Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

Жапа чеккен ишкерлердин үйлөрү талашка түштү


Ишкерлердин нааразылык акциясы. Ош, 5-декабрь.
Ишкерлердин нааразылык акциясы. Ош, 5-декабрь.

Былтыркы коогалаңда жабыр тарткан ишкерлер 5-декабрда Ошто митингге чыкты. Дүкөндөрү жана соода жайлары өрттөнүп кеткен соодагерлер банктардан алган насыяларын төлөөгө мамлекет тарабынан жардам берилбей жатканына нааразы.

Кардын тынбай жаап жатканына карабай «Атамбаев берген убадаңызды аткарыңыз», «Жапа чеккен ишкерлерге жардам бергиле» деген сыяктуу транспоранттарды кармаган 50дөй ишкер Улуттук банктын Оштогу өкүлчүлүгүнүн алдында нааразылык акциясына чыкты. Алар июнь коогасы боюнча абалды эске алып, насыя акчалардын туумун жана үстөк пайыздарын алууну 3 жылдык мөөнөткө чейин токтото турууну банктардан талап кылууда.

Акцияга чыккандардын бири Роза Кадырова арыз-муңун мындайча айтат:

- Коогалаңда үйүбүз өрттөнүп кетип, соода жайларыбыз талкаланып калгандыктан азыр иш жок, насыяларыбызды төлөй албай калдык. Ошолордон ажыраганыбыз аз келгенсип эми банктар бар үйүбүзгө кызыгып атат. Ошондуктан биз мамлекеттен 3 жыл мөөнөткө мораторий берип тургула деп талап кылып жатабыз. Кичине бутубузга туруп алсак анан карыздарыбыздан кутулат элек. Эч ким төлөбөйм деп жаткан жок, болгону убакыт берип турсун деп атабыз.

Кадырованын айтымында, насыясын төлөй албай калгандыктан банктар 150дөй ишкердин үйүн тартып алганы жатат:

- Бийликтер «жардам беребиз, жардам беребиз» дейт, же бир конкреттүү иш кылуу оюнда жок. Соттор токтоп турсун деди эле ага болбой эле, үйлөрдү тартып алып атат. 150 ишкердин иши сотко ашып бүтүп калды. Эч кандай жардам берем дебей эле, үйлөрүбүзгө барып боёк менен сыртына «үй сатылат» деп жазып кетип атышат.

Мында чогулгандардын дагы бири Зарифа Атабаеванын да июнь окуясында 200 миң сомдук товары менен соода жайы өрттөнүп кеткен. Алган насыяларын төлөө үчүн андан бери карызга белчесинен батыптыр:

- 10-15 жылдан бери насыя алып, кайра өз убагында төлөп келгенбиз. Бирок кашайган окуянын айынан эле минтип банктар биздин үйлөрдү алып койгон жатат. Ошончо жыл ишенимин актап келгенден кийин бир жолу жардам берүү менен, түшүнүү менен кабыл алып койсо болмок. Бирок банктарга, чоңдорго элдин тагдыры баары бир окшойт. Бардыгы бизди сатып кетти десек да болот.

Маалым болгондой, Ош жана Жалал-Абадда июнь окуясында 2 миңден ашык ишкер жабыркаган. Аларга өкмөттөн жардам катары 50 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз акчалай жардам берилсе, 681 ишкер 10 жылга 150 миң сом өлчөмүндө жеңилдетилген ссуда алган. Бирок дирекция ишкерлердин коогалаңга чейин алган насыяларын төлөө маселесин чечүү колунан келбей жатканын белгилеп, кырдаалдан чыгуу жолдорун карап көрүү сунушу менен кыргыз өкмөтүнө кайрылган.

Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов “Азаттыкка” буларды айтты:

- Жабыр тарткан ишкерлердин көпчүлүгү насыяларды жеке менчик, же чет өлкөлүк банктардан алган. Алар мамлекеттик болбогондон кийин биздин бийликтин таасирдүүлүгү анча болбойт экен. Өтүнүү менен гана чектелбесек, алардын иштерине мамлекет кирише албайт. Сүйлөшүү татаал болгонуна карабай жетекчилер аларды макулдашууларга ынандырганы турушат. Бирок ага чейин өзүбүздүн улуттук жана РСК банктары тарабынан жардамдар берилет деген үмүт бар.

Маалыматтарга ылайык, 2010-жылкы капсалаңда ишкерлер жалпысынын түздөн-түз 2,5 миллиард, кыйыр түрдө дагы 1,5 миллиард сом зыян тартканы эсептелген.

Мындан бир айча мурдараак банктардан насыя алып, июнь окуясынан кийин аны төлөй албай калган ишкерлерге жардам көрсөтүү боюнча парламент токтом кабыл алган эле. Ага ылайык, күрөөгө коюлган үйдү алып коюу боюнча сот жараяндарын убактылуу токтотуп, ар бир ишкер жана ар бир насыя боюнча атайын комиссия иш алып бармакчы болгон.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG