Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:43

Көчөлөр оңдолот, кайра казылат...


Бишкек. Оңдоо иштери жүрүп жаткан Бөкөнбаев көчөсү.
Бишкек. Оңдоо иштери жүрүп жаткан Бөкөнбаев көчөсү.

Бишкек шаарында жолду, газ, суу түтүктөрүн оңдоо иштери бир учурда башталганы шаардыктарга ыңгайсыздык жаратууда.

Шаар тургундары былтыр эле оңдолуп, асфальтталган көчөлөр быйыл да оңдоо үчүн жабылып, кайра казылганына нааразы. Мэрия бул маселе боюнча өз жүйөсүн келтирүүдө.

Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү Киев көчөсүндө оңдоо иштери жүрүп жатат. Буга байланыштуу аталган көчө бир айга жабылган. Көчөдө азыр жаңы курулган “Бишкек-парк” соода борборун шаардын жылуулук түйүнүнө кошуу үчүн түтүктөр жер астына төшөлүүдө. Бирок көчөнүн жабылышына бир катар шаар тургундары нааразы. Алар көчө былтыр эле оңдолуп, жаңыдан асфальт төшөлгөнүн жүйө келтиришет. Бишкектин тургуну Курсан Алиев борбордогу негизги көчөнүн бирин улам-улам казып, асфальттап, кайра аны бузган мэриянын ишин түшүнбөй турганын айтты:

- Бул жерди былтыр оңдоп жатабыз деп казып, кайра асфальтташкан. Быйыл да мына ошол эле жолду, ошол участканы кайрадан казып, оңдоп атат. Бул сыяктуу мисалдар шаарда аябай көп. Мындай нерсе шаар тургундары үчүн биринчиден ыңгайсыздык жаратууда. Анткени, жол жабылгандыктан автоунаалардын тыгыны болууда. Экинчиден, бул шаар үчүн бөлүнгөн каражатты туура эмес сарптоо десек да болот. Анткени, мэр баш болуп “акча жок, акча жок” дейт да бир көчөнү жыл сайын асфальттап, кайра бузуп кайра асфальттап жатышат. Бул мамлекеттин каражатын туура эмес пайдалануу деп айтсак болот го?

Шаардын дагы бир тургуну Вячеслав Хатунцев өзү жашаган Жусуп Турусбеков көчөсү былтыр суу түтүктөрүн алмаштырууга деп казылып, асфальт төшөлгөнүн айтты. Ал бул иштер аталган көчөдө быйыл да кайталанып жатканын сындады:

- Былтыр эле ремонтту бүтүрдүк, түтүктөр жаңыланды, эми баары жакшы болот деп убада беришкен. Буга карабай быйыл жаңы эле асфальтталган жерди кайра казып жатышат. Мунун айынан канчалаган ыңгайсыздык жаралды. Албетте, шаардын көчөлөрүн оңдош керек. Мэриянын бул аракетин колдойбуз. Бирок былтыр эле асфальт төшөп, бүтүрдүк деген жерин кайра казып баштаганын түшүнбөй турабыз. Бул же былтыркы иштин жоопкерсиздик менен аткарылышы же акчаны жөн эле коротуу деп эсептейм.

Дал ушундай эле кырдаал борбордогу Фучик көчөсүндө да өкүм сүрүүдө. Бул көчөлөрдү асфальттоого аз эмес суммадагы каражат кетээрин адистер белгилешүүдө. Буга байланыштуу маселе Бишкек шаардык кеңешинде да көтөрүлгөн. Калаа кеңешиндеги “Республика” фракциясынын төрагасы Мирлан Жээнчороев “Азаттыкка” билдиргендей, бул жагдайды текшерүү үчүн атайын комиссия түзүлгөн:

- Жолдорду ремонттоого байланышкан маселе шаардык кеңеште көтөрүлгөн. Бир эле жолду улам-улам ремонттой берүү себебин атайын адистер текшерип чыгуусун сунуштаганбыз.

Бишкек мэриясы бул жагдай боюнча өз түшүндүрмөсүн берди. Шаардагы жолдорду оңдоого жооптуу мэрия алдындагы капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчи орун басары Абдыжапаркул Жанболотовдун “Азаттыкка” маалымдашынча, былтыр аталган көчөлөрдүн бир бөлүгүнө жаңы суу түтүктөрү орнотулган. Быйыл болсо көчөнүн башка бөлүгүнө суу түтүктөрү орнотулуп жатат:

- Эл туура эмес түшүнүүдө. Бир эле жерди эки жолу жасады деп ойлоп жатышат. Чындыгында андай эмес. Былтыр Киев, Фучик көчөлөрүнүн бир бөлүгүндөгү суу түтүкчөлөрү алмаштырылган. Андан соң акча каражаты түгөнгөнүнө байланыштуу жабылган. Быйыл болсо ал жерди казбастан, калган бөлүктөрү жасалууда. Бирок көчө жалпысынан эле жабылгандыктан шаар тургундары кайра казып жатат деп ойлоп калып жатышат. Биз бул абал боюнча шаардыктарга түшүндүрмө берип жатабыз.

Ошондой эле Жанболотов шаар көчөлөрүн оңдоого байланыштуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, шаардыктарды сабырдуулук көрсөтүүгө чакырууда.

Бишкек мэриясын сындоого Бишкектин борбордук бөлүгүндө газ берүүнүн токтотулушу да себеп болду. Шаардагы газ түтүктөрүн оңдоого байланыштуу 1-июлдан тарта 30 миңден ашык абонентке көгүлтүр от бир айга өчүрүлгөн. Муну интернеттеги социалдык тармактарда шаар тургундары сынга алып, “ысык суу жаңыдан берилгенде эми газ өчүрүлдү, газдан соң кезек эмнеге келээр экен?” деп шакабалап чыгышты. Бирок “Кыргызгаз” ишканасынын маалымат катчысы Рысбек Арунов кышка кам көрүү үчүн газ түтүктөрү оңдолуп жатканын билдирүүдө:

- Бул эми кышка кам көрүү да. Азыртадан оңдоп албасак, кышында кыйын болот. Ошондуктан, шаардыктар түшүнүү менен мамиле кылат деп ойлойм.

Быйыл жыл башында Бишкектин мэри болуп шайланган Кубанычбек Кулматов өзүнүн негизги милдеттеринин бири катары шаардын инфраструктурасын жакшыртууну атаган. Бирок Кулматовдун кызматка келгенине алты айдан ашса да, шаардыктар менен байкоочулар бул багытта купулга толчу иштер аткарылбай жатканын айтышат.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG