Линктер

шейшемби, 20-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 01:40

"Азаттык+": кадрда калган ирмемдер


"Азаттык+" берүүсүнүн алып баруучулары Токтосун Шамбетов менен Айгерим Акылбекова.

"Азаттык+" жаштар берүүсү 2016-жылы кырктан ашуун программа тартты. Социалдык, жаштарды агартуу, спорт, маданий темалардан сырткары жаштар арасындагы жаңы тендециялар, мыйзамсыз көрүнүштөрдү иликтөөгө алды.

Ошондой эле коомдо болуп жаткан терс көрүнүштөрдү активдүү жаштар менен студияда талкуулады. Жыл ичиндеги берүүлөрдүн айрымдарын чогуу эстейли. Бейбаш жаштардын жүрүм-турумун кантип оңдоого болот? Бул көрүнүш мыйзамдын жумшактыгы же тарбиянын жоктугунан кабар береби? "Азаттык+" мына ушундай коомдук жайда өзүн алып жүрүүнү билбеген жаштар жөнүндө талкуулаган.

Ал эми шарты катаал, тоолуу Нарынга болгон сапарыбызда тоодо топоз кармап оокат кылган тоолуктар, өмүрүн тобокелге салып, бийик тоодон алтын казгандардын жашоосун көрсөткөн. Айганыштын аянычтуу өлүмү, иштейм деп кетип "кылмышкерге" айлангандар, темир тор артындагы мигранттар да биздин берүүдө.

Аксы районуна караштуу Кызыл-Бейит айылы жөнүндөгү программа кызыктуу чыгарылыштардын катарына кирген. Аталган айылда электр энергиясы, медпункт, мектеп жок, уюлдук байланыш дагы жакшы тартпайт.

Жыл аяктап баратканда тарткан кайрымдуулук жөнүндөгү программа дагы кызыктуу болду. 2015-жылы британиялык Charities Aid Foundation фонду Кыргызстанды берешен, кайрымдуу өлкөлөрдүн катарына киргизген. Бул берүүдө кайрымдуу, берешен адамдарды көрсөткөн.

"Азаттык+": кадрда калган ирмемдер
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:03 0:00

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG