Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:03

Беларус Кыргызстанга кыр көрсөтөбү?


Беларус президенти Александр Лукашенко Евразия экономикалык биримдигинин саммитинде. Москва, 19-март, 2012.
Беларус президенти Александр Лукашенко Евразия экономикалык биримдигинин саммитинде. Москва, 19-март, 2012.

Беларус президенти Кыргызстан Бажы жана Евразия экономикалык биримдигине кириши мүмкүн эмес дегендей ойду кыйытты.

Кыргызстан менен Беларустун мамилеси апрель ыңкылабынан кийин начарлап кеткен. Азыр Беларуста жан сактап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Кыргызстанда бир катар оор кылмыштар үчүн айыпталып жаткан иниси Жаныш Бакиевдин Минскиде тартылган деген сүрөтүнүн жарыяланышы аны ого бетер оорлоштурду.

Кыргызстанда Беларуска каршы уюштурулган иш-чаралар эки ортодогу мамилеге эле эмес, Бишкектин КМШ аймагындагы уюмдарга кирүүсүнө да олуттуу тоскоолдук жасашы ыктымал.


Дипломатиялык жаңы жаңжал


Жаныш Бакиевдин Минскиде тартылган деген сүрөтүнүн интернетте таралышы Бишкек менен Минскинин ортосунда дипломатиялык жаңжалды пайда кылды.

Кыргызстан эл аралык деңгээлде издөө жарыялаган жарандын Беларуста ээн-эркин жүрүүсү Бишкектин кескин нааразылыгын жаратты. Апрель ыңкылабы учурунда жабыркагандар Беларустун Бишкектеги элчилигин ташбараңга алганга чейин барышты. Расмий Бишкек нааразылык ноталарын жиберип эле калбай, Беларустагы элчиси Эрик Асаналиевди кызматынан чакырып алды.

Беларус тарап адегенде актанып, бирок соңку мезгилде азуусун көрсөтө баштады. “Азууну” кайсы бир министрлик эмес, президент Александр Лукашенко өзү көрсөттү. Европадагы акыркы “диктатор” аталган Лукашенко Орусия, Беларус жана Казакстан түзүп жаткан Бажы биримдигине Кыргызстандын кирүүсү мүмкүн эмес дегендей оюн 1-сентябрда билдирген:

- Кыргызстандын Бажы жана Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү үчүн көптөгөн документтерди кабыл алып, ратификациядан өткөрүш керек. Мына ошол узак жолду басып өткөндөн кийин карап көрөбүз. Ал мүчө болуш керектиги же керек эместиги боюнча биз чечим кабыл алабыз. Ал эми мүчөлүккө умтулуулар боло берсин. Аны колдойбуз. Ал эми келечекте Евразия экономикалык биримдигине мүчө болобу же жокпу бул чоң маселе. Эми бул эртеңдин иши эмес.

Александр Лукашенконун пикиринде, Кыргызстандын экономикасы өтө алсыз. Ошондуктан андай экономикасы бар өлкөнү катарга кабыл алуу күчтүү экономикасы бар өлкөлөргө зыянын тийгизет.


Беларус бут тосо алабы?


Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүн Орусия жана Казакстан колдоого алган. Бирок байкалып тургандай, тоскоолдук Беларус тараптан болчудай.

Бажы биримдигине кирүү боюнча кыргыз өкмөтүнүн жумушчу тобунун мүчөсү, Экономика жана антимонополиялык саясат министринин орун басары Олег Панкратов Беларус лидеринин билдирүүсү Кыргызстандын биримдикке кирүүсүнө таасир эткен жок дейт:

- Иш планга ылайык жүрүп жатат. Евразия экономикалык биримдиги менен Кыргызстан түзгөн жумушчу топтор бекиткен иш-чаралар бар. Ал боюнча иш жүрүүдө. Александр Лукашенконун билдирүүсүнө байланыштуу эч кандай өзгөрүүлөр болгон жок жана болоору байкалбайт.

Панкратовдун айтымында, Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү бир ай, алты айдын, же бир жылдын да иши эмес. Ал узакка созула турган жараян. Анын качан ишке ашаар мезгилин так айтуу кыйын.

Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Александр Лукашенконун билдирүүсүн Бишкектеги Беларус элчилигинин алдында болгон окуяга жооп катары баалайт. Ал эми Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү маселесин негизинен Москва чечет. Бирок да Беларус вето коюуга жөндөмдүү дейт Жекшенкулов:

- Принципке келсе Беларус вето коюп коёт. Бирок бул маселеде саясий чечим кабыл алынат да. Ал эми саясий чечимге келгенде Минск Казакстан менен Орусияга каршы тура албайт.

Ошентип Беларус менен Кыргызстандын Бакиевдерге байланыштуу тутанган дипломатиялык жаңжалы Евразия аймагында куралып жаткан структураларга Бишкектин кирүүсүнө тоскоолдук жаратышы ыктымал болууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG