Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:34

Чүй соту Аскаровдун ишин карап баштады


Азимжан Аскаровдун соту өтүүдө
Азимжан Аскаровдун соту өтүүдө

Чүй облустук соту Азимжан Аскаровду үй камагына чыгаруу өтүнүчүн четке кагып, териштирүү ишин баштады.

Жактоочулар Валерьян Вахитов менен Нурбек Токтакуновдун камактагы укук коргоочу, өмүр бою эркинен ажыратылган Аскаровду үй камагына чыгаруу өтүнүчүн сот канааттандырган жок.

Бүгүнкү соттук жараянда айыпталуучунун адвокаттары, жабыркаган тарап жана күбөлөргө сөз берилди. Маркум милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун кесиптештеринин айрымдары тополоң болгон учурда Азимжан Аскаровду көрбөгөнүн айтышса, кээ бири Аскаров көпчүлүктү өзү баштап, элди чагымчылдыкка үндөп жүргөнүн билдиришти.

Аскаров калпты аныктоочу детектордон өз ыктыяры менен өтүүгө даяр экенин, 2010-жылдын 13-июнунда Базар-Коргондогу башаламандыкка катышпаганын айтып, Куранды кармап алып, маркум милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун өлүмүнө тиешеси жок экенин билдирди.

Ошол учурдагы видео тасманы көрсөтүүнү соттон өтүндү.

- Мага буга чейин видео тасманы көрсөтөбүз деп айтышкан. Эмне үчүн аны көрсөтпөй жатат? Анткени ал видеодо мен жокмун. Арадан алты жыл өттү, дагы деле ал видео жөнүндө кеп жок. 2010-жылдын 18-июнунда Азимбек Бекназаров маалымат жыйын өткөрүп жатканда, кылмыш учуру видеого тартылып калганын айткан, бирок эмнегедир аны көрсөтпөй жатышат, - деди айыпталуучу.

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кароо 11-октябрда уланат. Бул тууралуу чечимди бүгүн Чүй облустук сотунун соттор коллегиясы кабыл алды. Сот жараяны мындан ары ар шейшемби күн сайын, Чүй облустук сотунун Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын күзөт департаментинин имаратында өтөт.

Соттук жараянга маркум милиция Мыктыбек Сулаймановдун жубайы жана жакындары дагы катышты.

Соттун жүрүшүндө адвокат Токтакунов буга чейин чыккан БУУнун адам укуктары боюнча чечимин эске алууга чакырды. Ошондой эле ал Аскаровдун милиция кызматкерин өлтүрүүгө тиешеси жок экенин, маркум Сулайманов Базар-Коргон районундагы таасирлүү адам болгондуктан анын өлүмүн башкалар уюштурган болушу мүмкүндүгүн билдирди. Бирок мындай сөздөргө жабырлануучулар нааразы болуп, Азимжан Аскаровдун күнөөлүү экенин айтышты.

Аскаров 2010-жылы июнь окуясында улуттук кастыкты козуткан, массалык башаламандык уюштурган жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган.

Быйыл жазында БУУнун Адам укуктары боюнча комитети ал мыйзамсыз камалганын айтып, Аскаровду бошотууну талап кылган. Аталган уюмдун сунушунун негизинде Жогорку сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу деген негизде кайра карап, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмдөрүн жокко чыгарган. Ишти кайра кароону Чүй облустук сотуна тапшырган.

XS
SM
MD
LG