Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:24

Кыргызстандыктар айт майрамын белгилешүүдө


Жеңиш аянтындагы намаз
Жеңиш аянтындагы намаз

Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында окулган айт намазына болжол менен он миңдей адам келди. Бул тууралуу намазды көзөмөлдөп турган күч органдарынын өкүлдөрү кабарчыбызга билдиришкен.

Эртең менен жамгыр жаап, намаз башталган кезде жаан токтоду. Ибадатты аткарууга өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, калаа мэри Албек Ибраимов жетектеген бийлик өкүлдөрү, муфтий Максатбек ажы Токтомушев катышты. Президенттин куттуктоосун премьер-министр элге окуп берди.

Анда президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Орозо айынын жыйынтыкталышы жана айт майрамы менен куттуктап, бул ай ар бир мусулман үчүн ынтымакташууга, биримдикти чыңдоого чоң салым кошорун белгилеген. Андан тышкары президент мамлекетти бүтүн бойдон келечек муунга өткөрүү азыркы кыргызстандыктардын баарынын милдети экенин айткан. Ошондой эле Ислам дини илимдин, адабияттын, медицина менен маданияттын очогу экенин кошумчалап, бирок азыр аны кара ниеттүү террордук топтор өз пайдасына, геосаясий оюндарга колдонуп жатканын билдирген.

Мамлекет башчы өз куттуктоосунда диний кийимдер маселесин да козгоп, улуттук кийимдерди баалоого, бөтөн элдин салттарын элге сиңирбөөгө чакырган.

Президент Алмазбек Атамбаев адаттагыдай айт намаз ибадатын Чүйдөгү өзү туулган Арашан айылында аткарды.

Жума намазы окулган аянтта милиция кызматкерлери коопсуздукка байланыштуу намазга келгендердин чөнтөктөрүн, баштыктарын текшерүүгө алды.

Айт намазы саат 7:30да башталды. Бишкектеги Эски аянтта оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыктан бул ирет намаз Жеңиш аянты тарапта окулду.

Айт намазы Ош шаарында да окулуп, Борбордук аянтка майрамдык намаз окууга 15 миңдей адам келгенин аймактык кабарчыбыз билдирди.

Кыргызстанда 6-июнда башталган орозо жыйынтыкталып, муфтият 5-июль – айт майрамы деп жарыялаган.

Ал эми коңшу мамлекеттерде айт намазы 6-июлга белгиленген.

XS
SM
MD
LG