Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:52

Жыл тогошоор алдындагы ой-толгоо


2013-жылы кесиптешим Азамат Тынаев орусча жазгандай, кыргызча кандай мазмундагы материалдар баарынан окумдуу болду деп интернеттеги Google Analytics аттуу анализдөө барагына саресеп салсам, кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек араларындагы чыр-чатактар, Орусияда кыргыз кыз-келиндерин тескеген “жарма патриотттор”, сот иштери, жол тосуулар, митингдер экен...

Коопсуздук, бейпилдик, күнүмдүк тынч жашоо баарынан жогору жана маанилүү экенин ушинтип жөнөкөй статистика дагы бир ирет далилдеп койду.

Жыл бою ушундай окуяларды көңүлүбүздөн, жүрөгүбүздөн өткөрүп жашадык. Радио (60 жыл илгери үналгы болуп түптөлгөн соң сөздү ушундан баштайлы), ТВ, интернет биз үчүн үч башка платформа болбой калды. Интернетке аудио, видео, сүрөт да коюлат, радиодо интернет-барагыбыздагы кызыктуу мазмунду кошо айтабыз, телеберүүлөрдү радио жана интернет аркылуу жарнамалап, жарыялап келатабыз. Дүйнөдө, Кыргызстанда кандай окуялар болуп, эл эмне менен жашап жатканын Фейсбук, Твиттер жана башка социалдык түйүндөрдөн да угуп биле баштадык. Журтташтар дүйнөнүн булуң-бурчунан кирип окушат сайтыбызды, күндүн башкы окуялары, жаңылыктары тууралуу ой бөлүшүп комментарий калтырышат, ар түркүн талкууга, биздин жаңы берүүлөрүбүзгө жем ташташат. Google компаниясы курган машиненин кургак статистикасына ишенсек, компьютер жана уюлдук телефон аркылуу “Азаттыктан” маалымат-кабар издегендердин саны бир айда бир миллионго чукулдады. Бул адамдардын саны эмес, окурман-көрөрман канча жолу кирип-чыкканын көрсөткөн сан экенин белгилей кетейин.

Сиздер жана биз - баарылап күч үрөп, кыргыз коомчулугун алдыңкы катарга кошо алабызбы? Ошондой болот деп ишенип иштеп, жашап келатабыз. Сабырдуу диалог, баарлашуу маданиятын жайылтууга салым кошкубуз келет. Оңчул, солчул, чордончул, динчил жана башка көз караштагылар “бизди көбүрөөк айтпай койдуңар, сындадыңар, бизге тартпай койдуңар, батышчыл, либерал көз карашты колдодуңар, бул бийликти качан кулатабыз, силердин милдетиңер ошол” деген жана башка ой-пикирин бизге ачык айтып, камчылап келатышат, мындан ары да ошентишет. Биз саясатчы эмеспиз, журналистпиз, кабарчыбыз. Окуяны болгонун болгондой чагылдырып, ар түрдүү көз караш, кайчылаш пикирлерди ортого салып, калыстык издөө ишин элдин өзүнө калтырабыз. Эл – тараза, өзү байкап, чечим чыгарып алат. Биз акылдуусунуп, ар кимге “туура пикирди” таңуулагыбыз келбейт.

“Азаттыктагы” жаңылыктарды кошо кетсем, телеберүүлөрдө студиядагы талкууну азайтып, иликтөө, элди аралап маалымат издөө ишин көбөйтө бермекчибиз. Радиодо 60 жылдык мааракеге арналган узун серияларды чыгардык, өткөн-кеткенге аздыр-көптүр көз чаптырдык, интернетте окуя болгон жерден “кашыктап” маалымат чогулткан Live Blog, Кыргызстанды курчаган аймактардан күнүмдүк видео-кабарлар даярдай баштадык, аныбыз интернетте гана эмес, беш-алты облустук телеканал аркылуу көргөзүлүп жатат. "Азаттык - 60ка", Чыңгыз Айтматовдун мааракесине арналган атайын рубрика, же микросайт чыгардык. Бөбөктөргө кыргыз жомокторун, уламыштарын окуп берип, аудио-куржун ачтык. Баарын санай берсем узарып кетчүдөй. Эң башкысы - урматтуу окурман, көрөрман, угарман, сиздер менен чогуу кыргыз коомчулугунун өткөнү, азыркысы жана келечеги тууралуу ой-толгоо, талкууларды уланта бермекчибиз. Ал үчүн кайдыгер болбой, бизге телефон чалыңыз, блог же аңгеме жазыңыз. “Көрөгөч” аттуу рубрикабызга видео, сүрөт салыңыз. Биздеги мазмун, материалдар тууралуу ой-пикир, сунушуңузду күтөбүз.

Баарыбызды бириктирген тил, маданият, улуттук уңгубуз өчпөсүн, буларды аздектеп байыта турган билимдүү жаңы муундун катары өссүн! 60 жыл илгери кыргыз тилдүү “Азаттык” ушундай максатта түптөлгөн, биздин жаңы жылдык тилегибиз да ушундай.









Венера Сагындык кызы,
Эркин Европа/Азаттык радиосунун
Кыргыз кызматынын жетекчиси
XS
SM
MD
LG