Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Чиркөөнүн имараты талашка түштү


Ыйса Машаяк чиркөөсүнүн талашка түшкөн имараты. Ал мурда Ленин заводунун маданият үйү катары белгилүү болчу.
Ыйса Машаяк чиркөөсүнүн талашка түшкөн имараты. Ал мурда Ленин заводунун маданият үйү катары белгилүү болчу.

Бишкектин Лев Толстой – Жусуп Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Ыйса Машаяк чиркөөсү деп аталган диний уюмдун имараты талашка түштү.

Аянты үч миң чарчы метрди түзгөн эки кабат имарат 1999-жылга чейин Ленин заводунун маданият үйү катары белгилүү болчу. Кийин аны чиркөө жетекчилиги жеке менчикке сатып алган. Эми болсо аталган имаратты Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду сот аркылуу кайрадан Маданият министрлигине өткөрүп берди. Ошол эле кезде чиркөө кызматкерлери мамлекет алардын диний ордосун күч менен тартып алганын айтып, коомчулукка жардам сурап кайрылды.

Ыйса Машаяк чиркөөсүнүн башчысы Василий Кузин имарат мыйзамдуу негизде 2 миллион сомго сатылып алынганын айтып, мамлекеттин пайдасына чечкен сот өкүмүнө нааразы.

- Бизден эч нерсени сурашкан жок. Бардык мыйзамдарды бузуп, кандайдыр бир документтерди алып келип жатышат. Биздин кызылдай акча төгүп, имаратты сатып алганыбызды эске алышкан жок. Жадагалса ошол имаратты оңдоого кеткен каражаттарды кайтарып берүүгө жарашкан жок. Имарат абдан эски болчу, биз көп каражат жумшап, оңдоп-түзөгөнбүз..

Ыйса Машаяк чиркөөсүнүн ичи
Ыйса Машаяк чиркөөсүнүн ичи

Ушул тапта Фейсбук социалдык тармагында “Чиркөөнү тартып алууга каршымын” аттуу акция жүрүп жатат. Чиркөө жетекчилиги да доо арыз менен Жогорку Сотко кайрылды. Бирок шаардык соттун өкүмү күчүнө кирди, эми чиркөө он күн ичинде имаратты бошотууга тийиш.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун юридикалык бөлүмүнүн башчысы Болот Мукашев талашка түшкөн имарат убагында жең ичинен сатылганын айтууда.

- Биринчиден, бул имарат сатылып жатканда көптөгөн мыйзамдар бузулган. Социалдык объекттер башка багытта иштебеши керек деген президенттин жарлыгы бузулган. Экинчиден, менчиктештирүү программасына кирген эмес. Үчүнчүдөн, мындай имараттар сатылса аукционго коюлушу керек болчу. Бул жең ичинен сатылып кеткен. Эми бул жай секта эмес, маданият үйү катар иштетилет.

Ыйса Машаяк чиркөөсү
Ыйса Машаяк чиркөөсү

Бул имарат талашка 2005-жылдан бери чекит коюлбай келет. Анын жанында жарым гектарга жакын жер аянты бар. Чиркөө жетекчилигинин айтымында, имаратта ар кандай спорттук жана музыкалык ийримдер иштейт.

Буга чейин аталган чиркөөдө христианчылыктын протестант багытындагы секта иш жүргүзөт деген сөздөр айтылып келген. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрага орун басары Бактыбек Осмонов “Азаттыкка” буларды билдирди.

- Бул негизи катталган уюм. Каттоо боюнча Ыйса Машаяктын жергиликтүү чиркөөсү деп аталат. Булар эсептик каттоодон өтүп, мыйзамдуу эле иш жүргүзүп келишет.

Кыргызстанда өлкө жарандарынын 80 пайыздайын мусулмандар, 15 пайызга жакынын христиандар түзөөрү айтылып келет. Айрым укук коргоочулар өлкөдө диний азчылык өкүлдөрүнө карата ар кандай кысымдар бар экенин белгилешет.

XS
SM
MD
LG