди акыркы сапарга узатуу зыйнатынан, Ак-Суу району. 22-август, 2012.
Окко учкан жоокерлерди акыркы сапарга узатуу зыйнатынан, Ак-Суу району. 22-август, 2012.

Ысык-Көлдө чек арачынын колунан окко учкан беш адамдын төртөөнүн сөөгү 22-августта жерге берилди.

20-августта кыргыз-казак чегиндеги Эчкили-Таш чек ара бекетинде кызмат мөөнөтү бүтүп бараткан Балбай Кулбарак уулу аттуу жоокер бекеттеги беш адамды атып салып, өзү из жашырып кеткен эле. Кийинки таңда аны издеген топ каршылык көрсөткөнүнөн улам атып өлтүрүүгө аргасыз болгону кабарланган.

Гүлзар Бейшекеева 20-августтагы каргашадан аман калгандардын бири. Ал ошол күнү окко учкан чек арачы Саадат Токтосуновдун жубайы. Биз маркум жоокер туулуп-өскөн Чолпон айылына барганыбызда Гүлзар бул кандуу окуя кандайча болуп кеткенин ыйлап-сыктап айтып отурду:

- Эртең менен алты жарымда күйөөм чыгып кеткен. Анан эле мылтыктын үнүн угуп калдым. Чуркап чыксам күйөөмдү атып салыптыр. Анан Балбай үйүнөн чыгып келе жаткан Рысбек аваны атты, анан начальникти атты эле мээси чачырап кетти, Рысбек аванын каны мага чачырады. Балбай деп кыйкырсам ал “жеңе, унчукпа-а!” – дейт.

Гүлзар андан ары Балбай ага автоматты такап туруп, ок сакталган кампага ошол бекеттин башчысынын аялы менен балдарына кошуп камаганын айтат:

- Анан мени начальниктин аялына кошуп байлап салды. Саадат тирүүбү десем “тирүү жеңе, унчукпа” деди. Өзү унчукпай эле жүрдү, эки көзү кып-кызыл экен. Саадаттын формасын, сержант Кадыровдун бут кийимин кийип алыптыр. Ал жерде мен, Кадыровдун аялы, анан начальниктин аялы жана үч кызы бар болчу. Скотч алып келип бири-бириңерди чаптагыла деди. Анан начальниктин аялы баарыбызды байлап, анан үч жаштагы кызына өзүнүн оозун чаптатты.

Гүлзар Бешекеева Балбайдын мындай жосунга барышына эмне түрткү болгонун алигиче түшүнө албай туруптур:

- Элпек бала болчу, чоңдорубуз “Балбай арыктап кетти, жумуш жасатпагыла” деп калчу.

Биз андан ары сержант Бакыт Кадыровдун жана анын жубайы Нуриза Шерикбаеванын сөөгү коюлуп жаткан Отуз-Уул айылына бардык. Кайгыга муунуп турган Бакыттын бир тууган эжеси Элнура Кадырова иниси ченде жок ак көңүл болгонун айтат:

- Иним кумурскага да зыяны жок, ак көңүл бала эле. Мындай өлүмгө татыктуу эмес эле, айла жок экен... Үйлөнгөнүнө алты ай эле болгон, келинчеги менен ошол тоодогу чек ара бекетине чыгып кетишти. Ал жакка чанда гана аял киши чыдабаса, көбү көнбөйт. Экөө эриш-аркак болуп жүргөнүнө абдан сүйүнгөнбүз.

Кадыровдун сөөгүн коюу зыйнатына келгендердин арасында чогуу кызмат өтөгөндөр да болду. Алардын бири Айнагүл Дүйшакунова маркумду эскерип отурду:

- Бакыт аябай жакшы, таза чек арачы болчу. Эч кимдин көнүл калтырчу эмес. Бардыгы эле жакшы балдар болчу. Бакыт өзүнүн ишин так аткарчу, өз ишинде жооптуу болчу, беш жылдан бери билем...

Айнагүл Дүйшакунова беш кишинин өмүрүнө кол салган Балбай Кулбарак уулу чек ара бекетине жакшы тартиби үчүн жиберилгенин да кошумчалады:

- Балбай деле жакшы жоокер болчу... Биз эми эч кимди күнөөлөй албайбыз. Бул баланы заставага тартиби жакшы үчүн көтөргөн. Менимче, бул баланы шайтан азгырды, шайтан азгырды...

Бул күнү окко учкан жоокерлердин дагы бири, Каракол айылынын тургуну сержант Рысбек Калманбетовдун жакындары баарлашуудан баш тартышты. Маркумдун айылдашы Нуржан Дүйшеева Рысбекти мындайча эскерди:

- Жакшы бала болчу, ушул айылда чоңойгон. Үйлөнгөнүнөбир жыл болуп, аялы жаңы эле көз жарган. Бир айлык баласы калды...

Ошентип 20-августтагы каргашадан мерт болгон беш адамдын төртөө Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунан экен. Ал эми ошол каргаша болгон бекеттин башчысы, прапоршик Мирлан Маликов Нарын облусунун кулуну экен...

Учурда бул кандуу окуянын себептери иликтенүүдө. 23-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Чек ара аскерлиги кызматтык териштирүү жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүнөн улам Эчкили-Таштагы окуянын болжолдуу себебин жарыялады. Анда ок чыгарган Балбай Кулбарак уулу башка кызматташтары менен жаңжалдашып чатак мамиледе болуп жүргөнү айтылат. Окуяны тергеп-иликтөө иштери уланууда.
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG