Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:58

Суусамырда деле Париж бар


Ош – Бишкек жолунда ары-бери каттагандар Суусамырдагы Париж деген жерди жакшы билишет.

Жолоочулар “Парижге жеткени калдык, Парижден өттүк, же Париждебиз” деп көп кеп кылышат. “Азаттык” Суусамырдын Токойлуу деген аймагында Париж деген жай кантип пайда болуп калганына кызыкты.

Жолду бойлой бири-бирине жанаша тамак-аш сатылган жайлар жайгашкан жердин кантип Париж деп аталып калганын азыр эч ким так билбей калган экен.

Алтынкүл айым
"Париж" деп аталган кафенин ээси Алтынкүл айым азыр бир топ жоромолдор айтылып, кадимкидей уламышка айланып кеткен дейт:

- Биздин келгенибизге үч эле жыл болду. Негизи көп жылдан бери Париж болуп жүргөн. Мурун жарык жок экен. Кийин жаркырап калганда Париж деп калышыптыр.

Жолдун боюнда, соода-сатыкка ылайыктуу Парижге окшоп жаркырап турса, бул жерде отурган кардарлар коюп кеткенби, же бул жердеги аксакалдар өздөрү коюп койгонбу, айтор ушундай.


"Ош – Бишкек жолу менен алгач бараткан айрыкча чет өлкөлүктөр атына таңыркап, бул жайга көп кайрылашат" дейт Алтынкүл айым:

- Чет өлкөлүктөрдү ээрчитип келаткан котормочулар Париж деген атын англисче да жаздырып койгула, ошондо силерге жакшы болот деп айтышкан.

Быйыл эмнегедир чет мамлекеттен келгендер аз болуп жатат.

Кыргызстан тынчыбай жаткандыктан келгендер аз го деп өзүбүзчө жоромолдоп жатабыз. Биз жаңы ачкан жылдары аябай көп келишчү. Быйыл болсо жокко эсе.


Суусамырдын Токойлуу деген жеринде тамак-аш саткандар 1995-жылы отурукташа баштаган экен:

- Анда бири-серин вагондор эле болчу. Ошондо болжол менен 97-жылдан бери, кафелер салына баштагандан бери Париж деп айтылып калды. Азыр чоңдор келип, "атыңар ушундай болгондон кийин эшик-элигиңерди, дааратканаларыңарды оңдогула, таза кармагыла" деп айтып кетишет. Анын баарын эми өзүбүз үчүн деле жашообузга ылайыктап жасайбыз дечи.

Азыр эми бул жерде бир-эки вагон гана кичирээк, калгандары четинен чоңоюп баратат. Атаандаштык көп, ар кимдин өзүнүн буйруган кардары бар.


Алтынкүл айым бул жайлар кан жолдун боюнда жайгашкандыктан бир чети кооптуу экенин кеп салып берди. Айрыкча былтыркы коогалуу күндөр катуу сестенткен:

- Улам-улам согуш, көтөрүлүш болуп атканда чынында коркуп эле жаттык. Ар кандай балдар өтүп жатты. “Биз согушка баратабыз, элди коргогону баратабыз” деп бензиндерибизди коркутуп куюп кеткен күндөр болду. Азыр эми тынч, коркпойбуз деле.

Алтынкүл айымга Нурай аттуу тогуз жаштагы кызы идиш-аяк жуушуп, жардам берип жүргөн экен. Ырчы болууну каалаган оюнкараак Нурай деле кафенин эмне себептен Париж аталып калганына азырынча кызыкпайт көрүнөт.

Нурайдын жанында өзү менен тең чамалаш уялчаак Нуриза да жүрдү. Ал Чүйдөн болоорун, бул жакка каникулда сүт ичкени келгенин божурап отурду.

Мен бир чыны эттүү шорпо ичип чыкканча "Париж" кафесине кардарлар кирген жок.

Европадагы кооз шаарлардын бири делген Париж шаарынын ысымын алып жүргөн Ош – Бишкек жолунун боюндагы бул жайга жолоочулар арасында тамагына болбосо да атына кызыгып баш баккандар дагы далай чыкса керек.

XS
SM
MD
LG