Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:07

КСДП лидери парламентти баштайбы?


Чыныбай Турсунбеков
Чыныбай Турсунбеков

КСДП, “Республика Ата-Журт” жана “Ата Мекен” фракциялары Жогорку Кеңеш төрагасына Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин көрсөтүштү.

Кыргызстан социал-демократтар, “Республика Ата-Журт”, “Ата Мекен” фракциялары парламент спикерлигине Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин бир добуштан көрсөтүштү. КСДПчы депутат Рыскелди Момбеков бийлик партиясынын лидери төрагалыкка кантип көрсөтүлүп калганын мындайча чечмеледи:

- Биринчилерден болуп “Ата Мекен” фракциясы Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин колдорун билдирди. Ага удаа эле оппозициялык “Республика Ата-Журт” да саясий билдирүү менен чыгып, Турсунбековду колдорун айтышты. Эки партиянын сунушу түрткү болуп биз дагы лидерибизди талапкер катары жылдырдык. Алгач идеяны Асылбек Жээнбеков айтты, жыйынга катышкан 35 депутат тең колдоого алдык. Чыныбай Акунович макулдугун берип, добуш берүүдө колдоп коюуну өтүндү.

Буга чейин КСДП лидери Чыныбай Турсунбеков өзү да, анын партиялаштары да төрагалыкка ат салышпай тургандыгын билдирген болчу. Ал мындай пикирин бардык бийлик башында КСДП мүчөсү болушу туура эместиги менен негиздеген.

Турсунбековду “оппозиция” да колдойт

Оппозициялык делген “Республика Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов Турсунбеков татыктуу талапкер экенин жар салды. Ага улай эле өлкөнүн башкы социалисти Өмүрбек Текебаев “Ата Мекен” фракциясы да бийлик партиясынын лидерин бир добуштан колдорун “Азаттыкка” билдирди.

- Биздин фракция спикерликке талапкер жылдыруу кезегин КСДПга берди. Бирок кезек бул жолу биздики болчу. Анткени КСДП коалициялык көпчүлүктүн негизин түзөт жана көпчүлүк коалициядагы ынтымак ошолордун айланасында кармалып турат десек болот. Бүгүнкү саясий конфигурация да КСДПнын базасында турат. Эгер спикер КСДПдан шайланса саясий кырдаал алардын авторитетин арттырып, мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.

Буга дейре Текебаевди дээрлик бардык фракциялар бейрасмий түрдө төрагалыкка сунуштаганы белгилүү. Саясий аналитиктердин баамында, “Ата Мекен” лидеринин парламент башына келишине президент каршы, анткени Текебаев спикер болсо саясий конфигурацияны дароо өзгөртүшү мүмкүн эле.

Анткен менен парламенттеги “Бир бол”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары Турсунбеков боюнча үн ката элек. Бирок спикерге талапкер болуп ит жыгылышка туш болгон Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаевдин көпчүлүккө кошулбаска чарасы жок. Анткени калган үч фракция каршы чыккан күндө деле Турсунбековду колдогон депутаттардын добушу 61ден ашат.

Болочок спикер президент үчүн мураскорбу?

Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков спикердин кайрадан КСДПдан көрсөтүлүшү парламенттик демократияга каршы келет деп эсептейт.

- Төрагалыкка президенттин тегерегинен көрсөтүлөрү мурдатан белгилүү болчу. Исаев менен Төрөбаевдин талапкерлиги элди жайгаруу үчүн гана коюлган жана шайлоо жасалма түрдө өттү. 2017-жылы президенттик шайлоо болот. Эгер президент кызматын мөөнөтүнөн мурда тапшыра турган болсо, анын убактылуу милдетин спикер аткарат. Ошондуктан спикердин орду Атамбаевдин коопсуздугу, кийинкиси үчүн өтө маанилүү. Ошондуктан төрагалыкка президенттин 100% ишенген өз адамы барышы керек эле. Эми ошого баратышат.

20-апрелде өткөн төрага шайлоодо Исаев менен Төрөбаевдин мелдешип алгандай 51ден добуш алышы, спикерлик кызматтын узак убакыт бою талашка түшүшү коомчулукта ар кандай күдүк ойлорду жаратып келет. Саясат талдоочу Эмил Каниметов талапкер көрсөтүүдө атаандаштыктын жоктугуна нааразы.

- Төрагалыкка же башка кызматтарга ачык шайлоо болсун десек бир гана фракциялар эмес, башка депутаттардан да талапкер чыгышына мүмкүндүк берүү керек болчу. Мисалы, Айнуру Алтыбаева сыяктуу депутаттар талапкер болсо, башка бай же бийликке жакын адамдарга караганда жок дегенде нейтралдуулукту кармап турушмак.

Өкмөт башчы болуп Сооронбай Жээнбеков дайындалганына байланыштуу анын иниси Асылбек Жээнбеков 13-апрелде Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кеткен. Мурдагы спикер Жогорку Кеңешти төрт жарым жыл башкарган. Төрага шайлоо меселеси 27-апрелде парламенттин жалпы жыйынына коюлары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG