Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

Ош – Бишкек: Чычкандан даам сызып кетиңиз


Ош – Бишкек жолу Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирген негизги унаа жолу. 600 чакырымдан ашуун узундуктагы магистралда күнү-түнү жолоочу үзүлбөйт.

Жол боюндагы эл турактабаган жерлерде, жайлоодо жолоочуларды тейлей турган тамактануучу жайлар салынган. Ал жайлар ондогон адамдарды жумуш орду менен камсыздап, миңдеген жүргүнчүлөргө даам сыздырат.

Бишкектен экинчи борбор калаа Ошко алып барган жол айтылуу Суусамыр жайлоосун да тепчип өтөт.

Суусамырда жолдун эки тарабында кыркалекей ак боз үйлөр, анча-мынча чатырлар жана вагонетка үйлөр тизилет. Мында негизинен кымыз сатылат.

Жолдогу кымыздуу үйдүн бирине бурулдум. “Суусамырда кымызды Кытайдан чыккан порошоктон жасашат экен” деп көп айтышат. Ал тургай гезит беттерине да чыгып жүрөт. Деген менен миң уккандан бир көргөн артык эмеспи.

Курманбек деп өзүн тааныштырган үй ээсине кепке тарттым:



Кымыздын бир литри 60 сом. Курманбек мырза күнүнө 30 литрден 50 литрге чейин кымыз сатаарын айтты. Мындайда суроо туулат: бир апта бою жылкысын агытып ийсе, анда кымыз кайсы сүттөн жасалууда?

Айылда өсүп, жайлоого такай чыгып жүргөндөр үчүн таза кымыз менен суу кошулган же башкача кымызды айырмалоо кыйын деле эмес. Менин баамымча бул жердики жайлоонун кымызына анчейин коошпой турат. Ошентсе да жолоочунун пикирин угуп коюу ашыктык кылбас:



Жол улап, Ала-Бел ашуусунан эңкейгенде Чычкан капчыгайы көрүнөт. Оштон жөнөгөндөр да, Бишкектен чыккандар да көбүнчө ушул Чычкандан тамактанышат.

Мында жолду бойлой тизилген 40-50дөй кафе, ашкана бар. Күн-түн, кышы-жайы дебей жолоочуларды тейлешет.

Айдоочулардын айткандарына караганда, Чычкандагы тамактануучу жайларда ээлери катардагы адамдан тарта аткаминерлерге чейин ээлик кылышат.

Биз карапайым адамдын ашканасына токтодук. Алты орундуу ашкана Султан Жороевге таандык. Ал Чычкандан миң чакырымдай алыс жактагы Лейлек районунан үй-бүлөсү менен келген. Мында эки кызы аялы менен иштейт. Дагы бир баласы айылда үй карап калган, ал эми калган экөө студент.



Султан мырзанын кесиби айдоочу. Айылда бульдозер айдачу.

Бульдозерчилердин арасындагы кичүүсү болгондуктан тамак жалаң ал жасачу. Ошентип ашпозчулукту өз алдынча өздөштүрүп алган.

Буга чейин мигранты катары Орусияда да иштеп келгенин айтат. Ал эми аялына болсо идиш-аяк жууш вазийпасы тийген.



Ал эми азык-түлүктү болсо Чычкандан жыйырма-отуз чакырымдай алыстагы Токтогул районунан, такси менен барып алып келишет экен.

Мындагылар кардарды өзүнө тартуу үчүн түрдүү амалдарды колдонушат. Маселен, кардар алып келген айдоочуга тамак бекер. Андан тышкары тапчанга жатып бир аз уктап алууга да болот. Күн ысык болгондуктан кардарларга суусундук да берип турушат экен. Биз чыгып баратканда желим бөтөлкөгө муздак чай куюп беришти.

XS
SM
MD
LG