Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Шайлоодогу президент атаган коркунучтар


Алмазбек Атамбаев маалымат жыйында. 27-декабрь, 2014-жыл.
Алмазбек Атамбаев маалымат жыйында. 27-декабрь, 2014-жыл.

Президент Атамбаев 6-ноябрда Жогорку Кеңеште президенттик шайлоого бир жарым жыл гана убакыт калганын белгилеп, капчыктуулар элдин добушун сатып алган көрүнүш токтобогонуна тынчсыздануусун билдирди.

Атамбаевдин тынчын алган "тыңчыкмалар"

Атамбаев 6-ноябрдагы Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө келе жаткан президенттик шайлоого өзүнчө кенен токтолду. Жакында эле өткөн парламенттик шайлоодо Жогорку Кеңешке капчыктуулар көбүрөөк келгенин айтып, бул көрүнүш президентти тандоодо да кайталанышы ыктымал экенин белгиледи. Президенттин сөзүндө Конституциядан буйтап, парламентке командасын алып келген “тың” жигиттер президент боло турган болсо, мурдагы өлкө башчыларындай болуп, бизнесмендерди жана карапайым калкты каалагандай "саай" баштарын катуу эскертти. Андан ары Атамбаев парламентке кайрылып, шайлоо мыйзамындагы алешемдиктерди жоюп, Конституцияны өзгөртүп, президенттин укугун кыскарталы деген сунушун айтты.

- Мына 2017-жылы президенттик шайлоо келатат. Элибиз адаттагыдай бал сөзгө, акчага алданып бир өтө “тың” президентти шайласа, өлкөнүн башына Максим Бакиевге окшогон, кыргыз элин кой катары көргөн президент келиши толук мүмкүн болуп турат. Парламенттик шайлоо канча акча керек экенин көрсөттү, президенттик шайлоого деле кедейлер кирише албайт. Ошондуктан президенттин укугун азайтып, накта парламенттик башкарууга өтүү керек. Шайлоого бир жарым жыл калды, бул бир жарым күндөй эле өтүп кетет.

Атамбаев “тың” жигиттер тууралуу улам-улам сөз кылганы менен, кимдир-бирөөнү колу менен көрсөтүп же ысымын атаган жок. Бирок президенттин сөзүнөн бирин-экин адамдын портрети так даана чыгып турганын байкагандар да жок эмес.

Президент болгусу келгендер азаябы?

Коомдук ишмер Кубатбек Байболовдун пикиринде, парламенттик башкарууга өтүү тууралуу Атамбаевдин демилгеси негизинен туура. Бирок демилгенин келечеги анын кандай жол менен ишке ашарынан көз каранды дейт саясатчы:

- Эгерде ушул демилге чындап эле ишке аша турган болсо, президенттин чектелүү ыйгарым укуктарына кызыккан адамдар деле калбай калышы керек. Мисалы, Германияда президент бар-жогун эч ким деле билбейт, бизде деле ошондой эле болуп калышы керек. Демек, мындай президентти жалпы эл шайлабай эле, парламент чечип койсо болот. Ошондуктан парламенттик өлкөлөрдө дагы президентти парламент эле шайлап коёт.

Байболов кошумчалагандай, Атамбаев президенттин ыйгарым укугун кыскартуу менен өзүнүн болочок тагдырын дагы алдын алып жаткандай. Ал кийинки келген бийлик кеткен президентти куугунтуктабашы үчүн Атамбаев ушундай өзгөртүүгө баратат деген оюн кошумчалады.

Парламентти көндүрсө болот, элдичи?

Кыргызстан толук парламенттик башкарууга өтсө президентти мурдагыдай эл эмес, Жогорку Кеңеш гана шайлап калышы мүмкүн. Буга чейин президентти эл өзү түз шайлап келгендиктен, жумурай журттун оюн 1,5 жылда өзгөртүү кыйын болоорун журналист Төлөгөн Сулайманов айтууда.

- Ооба, парламенттик республикаларда прездентти парламент шайлайт. Бирок менин жеке пикиримде президентти буга чейинкидей эле эл шайласа жакшы болмок. Себеби азыр парламентти көрбөдүкпү кимдер келгенин, ошолорго президенттин тагдырын байлап бериш опурталдуу нерсе. Бир олигарх келип, ар бир депутаттын кадырына жараша, он миңден-миллиондогон долларга чейин берип сатып алса эмне болот? Президент болуп кайра укугун кеңейтип албайт деп ким кепилдик бере алат? Ошондуктан бул жагы дагы кооптуу болуп турат.

Ошентип бир жарым жыл – бир жарым күндөй өтүп кетерин баса айткан президент Алмазбек Атамбаев 6-чакырылыштагы парламенттин алгачкы отурумунда эле Конституцияны өзгөртүп, президенттик шайлоого даярдануу демилгесин кабыргасынан койду.

Бакетаев: Атамбаев саясаттан кетпейт

Атамбаев өз укугун чектөөгө баратканы менен келечектеги башка саясий кызматтагы ордун да ойлонуп жатканын талдоочулар белгилешүүдө. Саясат талдоочу Бакыт Бакетаевдин баамында, Атамбаевдин президенттик кызматтан кетишин, саясаттан да алыстады деп түшүнбөө керек.

- Атамбаев али жаш, ошол үчүн азыр саясаттан кетпей иштейт. Президенттиктен кеткенден кийин саясий партияларга аралашып, ишин уланта берет деп ойлойм.

Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү 2017-жылы акырына чыгат. Президенттиктен кийин аны өкмөт башчы болуп келет деп болжогондор бар. Эгерде Конституция өзгөрүлсө референдумдун аркасы менен мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө да жол ачылмакчы. Парламенттеги башкаруучу коалициянын маанайына караганда, Жогорку Кеңеш Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселесин келе жаткан жылдан баштап кароону ойлонууда.

XS
SM
MD
LG