Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:35

Кыргыз өкмөтү эмдиги жылдын жазынан баштап жарандарга биометрикалык паспорт бере баштайт.

Анда жарандын улуту менен жеке өзүнө тиешелүү маалыматтар жазылбай турган болууда. Улуту жазылбаган паспорт бара-бара элдин тегин унутууга алып барат деп коомдо ага каршы болгондор да арбын.

Кыргызстанда биометрикалык паспорт даярдоого кандай зарылдык түрткү берди? Жарандын паспортто жазылбаган жеке маалыматтарынын коопсуздугу кандай сакталат? Улуту жазылбаган паспорт чын эле улуттар аралык ынтымакты бекемдейби же кыргыздын жети атасын унутуусун тездетеби?

“Азаттык” кезектеги “Арай көз чарай” талкуусунда мына ушул маселеге сереп салды.

Талкууга Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат бөлүмүнүн башчысы Мелис Эржигитов, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жана “Улутуңду унутпа” коомдук-саясий кыймылынын теңтөрагасы Шамшыбек Медетбеков катышты.

“Азаттык”: Мелис мырза, Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев 2017-жылдын аягына чейин Кыргызстандын бардык калкы биометрикалык паспорт менен камсыз болот деп билдирди. Мындай паспортту жасатууга кандай зарылдык түрткү берди? Биометрикалык паспорттун азыркы паспорттон айырмасы эмнеде? Пайдалануу мөөнөтү канча жыл болот? Кандай маалыматтар жазылат жана баасы канча?

Мелис Эржигитов: Мамлекеттик каттоо кызматы электрондук биометрикалык паспорт берүү боюнча көп аракеттерди көрүп жатат. Азыр ага негиз берген тиешелүү мыйзам негиздерин түзүү иштери жүрүүдө. Жаңы жылдын январь-февраль айларында практикалык иштер башталат. Биометрикалык паспорттордун анкетасы толтурулуп, марттын аяк ченинен баштап биометрикалык жаңы паспорттор бериле баштайт деп ойлоп жатабыз.

Угармандын пикири: Паспортто улутту жазбоо туура эмес. Ошол улут үчүн канчалаган инсандар көз жуумп кетишкен. Мен жана мен курактуу адамдар буга каршыбыз. Паспортто сөзсүз улуту жазылышы керек.

Ал эми улутту жазуунун азыр зарылдыгы жок. Дүйнө жүзүндөгү көп мамлекеттерде жарандыгы гана жазылып турат. Улуту жазылбаса эле улут жоголуп кетет деген такыр туура эмес.
Мелис Эржигитов

Мелис Эржигитов: Коомдо туура эмес маалыматтар көп болуп жатат жана атайын тараткандар да болууда. Паспорт электрондук түрдө болгондуктан жарандын улуту жөнүндө маалымат андагы чипте болот. Улуту гана эмес, башка маалыматтар: үй-бүлөлүк абалы, жашаган дареги жана башка маалыматтар жазылат.

Азыркы паспорт жарандарга көп кыйынчылыкты түзүп келген, себеби жарандын жашаган жери, үй-бүлөлүк абалы өзгөрсө эле паспортту алмаштырууга туура келчү. Биометрикалык паспорт алгандан кийин жарандар ушундай учурда паспортун эмес, чиптеги маалыматты гана өзгөртөт. Жаңы паспортто алардын коргоо элементи азыркы паспортко караганда 40 эсе жогору. Аны окуй турган 100 миң техника Корей өлкөсүнүн грантынын эсебинен алынат. Бюджеттен бир тыйын да каражат сарпталбайт.

Ал эми улутту жазуунун азыр зарылдыгы жок. Дүйнө жүзүндөгү көп мамлекеттерде жарандыгы гана жазылып турат. Улуту жазылбаса эле улут жоголуп кетет деген такыр туура эмес.

“Азаттык”: Клара айым, сиз биометрикалык паспорт колдонууга киргизилсе, жаран жөнүндө жеке маалыматтардын коопсуздугуна коркунуч келет деп айткан элеңиз. Азыр кандай пикирдесиз, электрондук базада сакталган маалыматты ою бузук адамдардын колдонуп алуусу мүмкүнбү?

Клара Сооронкулова: Чынында биометрикалык системанын элементтери киргизилип жатат. Аны колдонуу үчүн мамлекет өзү даяр болушу керек. Мисалы, батыш өлкөлөрүндө жарандын жеке маалыматтарынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн акыйкатчыга окшогон эч кимге көз карандысыз атайын уюм түзүлөт. Ал уюм маалыматтардын сакталышы үчүн жооп берет.

Ал эми бизде маалыматтардын бардыгы Мамлекеттик каттоо кызматына берилип жатат. Биометрикалык паспорттун өзү жакшы, бирок анда маалыматтардын баары чипте жазылгандан кийин аны окуй турган каражаттар бардык жерде орнотулушу керек. Ага канча каражат керек? Андан тышкары ар бир жаран биометрикалык паспортту колдонууга даяр болушу зарыл. Мисалы, шайлоодо биометрикалык маалыматтарды киргиздик, бирок жарандын добушу кандай саналып жатканын билген жери жок. Ошон үчүн чет мамлекеттин биринде да биометрикалык добуш берүү киргизилген жок.

Бул система электрондук өкмөт болгондон кийин гана киргизилиши керек. Коом буга даяр эмес. Менин оюмча мунун артында баягы эле каражат маселеси турат, тендерлер кандай өтүп жатканы эч кимге белгисиз. Анын баары өз убагында ачыкка чыгат, ошондо биометрикалык паспорттун жана шайлоодо добуш берүүнүн чыныгы максаты аныкталат.

“Азаттык”: Шамшыбек мырза, сиздер ушул биометрикалык паспортту колдонууга, анын ичинде улуту жөнүндө маалыматтын жазылбай калышына каршылык билдирип, кыймыл да түзгөн элеңиздер. Азыр эми жаңы паспортто улут жазылбай турган болду. Бул чечимди кандай кабыл алып жатасыздар?

Бир гана кыргыз эмес башка улуттардын өкүлдөрү да улуттун жазылбагандыгына каршы болуп жатышат. Эгер паспортто улут жазылбаса, 20-50 жылдын ичинде улут деген түшүнүк жок болот деп коркуп жатышат.
Шамшыбек Медетбеков

Шамшыбек Медетбеков: Жарандын улуту жөнүндө жазылбай калышына коом каршы. Ал үчүн биз кыймыл да түзгөнбүз. Бирок каршы болгон жарандардын үнү өкмөткө жетпей жатат. Анткени бардык массалык маалымат каражаттары бийликте турган адамдардын монополиясына айланган. Кайрылуубузду алып барсак, бир дагы ММК чыгарган жери жок. КТРК дагы канча жолу кайрылганыбызга карабастан элдин үнүнө көңүл бурган жери жок. Айласыздан биз айылдарды кыдырып жатабыз, эл улуттун жазылбагандыгы кандай кесепет алып келерин эми гана түшүнүп баштады. Ошол чоң жыйындарда бир гана кыргыз эмес башка улуттардын өкүлдөрү да улуттун жазылбагандыгына каршы болуп жатышат. Эгер паспортто улут жазылбаса, 20-50 жылдын ичинде улут деген түшүнүк жок болот деп коркуп жатышат.

Угармандын пикири: Биометрикалык паспорт деген абдан туура. Ага эски заманды эңсеген адамдар каршы болуп жатышат. Адам өзүнүн улутун жүрөгүндө сактап, мамлекетинин атын жүрөгү менен таанышы керек. Кыргыз болсо өзүнүн улутун өз жүрөгүндө сактап жүрсүн.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG