Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Туу авторлору “Кыргызстан" партиясына нааразы


Мамлекеттик туунун алгычкы эскиз-үлгүсү. Сүрөттү "Азаттыкка" туунун авторлору жиберди.
Мамлекеттик туунун алгычкы эскиз-үлгүсү. Сүрөттү "Азаттыкка" туунун авторлору жиберди.

Мамлекеттик туунун авторлору алар жасаган эн белгини “Кыргызстан” саясий партиясы уруксатсыз пайдаланганы үчүн сотко бергени жатышат.

Желектин көзү тирүү авторлору Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков жана Жусуп Матаев “Кыргызстан” партиясын автордук укукту бузду деген билдирүү таратышты. Алар Кыргызстан туусуна жасалган эскиз-үлгүнү эч өзгөртпөй партия уурдап алды деп эсептешет. Желектин авторлорунун бири Бекбосун Жайчыбеков партияны уурулугу үчүн сотко берерин айтууда.

- Эң өкүнүчтүүсү, партия лидерлери билип туруп ушундай жасады. Анткени биздин мамлекеттик туунун алгачкы эскизи так ушундай болчу. Нур чачкан күн көк фондун ортосуна тартылган. Партия жетекчилери бизден бир ооз сураса болот эле да. Алар автордук укугубузду тебелеп жатышат. Эгер кепке келбей турган болсо сотко кайрылууга туура келет, башка айла жок.

Бекбосун Жайчыбеков партия өкүлдөрүнүн бирине да байланыша албай жатканын кошумчалады.

Манастан калган көк асаба...

Анткен менен жаңы түптөлгөн “Кыргызстан” партиясынын маалымат кызматынын жетекчиси Константин Конкин авторлордун эмгеги уурдалбаганын айтып, момундай жүйөнү алдыга жаюуда.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу
Кыргызстандын мамлекеттик туусу

- Биз эмблеманы эч кимден уурдаган эмеспиз, өзүбүздүкү. Биздин дизайнерлер иштеп чыгышкан. "Көк асаба" деп "Манас" эпосунда да айтылган. Эгер бизди кимдир бирөөлөр уурдап алды деп күнөөлөп жатышса, анда алар идеяны "Манастан" уурдаган болуп чыгышат. Бизди сотко бергени боюнча маалымат жок. Сотко кайрылгандан кийин гана бул боюнча комментарий бере алабыз.

Мындан мурдараак экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов ээлик кылган НТС телеканалы “Кыргызстан” партиясы алардын “Жүрөгүмдө Кыргызстан” деген ураанын уурдап алганын айтып, автордук укугун талашарын билдирген. Партия жетекчилери анда да дооматтарды четке кагып, уурулуктан алыс экенин айтышкан.

Уурдалган сүрөт – балдарга жардам

Шайлоо алдында автордук укукту бузган жалгыз эле “Кыргызстан” партиясы эмес. Жакында эле фотосүрөтчү Влад Ушаков “Өнүгүү” партиясы анын сүрөтүн үгүт материалдарында суроо-сопкуту жок эле колдонуп жатканын ашкерелеген.

Влад Ушаковдун тарткан сүрөтү.
Влад Ушаковдун тарткан сүрөтү.

​Партия бул чекиликти моюндап, авторго төлөнчү кенемтени балдар үйүнө которгону турат деп ишендирди “Өнүгүүнүн” маалымат кызматынын жетекчиси Сюита Соурбаева.

- Негизи ал сүрөттү биз эмес, ортомчу ишкана колдонгон. Ошентсе да авторго компенсация төлөп берели дегенбиз. Влад Ушаков "өндүрүлгөн акчаны балдар үйүнө которуп койгула" деди. Биз макул болуп жардамга муктаж балдарды караштырып жатабыз. Бирок кенемтенин суммасы азырынча белгисиз. Муктаждыкка жараша жардам көрсөтөбүз.

Адистер Кыргызстанда авторлордун укугу корголбой, кымтыкейлерге кор болгон учур көп экенин белгилешет. Кыргыз мыйзамдары боюнча саясий партиялардын эн-белгилери жана ураан-чакырыктары ыктыярдуу түрдө гана катталат. Айрым авторлор өз эмгектерин менчиктөөгө патент алышпайт. Ушул себептүү талаштуу эмгектер сотто каралат. Уурдалган эмгектин наркын арыз берген адам өзү аныктайт.

XS
SM
MD
LG