Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

Өзгө улут ырларына өң берген кытайлык кыргыз


"Адамдын көркү чүпүрөк" болгон сымал, жакшы ырдын жарашыгын чыгарчу өзгөчөлүктөрдүн бири анын музыкалык жасалгасы деп айтсак болот. Кытайда бүгүнкү күндө бул багытты карманып, атайын музыка жасоо менен алектенген кыргыз жаштары саналуу гана. Алардын бири Үрүмчү шаарында өз студиясынын ишин өргө тартып, талыкпай эмгектенип, тек кыргыздын гана эмес казак, уйгур ырчыларынын ырларын жасоо менен белгилүү болгон Асылбек Кыдырбек уулу.

Асылбек чыгармачылыгында эң соңку олуттуу жаңылыгы катары - жаңы 2013-жылы ата-энесине арнаган ыры даяр болгонун айтып, аны мага да созуп берди:

Асылбек Кыдырбек уулунун жаңы ыры
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:50 0:00
Түз линк

Мен жумушуна издеп барганымда ал кытайлык казак ырчыларынын башын кошкон чоң көлөмдөгү концерттин көшөгө жабаар ырынын музыкасын жасалгалап жаткан экен. Эң акыркы бир кыз, бир жигиттин үнүн алып, аларды узатып коюп мага кайрылды.

"Менин балалыгым туулган жеримде, Иле казак аптоном облусунун Муңгул-Күрө ооданында өткөн. Музыкага биринчи класска киргенден эле кызыкчумун. Аккордион үйрөнөм деп мойнума илип алып, көтөрө албай жыгылган кездерим эсимде" ,- деп эскерет Асылбек музыкага болгон алгачкы кызыгуусун.

Асылбек 2004-2005-жылдары Кыргызстандагы Арабаев атындагы университтин филология факултетинде окуган. Ошол студенттик күндөрүндө Ыслам Акмат, Мирлан Абдырай деген ыр ышкыбоздору менен бирге топ курап, той-торополордо, студенттик концерттерде ырдап жүрдү.

Кытайга кайтып келген соң кытайлык казактардын эң белгилүү ‏"Жаңы обон" шоу-бизнес кампаниясында музыка жасалгалоочу болуп алты жыл эмгектенди. Эки-үч жылдан бери өз алдынча студия ачкан. Анын колунан өткөн ырлардын айрымдары аткаруучуларга албан ийгиликтерди жаратып келет.

- Жан-саныбыздын аз болгондугуна байланыштуу болсо керек, [кытайлык кыргыздарда] ырчыларыбыз да аз. Көбүнчө казак, уйгур ырчылары келишет. Ошол эле менин колумдан чыккан музыкалар менен мамлекеттик чоң-чоң фествалдардын жеңүүчүсү болуп келгендер да жок эмес.

Асылбек мырза музыка жасалгалоо менен бирге обон жаратат. Өзү таланттуу аткаруучу. 2010-жылы Шинжаң боюнча 2000 шайыр ат салышкан фестивалда 3-орунду жеңип алган. Ошого карабастан, "Кытайлык кыргыз эстрадасын азырынча бийик деңгээлде деп айтуу эртелик кылат", деп эсептейт.

Кыргызстандык ырчылардын ичинен Актан Исабаевди, Ырыскелди Осмонкуловду, Гүлнур Сатылганованы өзгөчө бийик баалайт. Жаш ырчылардан болсо Мирбек Атабеков менен Илияз Абдыразаковду өз үзөңгүлөштөрүнүн алды деп билет.


Бектур Илияс,
Үрүмчү
2013-жылдын январы


P.S. Автордун жазуу стили сакталды.
XS
SM
MD
LG