Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

Электр баасын көтөрүү аргасыздыкпы?


Токтогул суу сактагычында учурда 8 млрд. 9 млн. куб суу бар.
Токтогул суу сактагычында учурда 8 млрд. 9 млн. куб суу бар.

Кышкы жылытуу мезгили аяктаганы менен Токтогул суу сактагычында суунун аздыгы келерки кыш энергетиктер үчүн оор боло турганынан кабар берүүдө.

Улуттук “Электр станциялар” ишканасынын билдиришинче, совет мезгилинде күнүнө 40 кBт. саат энергия өндүрүлсө, быйыл 72 кBт. саат өндүрүлгөн. Бул кышында Кыргызстан өзүнүн бардык мүмкүнчүлүгүн пайдаланды деген сөз. Бирок жыл сайын электр энергиясын колдонуучулар өсүп жатканын эске алсак, келерки жыл мындан да оор болушу мүмкүн. “Андыктан, жайында Токтогул суу сактагычында сууну агызбай, топтоо керек”,- дейт эксперт Расул Умбеталиев.

- 2014-2015-жылдагы жылытуу мезгилине өтүү үчүн Токтогул суу сактагычында жок дегенде 15 млрд. куб суу болушу керек. Эгер быйыл дагы Өзбекстан менен Казакстанды сугат суу менен камсыздай турган болсок, анда кышында суу өзүбүзгө жетпей, электр энергиясында чоң тартыштык болот.
Токтогул суу сактагычы.
Токтогул суу сактагычы.
Токтогул суу сактагычында учурда 8 млрд. 900 млн. куб метр көлөмүндө суу бар. Өткөн жылы бул учурда суунун көлөмү 11 млрд. кубдун тегерегинде болчу. Андыктан, быйыл Кыргызстан жай мезгилинде электр энергиясынын жылдагыдай Казакстанга экспорттошу күмөн. Ардагер энергетик Жамалбек Түлөбердиев буларга токтолду:

- Биринчи элге берип, анан гана экспортко чыгаруу керек. Акыркы маалыматтарды карасам, быйыл экспорт болбойт деп жатышат. Анткени жайында сууну агыза албайбыз деп билдиришүүдө. Негизи Токтогулга 19 млрд. суу топтолушу керек. Азыркы мезгилде 9 млрд. кубдай гана суу бар, быйыл аз болуп калды. Анткени былтыр суу аз келген, быйыл да аз болот деп жатат.

Ал арада Энергетика министрлиги айрым категориядагы электр энергиясын колдонуучуларга бааны көтөрүүнү мерчемдеп жатат. Жаңы баа тарифи боюнча министрликтин сунушу май айында коомдук талкууга чыгарылмакчы. Бирок бул 90 пайыз элге таасир этпейт деп ишендирүүдө Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Райымбек Мамыров.

- Баа негизги 90 пайыз элге көтөрүлбөйт. Болгону электр энергиясын көп пайдаланып жаткандарга баа өсөт. Май айында өкмөткө сунуш кылынып, коомдук талкууга чыгарылат.

Быйыл Токтогул суу сактагычында суунун аздыгы айтылууда.
Быйыл Токтогул суу сактагычында суунун аздыгы айтылууда.
Энергетика министрлиги азыркы баа электр кубатын иштеп чыгарууга кеткен чыгымды актабай тургандыгын айтып, болжолу ал элиталык үйлөрдүн жашоочуларына жана үйдү ток менен жылыткандарга көтөрүлүшү мүмкүн деп билдирүүдө. Жамалбек Түлөбердиевдин айтымында, электр кубатына бааны көтөрүүдөн мурда жоготууларды кыскартуу зарыл.

- Электр энергиясы негизи арзан гана өндүрүлүп жатат. Аны элге жеткирип, кайра таза акчага айландыруу керек. Карыздарды жоюп, жоготууларды азайтуу зарыл. Ошондон кийин гана бааны көтөрсө болот. Болбосо азыр бааны жогорулатып койсо, чыгымдар, жоготуулар дагы көбөйүп кете берет.

Жаңыдан шайланган премьер-министр Жоомарт Оторбаев да өз программасында энергетика тармагына көңүл бурарын билдирди. Ал бул үчүн коммерциялык жоготууларды азайтууну жана регионалдык энергетикалык долбоорлорго катышууну максат кылууда. Мындан тышкары, өкмөт башчынын планында ири энергетикалык долбоорлорду ишке киргизүү да бар.

XS
SM
MD
LG