Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:13

Майрамдар алдындагы коопсуздук


Бишкектин борбордук аянты
Бишкектин борбордук аянты

Ушул айдын аягында Бишкекте Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар өтөт.

Андан кийин 3-сентябрда Ысык-Көлдө Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну башталат. Мындай эл көп чогулган салтанаттарда коопсуздук чараларын сактоо боюнча кандай аракеттер көрүлүп жатат? Аны менен жалпы коомчулук кабардарбы? Коопсуздук эрежелерин сактоого көнүмүш кайдыгерлик жолтоо болбойбу?

“Азаттык” бүгүнкү“Арай көз чарай” талкуусунда мына ушул суроолорго жооп издеди.

Талкууга Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын жетекчиси Сапар Асаналиев жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Өмүрбек Эгембердиев катышты.

“Азаттык”: Сапар мырза, 31-августта Бишкекте жана башка регион борборлорунда Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдыгы салтанаттуу белгиленгени турат. Кечээ эле Ысык-Көл облусунун аймагынан эл аралык террордук уюмдун эки мүчөсү кармалды деген кабар тарады. Ушундан улам алдыдагы майрамдык иш-чаралар коопсуз өтөбү? Ал үчүн кандай чаралар көрүлүп жатат деген суроо ар кимди ойлонтуп турат. Майрамдардын коопсуздугун коргой алабызбы?

Сапар Асаналиев: Өкмөт тарабынан аталган ири окуяларда сактала турган коопсуздук чаралардын комплекстүү пландары иштелип чыккан. Анын негизинде майрамдарда коопсуздукту сактап беребиз деп ишендире алабыз. Ал үчүн милициянын тогуз миңден ашык кызматкерлери тартылды. Андан тышкары тартип коргоо кызматынын ардагерлери жана элдик кошуундардын миңдеген мүчөлөрү да коомдук коопсуздук сактоого кол кабыш кылганы жатышат. Ушул учурдан пайдаланып 31-августтагы майрамдык иш-чараларда коомдук тартипти сактоого ар тараптан жардам берип, өздөрү да тартип эрежелерин сактоосун жалпы элден да өтүнөбүз.

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, Ички иштер министрлигинин мурдагы башчыларынын бири катары тартип коргоо органдары Эгемендикти майрамдоо учурунда жана Көчмөндөр оюну убагында коопсуздук чараларын мыктылап көрдү, коопсуз боло алабыз деп ишенип турасызбы?

Өмүрбек Эгембердиев: Чындыгында мындай иш-чаралар болоордо Ички иштер министрлигине абдан чоң милдет жүктөлгөн. Аны аткаруу үчүн мамлекет башчысы өзү баш болуп, текшерип жатат. СССР мезгилинде мындай эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүү алдында ийне-жибине чейин иликтенген пландар түзүлүп, ким эмнеге милдеттүү экендиги алдын ала аныкталчу. Азыр да Ички иштер министрлиги ошондой иштерди жасап жатат, бирок сунуш, кеңеш бере турган ардагерлерди да ишке тартышса жакшы болот эле. Анткени коомдук коопсуздукту сактоо үчүн ар бир маалымат жана анын негизинде алдын ала жүргүзүлгөн аракеттер абдан маанилүү. Эл оозунда кылмышкерлер үчүн чек ара жок деген сөз бар, азыркы ааламдашуу доорунда ким эмне ой менен жүргөнү белгисиз. Ошондуктан үймө-үй кыдырып, кимде курал бар деп каттоого алып, кооп туудурган адамдар болсо, алдын ала оперативдүү аракеттерди көрүшү керек.

Бул ишке мурда кылмыш иликтөө боюнча чоң тажрыйбасы бар Ишен Санжыров, Күлчоро Абдылдаев, Мирбек Калдыбаев сыяктуу адамдарды тартып, маалымат берип турган адамдардын маалыматтарын иликтеп туруу керек деген ойдомун. Ал үчүн Ички иштер министрлиги бир чоң жыйын куруп, талкууласа жакшы болот эле.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG