Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Жасалма кымыз: уккан бар, көргөн жок


Мамлекет кымызга карата стандарттарды иштеп чыкканы менен, бир да сатуучу сертификат үчүн кайрылган эмес.

Кымызды Бишкектин кайсы базарынан болсо да табасыз. Кымызканаларда сатуучулар кардардын көзүнчө бул сүт азыгын шоркуратып, литрлеп да, стакандап да сатышат. Эл арасында аралаш жана жасалма кымыз сатылып жатат деген сөздөр кеңири тараган. Бирок кайсы эле сатуучу өз кымызын мактабайт, суу же бирдеме кошулса да айтабы?

- Кымыздын бир литри 70 сомдон, Кочкордун Дөң-Алыш айылынан келип турат. Сапаты жакшы. Эл жасалма, Кытай дарысынан, аралашма кымыз пайда болду деп жатат, бирок меникинде андай жок. Ошондой сөздөр үчүн алгандар да азайып калды, бирок менин кардарларым кымызымды билишет, даттанышпайт.

Айтмакчы, азык катары кымыздын сапатын тастыктаган атайын сертификат алгандар такыр эле жок, алууга да милдеттүү эмес. Бишкектин текшерүү жана сертификаттоо борбору аркылуу бир гана “Шоро” компаниясынын продукциясы өткөн, бирок ал азыр кымыз чыгарбай калды.

Тамак-аш азыктарын текшерүү лабораториясында нукура кымызды аныктоо үчүн атайын стандарттар иштелип чыккан, ага ылайык майлуулугу, кычкылдыгы жана башка көрсөткүчтөрү төп келиш керек. Бирок лаборатория жетекчиси Айгүл Аксупованын сөзүнө караганда, кымыз саткандардын же кардарлардан бирөө да келип кайрылган жок.

- Мага бир жолу телефон чалышкан, "бизге кымыз беришти, бирок бул эмне кымыз, Кытай эритмесиби – билбей жатабыз" дешти. "Аны мага алып келгиле, биз текшерип көрөбүз" дегем. Бирок келишкен жок. Өзүм көрбөгөндөн кийин эч нерсе айта албайм. Негизи ал эритмелер белоктон жасалып, кымыздын даамына окшошкон кошулмалар аралашат. Бул химиялык заттар, албетте, ден соолукка пайдалуу эмес. Кээ бирлери дароо эле өлтүрүп коюшу мүмкүн, башка учурда акырындан организмди чиритип, ракка жеткирет.

Кыргызстанда эт жана сүт азыктарынын коопсуздугуна Ветеринардык-санитардык инспекция көзөмөл жүргүзөт. Анын жетекчиси Ашырбай Жусуповдун айтымында, жыл сайын бир жолу бээлердин канында оорунун мандеми бар-жогу жана базарларга түшкөн кымыздын санитардык нормалары текшерилип турат.

Былтыр 9000 бээнин отузуна тыюу салынган, базарларда суу аралашкан кымыз кезигет, бирок азыр байма-бай айтылып жаткан кытай заттарынан жасалган кымыз табылган эмес.

- Кыргызстандагы кымыздар жер-жерлердеги ветеринардык врачтардын көзөмөлүндө болот. Кытайдын порошогунан кымыз сатылып атыптыр деген сөздөрдү уктук, бирок бирөө бизге алып келсе, биз лабораториядан текшерип, чараларды көрмөк элек. Базарларда сатылган кымызды сөзсүз ветеринардык дарыгерлер аркылуу өтүп, тиешелүү уруксат кагаздарын алат.

Текшерүү жана сертификаттоо борбору менен Ветеринардык-санитардык инспекциясынын адистери эл ичинде жасалма кымыз тууралуу көп айтылганы менен, аны далилдөө үчүн лабораторияларга кайрылбаганын кошумчалады. Алар кымызкорлор сапатына күмөн санаган кымызды ооз тийүүдөн баш тартууну сунуштоодо.

Ош базарда 10 жылдан бери кымыз сатып жүргөн Рахима Нааманова мурун бул жерге машине менен келип саткандар бар болгондо химиялык заттан жасалган кымыз кагаздай аппак болуп, даамы таңдайда калбай дароо эле сиңип кетерин билдим дейт.

- Бир жарым жыл мурун балдар машине менен чапталган кымыз деп алып келишкен. Бирок мен бир караганда эле жасалма экенин дароо эле байкадым, анткени үстүндө суу болуп, астында ак заты турду. Чайкаганда аралашып кетти. Көрсө, жасалма айрандай эле суусу үстүнө чыгып бөлүнүп калат экен.

Нааманова кардарларына нукура кымызды аныктоо үчүн мындай кеңештерди берет:

- Нукура кымыз алыстан эле буркурап өзү жыттанып турат. Сууга кошулган кымыз супсак, даамы жок болуп, сапырылганда эле суудан суюк болуп дароо билинип калат. Нукура майлуу, аппак эмес, саргыч болуп, таза ак эмес, ичинде сабаанын ыштыгы көрүнөт. Ичкенде көпкө таңдайыңа калып, бир чыныны ууртап-ууртап ичесиң. Ал эми аралаш, жасалмасы кычкыл болбой, суудай ичип саласың.

Республикалык инфекциялык оорукананын маалыматы боюнча, кымыздан ууланган жарандар кайрылган эмес.

XS
SM
MD
LG