Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

Мэр Бишкекти "жаңыча" тазалата баштады


Бишкек четиндеги таштанды талаасы
Бишкек четиндеги таштанды талаасы

Бишкек шаардык мэрия акыр-чикирден арылуунун жаңы ыкмасына өттү. Азыр “Тазалык” ишканасы айдоочуларга канча таштанды жүктөп чыкса, ошонун көлөмүнө жараша айлык төлөй баштады.

Бишкекте таштанды тазалоонун жаңы ыкмасы тест түрүндө 18-сентябрдан бери колдонулуп жатат. Азыр “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери айлык эмес, ташыган таштандынын көлөмүнө жараша акча ала баштады. Мисалы, бир тонна таштандыга 560 сом төлөнүп жатат.

“Тазалыктын” башчысы Рыспек Сарпашевдин айтымында, мурун айына 7-15 миң сом алган айдоочулардын бир жумада тапканы 30-40 миң сомго чейин жетти. Бул өз кезегинде өз ара атаандаштыкты жаратты:

- Айрым райондордо балдар таштанды талашып урушканга чейин барып жатат. Мисалы, жакшы иштеген, тажрыйбалуу балдар жумасына 30-40 миң сомго чейин таап коюп жатат. Бардык жерде жоопкерчиликтүү жумушчулар бар экен, эми бар аз маселелер чыгып жатат. Бирок аларды чечсе болот. Эгер биз мындан ары ушул схема менен иштеп кетсек “Тазалыкка” да, жумушчуларга да жакшы болгону турат. Мурункудай айдоочудардын артынан түшүп көзөмөлдөмөй жок. Айдоочулар азыр өз үйүнө жасагандай мамиле жасап калышты.

Таштанды кабыл алуучу жер. Бишкек
Таштанды кабыл алуучу жер. Бишкек

“Тазалыктын” таштанды ташый турган 44 унаасы бар. Рыспек Сарпашев бул унаалар жетишсиз экенин айтууда. Анын ырасташынча, айдоочулар азыр унааны оңдоп-түзөөгө, күйүүчү майга кеткен акчаны өз жанынан чыгарып жаткандыктан, каражат кадимкидей үнөмдөлүп жатат. Мисалы, буга чейин бир унааны тейлегенге жана жумушчулардын айлык акысына 220 миң сом кетсе, азыр 170 миң сом болуп азайды:

- Биз азыр эки жеке фирманы да иштетип жатабыз. Буюрса ушул системаны бир жолго коюп алгандан кийин өз унааларыбыз эле жетиштүү болуп калат го деп турабыз. Унааларыбыз эски экенине карабай балдар иштеп жатат. Эгер стимул болбосо айдоочулар деле унааны жакшы карабай коёт экен. Сынып калды, андай-мындай болуп жатат деген доомат айтылып келген, күйүүчү майга эле чоң каражат бөлүнчү. Азыр болсо майды да, унаага тетиктерди да өздөрүнүн жанынан алып жатат. Бизге жакшы эле пайдасы тийип жатат. Биз азыр айдоочуларды “Тазалыктан” чыгарып, жеке ишкер катары кызмат көрсөтсүн деп жалдап жатабыз.

Бул саамалыкты Бишкек шаардык кеңештин айрым депутаттары кубаттап жатат. “Республика” фракциясынын лидери Мирлан Жээнчороев жакшы көзөмөл болбосо коррупцияга жол ачкан жылчыкчалар чыгышы ыктымалдыгын эскертти:

Таштанды талаасы. Бишкек
Таштанды талаасы. Бишкек

- Биз, шаардык кеңеш бул схеманын ички процедураларын жакшылап карап чыгышыбыз керек. Көз боёмочулук болуп кетпеши үчүн көбүрөөк көзөмөл керек. Азыр санитардык полигон болуп бөлүнбөдү. Ошол жерде электрондук таразалар бар. Ал таразага таштанды тартылып жатканда онлайн видеокөзөмөл болушу керек. Ошого жараша шаардан чыккан таштандынын салмагына жараша каражат түшүшү керек.

Бишкек шаардык кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Союзбек Салиев таштанды тазалоого жеке фирмаларды көбүрөөк аралаштыруу тууралуу мэрияга сунуш берилгенин билдирди:

- Квартал-кварталга бөлүп, “Тазалык” өзүнө бөлүнгөн аймакты, жеке фирмалар өзүнүн кварталын тазалашы керек. Мисалы, шаардын ичин “Тазалык” алса, конуштарды тазалоону жеке фирмаларга берсе болот. Бирок жеке ишканаларды аралаштыруу үчүн шарттар болушу керек. Мисалы, ошол ишкананын өзүнүн унаасы, элдин акчасын жыйнап алып качып кетпеши үчүн күрөөгө коё турган каражаты болсун деп жатабыз. Биз ушундай сунуш бергенбиз. Негизи эле таштанды тазалоо системасын түп-тамырынан бери өзгөртүшүбүз керек.

Мэриянын билдиришинче, соңку бир жарым айдын ичинде таштанды тууралуу шаардыктардан WhatsApp аркылуу миңге жакын арыз түшкөн. Алардын баарына тиешелүү чаралар көрүлгөн.

Бишкекти акыр-чикирден арылтуу боюнча коомчулукта нааразылык күчөп, бул маселе саясатташып да кеткен. Президент Алмазбек Атамбаев мэр Кубанычбек Кулматовдун ишин кескин сынга алган жана таштанды маселесин декабрь айына чейин чечпесе кызматтан алынарын эскерткен жайы бар.

XS
SM
MD
LG