Тогуз жаштагы Жибек чатырдагы өз ордун көрсөтүп, мында түнкүсүн кантип кыйналып уктап жатканын айтып берди. Ал сиңдиси, иниси жана апасы менен он-он беш күндөн бери жайкы чатырда жашап жатат:
- Чатырдын бул капталдары ачык, шамал кирип турат экен. Түндө үшүйбүз. Бир бурчта тыгылып жатабыз, бөбөгүм батпай калганда мен үстүмө алып, кучактап жатам. Бирок түнү уктаганда тоголонуп чатырдан чыгып кетебиз. Кээде бут кийимдерди ит сүйрөп кетет экен. Биз үйүбүздү сагындык. Өз үйүбүзгө кирип жашагыбыз келип жатат. Менин чатырда жашап жатканымды жолдон өтүп бараткан классташтарым көрүп калса уялып жатам. Кээ бирлери “эмнеге сыртта жатасың?” деп шылдыңдашат. Мен “үйгө киребиз” деп жооп берип коюп эле отуруп калам.
Бишкектин жогору жагындагы Киргизия-1 конушунун жанындагы бул чатырларда Жибектин үй-бүлөсүнөн сырткары дагы бир нече үй-бүлө күн кечирип жатат.
Насыя дүрбөлөңү
Кыргызстанда банк менен кредиттик компаниялардан насыя алып, аны төлөгөнү келгенде кайтара албай калдык деп дооматын өкмөткө артып, карызын кечүүнү талап кылган жарандар жана алардын башын кошкон кыймылдар көбөйдү.
Алар ошол жердеги талаштуу эки кабат үйдө жашачу. Быйыл июнь айында 24 үй-бүлө имараттан күч менен чыгарылгандан кийин, көбү батирлерге чыгып кетип, мүмкүнчүлүгү жоктор чатырга баш паанек кылышкан. Бала-чакасы менен алачыкта жашап жаткан Махабат Атабекова буларга токтолду:
- Биз азыр үйүбүзгө кайра киребиз деген ой менен эле ушул чатырда жашап жатабыз. Барар жерибиз же үйүбүз жок. Батирге чыгабыз десек, мен маселен 5 миң сом айлык алам, аны эмнеге жеткирмек элем. Жер алып үй салалы десек, анысы да кымбат. Чатырда жыргамак белек, айла жоктон жашап жатабыз.
Маалым болгондой, кеп болуп жаткан эки кабаттуу имарат алгач "Керамика" аттуу ишканага таандык болгон. Бул фирма "Аманбанктан" кредит алып, анысын төлөй албай калган.Кийинчерээк күрөөгө коюлган үй банктын карамагына өткөн.
Тургундар болсо 20 жылдай мурда бул үй кароосуз турган учурда кирип жашап алышкан. Алардын биринде да батирдин документи жок. Ага карабай жашоочулар бул үйдү бербей тургандыктарын, банктын да тиешелүү документтери жок экенин белгилешет. Тургундардын бири Айнура Исаева кепке кошулду:
- Биз киргенде бул имараттын тамтыгы чыгып, бузула турган болуп калыптыр. Анан жашоочулардын ар кимиси колунан келишинче, бөлмөлөрүн оңдоп алышкан. Кээ бирлери ал тургай евроремонт кылып жиберишкен. Ушинтип жаңы имарат болуп калганда келип талашып жатышат. Негизи банктын деле документи жок, алар жөн гана зомбулук менен тартып алышты. Документтери жасалма. Ошону үчүн биз да үйдү бербейбиз, кайра кирип жашайбыз.
Ал эми үйгө ээлик кылат делген “Аманбанк” мекемеси имаратты мыйзамдуу алганын айтып, жашоочулардын көчөдө жашап жатканын “долулук” деп сыпаттады. Мекеменин көйгөйлүү насыялар менен иштешүү бөлүмүнүн башчысы Бакыт Жакыбалиев мындай дейт:
- Бул имарат сот аркылуу бизге өткөн. Бизде бардык документтер, соттун да чечимдери бар. Ошол чечимдер болгону үчүн аларды үйдөн чыгардык да. Биз аларга үйдү сатып алууну сунуштаганбыз, бирок эки жыл аралыгында бири да үйдү сатып алам деп келген эмес. Эми болсо жөн эле үйдү дагы басып алуу үчүн эле ошол жерде жашаган түр көрсөтүп жатышат. Чатырларда деле жатышпайт. Жөн эле тигип, штаб кылып алышкан. Күн сайын эки-үчөө келип “дежур” болуп отуруп кетет, эртеси башкасы келет. Алар журналисттерге ошентип маек берип, үйдү кайра бекер алууну максат кылып жатышат.
Жашоочулар болсо батирдин бир чарчы метри 370 доллардан бааланганын, натыйжада бир бөлмөлүү батирлер 10 миң доллар болуп кеткенин, ага чама-чарктары жетпесин айтып келишет.
Буга чейин Бишкектин сот аткаруучулар департаменти сот чечими боюнча, имарат банкка толук өткөнүн айтып, жашоочулар үйгө кайра киргизилбей турганын билдирген. Ленин райондук сотунун сот аткаруучусу Нурбек Жолдубаев “Азаттыкка” буларды айткан эле:
- 2013-жылдын 29-сентябрындагы сот чечиминин негизинде имарат “Керамика” ЖЧКсына толугу менен өткөрүлүп берилген. Ошонун негизинде биз тургундарды чыгарып жатабыз. Биз жашоочуларга алдын ала эскертип кеткенбиз. Биздин аракет жана соттун чечими боюнча, тургундардын адвокаттары да кабардар болгон.
Эки тараптын талашы боюнча расмийлер комментарий берүүдөн карманып турушат. Бийликтер маселени сот аркылуу гана чечүү керектигин белгилешип, бирок чатырда жашагандарга суу жана тамак-аш жагынан жардам берилип турарын айтышууда.