Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:47

Баткен: 3 мектептин окуучулары чатырда билим алууда


Ушул тапта Баткен облусунун 4 мектебинин окуучулары жайкы чатырларда окуп жатышат. Баткен облусунун губернаторунун биринчи орун басары Карамат Орозова “Азаттыкка” маек курду.

- Азыр аба ырайы суук эле болуп калды. Балдар дале жайкы чатырларда окуп жаткан экен. Абалдан кантип чыгалы деп жатасыздар?

- Туура айтасыз, бул чатырда окуу аргасыздын иши. Чатырда окуу кышында эле эмес, күн жылуу маалында да ыңгайсыз абалды түзөт. Кадамжай районунда үч мектеп жараксыз абалга келип, аны кайра куруш керек. Алар: Таш-Дөбө, Учкун жана Сырт мектептери.

Таш-Дөбө он жылдык мектеп, ал жерде үч жүздөн ашуун окуучу бар. Ал жерге он чатыр орнотулган. Алардын бардыгы абдан чоң, кышкысын жылытуу абдан кыйын. Капиталдык курулуш башкармалыгынан 56 млн. сом каралыптыр. Бирок бул 320 орундуу чоң мектеп. Бул кышка чейин бүтө турган мектеп эмес. Ошондуктан азыр биз жергиликтүү бийлик менен бирге анын камын көрүп жатабыз.

20-июлдагы жер титирөөдөн кийин
Жанында Жошук деген мектеп бар, ошого чоң класстарды жиберсек деп пландап атабыз. Ал эми Таш-Дөбө мектебинин жаңы бүткөн корпусу бар, ошол дурусурак экен. Ошону ремонттоп кичине класстарды жайгаштыралы деп аракет кылып атабыз. Болбосо чатырда окуу кышында абдан кыйын. Ал эмес жайкысын бул жерде жагымсыз жыт чыгып, окууга мүмкүн эмес. Чатырда окуу көчөдө окуу деген менен эле барабар.

- 20-июлдагы жер титирөөдө 64 мектеп жабыркаган. Ал эми кыйраган 13 мектептин тогузун жарым жартылай кыйраган мектептер кабыл ала алса, 3 мектептин окуучулары кышында эч жакка бара албай калат деп айтылып атат. Азыр эми кыш алыс эмес. Алар окубай калышы мүмкүнбү?

- Жок, аларды окутабыз. Себеби бизде 64 мектептин 27си авариялык абалда деп комиссия тыянак чыгарган. Ага ылайык капиталдык ремонтко муктаж экен. Ал эми үч мектепти кайрадан куруш керек. Себеби мурда мектептин стандарты менен курулган негизги корпусу бар экен, ал эми окуучулар көбөйгөн сайын ага кошумча кылып эле уланып кете берген. Ошондуктан негизги корпуска майда класстарды кармасак, чоң класстарды 2 чакырым аралыктагы мектептерге алып барышыбыз мүмкүн.

Сырт мектебинде да чатырда окуп атышат. Ал жерге да 48 млн. сом акча каралган. Анын бышык кыш менен салынган негизги корпусун жергиликтүү бийлик ремонтко берип атат. Ал эми майда класстарды кошуна мектепке алып барабыз.

- Башталгыч класстын окуучуларынын алыска барып окуусу кыйынга турат го?

- Ооба, кошуна мектептерге чоң класстар алынып барылышы мүмкүн. Анткени чатырда окуу кышында такыр мүмкүн эмес.

Ошондой эле Баткен шаарынын Булак-Башы башталгыч мектеби да жараксыз болуп калган. Ага Баткен шаарынын мэри 23 млн. акчаны демөөрчүлөрдөн таап, азыр пайдубалын бүтүрдү. Аны 90 күндө бүтүрүп, декабрь айында ишке берилет деп чамданып жатышат. Капиталдык курулуш башкармалыгы бардыгына эми акча карап жатат. “Темирди кызуусунда сок” дейт биз азыртадан ишти баштай беребиз. Азыр баштабасак кийинки жылы дагы калып калат.

- Жалпысынан чатырда окуп жаткан окуучулардын саны канча?

- Таш-Дөбөдө 300, Учкун мектебинде эки чатырда 200 окуучу окуйт. Кызыл-Коргондо шыйпырын бүтөп алып ошол жерде эле окуп жатышат. Ал эми Булак-Башы башталгыч мектепте 50-60 бала чатырда окуп атат. Бирок бул мектепти бүтүрөбүз. Окууларын үзгүлтүккө учуратпайбыз.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG