Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Электр баасы эл чөнтөгүн эңшереби?


600 кВт энергия сартаган кардарлар азыркы 70 тыйындын ордуна 1 сом 20 тыйындан төлөшү керектиги сунушталууда.
600 кВт энергия сартаган кардарлар азыркы 70 тыйындын ордуна 1 сом 20 тыйындан төлөшү керектиги сунушталууда.

Энергетика министрлиги электр кубатына болгон бааны көтөрүү боюнча сунушун коомчулуктун талкуусуна коеру менен ача пикирлер айтыла баштады.

Министрликтин бул сунушу май айында өкмөткө, андан кийин парламентке жөнөтүлөт. Сунушталып жаткан тарифтик саясатка ылайык, айына 300 кВт, кышкысын 600 кВт энергия сартаган кардарлар азыркы 70 тыйындын ордуна 1 сом 20 тыйындан төлөй баштайт. Мындай маалыматты Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплекс боюнча агенттиктин директору Миргүл Айдарова билдирди:

- Жайкысын суткасына 10, кышкысын 20 кВт энергия колдонгондорго мурдагы эле 70 тыйындык баа калат. Эгер ушул көрсөтүлгөн ченемдерден көп пайдалангандар 1 сом 20 тыйындан төлөшү керек болот. Биздин сунуш боюнча 2017-жылга чейин баалар акырындан көтөрүлөт. Азыркы социалдык норма айына 300 кВт. Ушул нормадан көп сарптагандар 2017-жылы 1 сом 44 тыйын, нормадан ашпагандар 86 тыйындан төлөшөт. Жылуулукка да баа көтөрүлөт, тагыраагы 5 киловаттан ашык колдонгондор 70 тыйындын ордуна 2 сом 20 тыйындан төлөөгө тийиш.

Кыргызстандын карапайым эли 300 киловатт электр энергиясынан ашык колдонбойт.
Кыргызстандын карапайым эли 300 киловатт электр энергиясынан ашык колдонбойт.
Айдарованын ишендиришинче, мындай кымбаттоо калктын 90 пайызына таасир этпейт. Анткени карапайым калктын көбү социалдык нормадан башкача айтканда, айына 300 киловаттан ашык колдонбойт. Ал министрликтин тарифтерди көтөрүү сунушуна негиз болгон факторлор деп буларды санады:

- Биз 2 жылдан бери эле алган акчабыз жетпейт, 4 млрд. сом дефицитибиз бар деп какшап келебиз. Керектүү жабдыктарды алып, энергетика тармагына реформа жасаш үчүн тарифти көтөрүш керек. Болбосо эскилиги жеткен жабдыктардан авариялар болуп жарык өчө берет. Азыркы баа электр энергиясын калкка жеткирүүгө кеткен чыгымдарды жаба албайт.

“Бааны жогорулатуу кризистен куткарбайт”

Деген менен бул сунуш коомчулукта катуу сынга кабылды. “Түндүк электро” ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү Сапарбек Аргынбаев министрликтин сунушун карапайым элдин жонунан кайыш тилүү аракети катары баалады. Ал Кыргызстандагы энергетика кризисин бааны көтөрүү менен эмес, тармактагы коррупцияны азайтуу менен чечсе болорун айтат. Аргынбаев тарифтин категорияларга бөлүнүшү жемкорлукту гүлдөтөт деген пикирде:

- Эки деңгээлдеги тариф электриктерди коррупцияга бөлөйт. Аларды жайлоого чыгаргандай эле болобуз. Анткени ошол социалдык нормага кимдер кирерин контролер жең ичинен чечип калат. Министрлик мындай жол менен байларды көп төлөтөбүз деп жатат. Бирок пенсионерлердин ичинде деле айына 3-4 миң сом төлөгөндөр бар. Анда аларга да оорчулук келет.

Сапарбек Аргынбаев электр энергиясына болгон бааны категорияга бөлбөй жалпы эле 50 тыйынга көтөрсө, маселе чечилерин кошумчалайт. Анын эсеби боюнча мындан 7 млрд. кошумча акча түшөт, ал эми министрликтин азыркы таңсыктыгы 4 млрд. сом.

Токтогул суу сактагычы. 18-январь, 2013-жыл.
Токтогул суу сактагычы. 18-январь, 2013-жыл.
Тарифти көтөрүүдөн мурда бул тармактагы жоготууларды азайтып, комплекстүү чараларды көрүш керек. Мындай пикирин энергетика боюнча эл аралык эксперт Жаныбек Оморов ортого салат. Анын маалыматында, бүгүнкү күндө энергетикадагы жоготуулар 20 пайыздын тегерегинде. Бирок ал ушул кемчиликтерди жоюп, ошол эле учурда тарифти көтөрсө, энергетика тармагы оор абалдан чыгат деп ишенет.

- Жалпы система оңолсо тарифти да көтөрүү керек. Анткени бизде коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу аябай эле арзан. 70 тыйын өз чыгымын актабайт. Кошумча түшкөн каражатка энергетика системасын толугу менен жаңыртуу керек. Менимче бул тармакка күчтүү менеджмент жетишпей жатат. Азыр бул тармак эскилиги жетип бүттү. Министрлик инвестиция тарткандын ордуна көрүнгөндүн колун карап отурат.

Айрым адистер келерки кыш катаал болорун азыртадан эскертип баштады. Алар буга Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү өткөн жылдарга салыштырмалуу 3 млрд. кубга аздыгын жүйөө кармап келишет.

Электр энергиясына болгон бааны кымбаттатуу 2010-жылы мурдагы президент Кураманбек Бакиевдин убагында көтөрүлүп, 7-апрель ыңкылабынын бирден бир негизи болгон.

XS
SM
MD
LG