Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:37

Кадыржан Батыровдун мүлкү талашта


Кадыржан Батыров. 11-апрель, 2010-жыл.
Кадыржан Батыров. 11-апрель, 2010-жыл.

Июнь окуясында сепаратисттик ураан менен элди кайраштырган деп айыпталган Кадыржан Батыровго тиешелүү мүлк мамлекеттин карамагына толук өтпөй, арабөк бойдон турат.

Сот Батыровду сыртынан өмүрүнүн аягына чейин кесип, анын мүлкүн көзөмөлдөөнү жергиликтүү бийликке тапшырган. Батыровдун мүлкүнө ээлик кылуу максатында сот жараяндарына орусиялык "Вацет" компаниясы да катышып келатат.

Ар улуттун 5 миң чамалуу улан-кызы билим алган Жалал-Абад шаарындагы Эл достугу университетинин имараты 2010-жылдын 13-июнунда өрттөлүп кеткен. Ал көпчүлүккө облустагы өзбек маданий борборунун башчысы, коомдук ишмер жана ишкер Кадыржан Батыровдун ар кыл саясий жыйын, акция өткөрүүчү жайы катары белгилүү болчу. Азыр имарат өрттөлгөндөн бойдон оңдолбой турат. Ага университеттин короосунда жайгашкан Кадыржан Батыров атындагы лицейдин жамааты көз салууда. Июнь окуясынан кийин ишин дароо улап кеткен лицейде азыр 500дөн ашык ар улуттагы улан-кыз окуп, аларга 41 окутуучу билип берип жатканын директор Мукарам Турдиева айтты:

- Эч ким келип окууну токтоткула деп айткан жок. Лицей Кадыржан Батыров атында турат. Мамлекет өзүнө алса, балким, аты өзгөрөттүр. Университет өрттөлгөн бойдон турат, ичиндеги калган нерселер тонолуп кетпесин деп биз көзөмөлдөп жатабыз.
Эл достугу университети. 11-июнь, 2014-жыл.
Эл достугу университети. 11-июнь, 2014-жыл.


Турдиева имараттын тагдыры эртерээк бир жаңсыл чечилип, балдарга ар кандай психологиялык кесепети тийбегидей маанай түзүлсө болот эле деген каалоосун жашырган жок.

Жалал-Абад облусу боюнча Кадыржан Батыровго таандык 28 даана мүлк жергиликтүү бийликтин карамагында убактылуу турат. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурбек Жээналиев билдирди:

- Соттун чечими менен 28 объект жергиликтүү бийликке убактылуу кароого өткөрүлүп берилди. Азыр биз ар бир мыгына чейин карап, өкмөттүн токтому чыканга чейин көзөмөлдөп турабыз.

Облустук сот аткаруучулар департаментинин башчысы Абдулхаким Таштемиров Батыровдун мүлкүн мамлекеттин карамагына толук өткөрүү боюнча өкмөттүн токтому даяр экенин айтат:

- 2013-жылдын 14-апрелинде Жогорку Соттун Батыровдун мүлкүн мамлекетке өткөрүү боюнча чечими чыккан. Аны аткаруу максатында биз таланып бараткан мүлктү убактылуу кароого өкмөттүн облустагы өкүлүнө өткөрдүк. Өкмөт азыр токтом долбоорун даярдап берди. Алдыдагы күндөрү мүлк толугу менен мамлекетке өткөрүлөт.

"Вацет” компаниясынын коомдук жактоочусу Качкын Булатовдун пикиринде Батыровдун мүлкүн өкмөттүн токтому чыкканча жергиликтүү бийлик көзөмөлдөшү туура эмес. Анткени мүлктүн акцияларын чет өлкөлүк “Вацет” компаниясы Батыровдун карызы үчүн 2012-жылдын 15-июнунда Жалал-Абад район аралык сотунан утуп алган. Булатов бул чечимди Жогорку Сот да күчүндө калтырганын айтат. Бирок быйыл, 2014-жылдын 5-июнунда Жогорку Сот маселени кайра карап, облустук соттун кароосуна жөнөттү:

- 2002-жылы Москвадагы "Вацет" деген фирмадан Батыров 1 миллион доллардан ашык карыз алган. Азыр ошонун тегерегинде сот болуп жатат. Буга чейин район, облус карап, Жогорку Сот 31 объектти “Вацеттин” пайдасына чечип берген. Бирок кечээ кайра райондук сот карасын деп жөнөтүптүр.
Эл достугу университети июнь окуясында өрттөлгөн.
Эл достугу университети июнь окуясында өрттөлгөн.
​Cоттун чечими чыкса да ушул кезге чейин Батыровго тиешелүү мүлк мамлекеттин карамагына өткөрүлбөгөнүн Жалал-Абад облусунун прокурору Кылычбек Токтогулов кээ бир беренелер күчүн жоготуп, жаңыртылбай жатышы менен байланыштырат:

- Бүгүнкү күндө мамлекетке факт түрүндө эмес, юридикалык негизде гана өткөрүлүп берилди. Себеби 2010-жылы жаңы кабыл алынган укук-ченемдик актылар жөнүндөгү мыйзамдын конфискациялоо боюнча бөлүгү күчүн жоготуп, ошо бойдон ал акт кабыл алына элек. Ошондуктан маселе эми өкмөттүн токтому менен чечилип жатат.

2010-жылдагы июнь окуясынан кийин чет өлкөгө чыгып кеткен Жалал-Абаддагы өзбек улуттук-маданий борборунун башчысы Кадыржан Батыровго Башкы прокуратура издөө жарыялаган. Ал эми сот аны өмүрүнүн аягына чейин абакта кармалсын деген өкүм чыгарган. Бирок Батыров өлкөдө жок болгондуктан өкүм сыртынан чыгарылып коюлган. Айыптоонун баарын ал өзү четке кагып жатканын буга чейин бир катар маалымат каражаттары жазып чыккан.

XS
SM
MD
LG