Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:02

Вице-премьер жол оңдоо ишине канааттанбады


Токтогул көчөсүндөгү оңдоо иштери сынга кабылды.
Токтогул көчөсүндөгү оңдоо иштери сынга кабылды.

Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндө жүрүп жаткан жол оңдоо иштеринин сапатын тиешелүү органдар көзөмөлдөмөй болду.

Токтогул - Бишкек шаарынын борборундагы реконструкцияланып, бир тараптуу каттамдан эки тараптуу каттамга айландырылып жаткан ири көчөлөрдүн бири.

Бул көчөнүн долбоорсуз, экспертизалык бүтүмү жок, чаржайыт курулуп жаткандыгы тууралуу маалымат вице-премьер-министр Валерий Диль менен транспорт жана байланыш министри Калыкбек Султановдун курулуштарды кыдыруу учурунда ачыкка чыкты. Транспорт жана байланыш министри Калыкбек Султанов шаар бийлигин жол куруу тармагын стандарттарга төп келбеген курулуш жүрүп жатканы үчүн кескин сынга алды:

- Бул жолдордо толук оңдоп-түзөө иштери жүрүшү керек эле да. Бардык экспертизанын жыйынтыгы менен толук, тийиштүү органдардын макулдугу бар долбоор керек. Кана экологиялык экспертиза, бул жакта бардык бак-дарактар кыйылып жок кылынган турбайбы. Кантип долбоору жок жол башталсын? Силер баарын, жолдун туурасын да өзгөртүп салган турбайсыңарбы.

Жол оңдоо иши вице-премьерге жакпады
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:02 0:00

Бишкек шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы болсо Токтогул көчөсүн реконструкциялоонун долбоорсуз башталгандыгын каражатты үнөмдөө максаты менен байланыштырып жатат. Бул тууралуу башкармалыктын жетекчисинин орун басары Абдыжапаркул Жанболотов айтты:

- Бюджеттин тартыштыгынан долбоору жок иш жасаганга туура келип жатат. Долбоор жазуу үчүн акча кетет, экинчиден, экспертизага да акча кетет. Анан долбоорго да көп убакыт керек. Жасап жаткан иш менен долбоор дал келбей калган учурлар да болот. Ошондуктан биз өзүбүздүн техникалык долбоор менен гана иштөөнү чечкенбиз.

Жанболотов жол долбоору жок курулганы менен, эрежелер так сакталып, сапатка доо кетирбөө үчүн бардык аракеттер жасалып жаткандыгына ишендирди.

Анткен менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Мирлан Жээнчороев өзү да, анын шайлоочулары да курулуштарга ыраазы эмес экен:

- Кайрылуу көп эле болуп жатат. Ошол Токтогул көчөсүндөгү жолдун долбоору жок деп жатышат. Анын азыр чын-төгүнүн билгени жатабыз. Курулуп жаткан жолдордун сапатын адистер айтышы мүмкүн. Бирок шаар тургуну катары жолдун сапатына канааттанбайм. Өзүңүздөр деле кандай каталар кеткенин көрүп жатасыздар.

Жээнчороевдин айтканына караганда, Бишкектеги жол курулуштарынын абалын иликтөө боюнча жакынкы күндөрү депутаттык комиссия түзүлөрү болжолдонууда.

Шаар тургуну, жарандык активист Калича Өмүралиеванын пикиринде, мамлекеттик курулуштардын долбоорсуз салынганы мыйзам бузууга жатат:

- Мыйзам аткарылбай жатпайбы. Калп эле акча кетет, каражат үнөмдөйбүз дегени туура эмес. Балким сот маселеси чыкса, эмненин негизинде жооп берет? Азыр комиссияда отуз кишини түзүп коюшат, анан ушундай чечим менен иштеп жатабыз дей беришет.

Шаардык бийликтин маалыматына караганда шаардык бюджеттен жолдорду оңдоого жана реконструкциялоого 114 миллион сом бөлүнүп, анын 50 миллион сому жумшалды. Шаар бийлиги быйыл Бишкектеги борбордук Токтогул жана Бөкөнбаев көчөлөрүн толук кайра салууну, дагы 60 көчөгө асфальт төшөп, жамоо иштерин жүргүзүүнү максат кылууда.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG