Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:30

Атайын иликтөө: кандуу он күн...


Кылмышкерлерди кармоо учурундагы атайын операция. Бишкек, Дордой-1 жаңы конушу
Кылмышкерлерди кармоо учурундагы атайын операция. Бишкек, Дордой-1 жаңы конушу

"Ыңгайсыз суроолор" берүүсү бул жолу №50 абактан тогуз адам качкан окуянын чоо-жайын иликтөөгө алды.

Чүйдүн Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 абактан качкандар тууралуу ушул күнгө чейин ар кандай жоромолдор айтылып келет. Бири уккан кулакта жазык жок деп имиш таратса, түрмөдөгүлөрдүн жанында жүргөндөй окуяны саясатташтыргандар да жок эмес.

Кандай болгон күндө да биз иликтөөбүздү тергөөнүн расмий версиясынан баштоону эп көрдүк. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгынын маалыматында каргашалуу окуя 11-октябрда түнкү 23:30 чамасында башталган. Өмүр бою соттолгон жети жана кылмышка шектүү деп кармалган эки адам үч абак кызматкерин мыкаачылык менен өлтүрүп, дагы бирин чала жан кылып качып кетишкен.

Алардын колдорунда ок атуучу курал болгон эмес жана абактын администрация имаратынын терезесинен чыгышкан. Эң кызыгы, ошол учурда абактын көзөмөл камерасы бузук болгон. Тергөөдө видеокамералар окуя болгондон эки жума мурда керектен чыкканы аныкталган. Качуу учурунда электр жарыгы атайын өчүрүлгөн.

Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, кароолдо турган жигиттин куралы түшүнүксүз жагдайда атылбай калган. Убакыттан пайдаланган качкындар абак кызматкеринин сыртта турган унаасын айдай качышкан.

Атайын иликтөөнү төмөндө көрүңүз:

XS
SM
MD
LG