Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:26

Кыз төрөсө эмне экен?


Сегиз кыздуу Зарипбек Ташиевдин үй-бүлөсү, Алайкуу.
Сегиз кыздуу Зарипбек Ташиевдин үй-бүлөсү, Алайкуу.
...Кундуз провинциясынын тургуну аялын “үчүнчү ирет кыз төрөгөнү үчүн муунтуп өлтүрүптүр”... Кесиптешим Төрөкул Дооровдун ушул макаласын окуп, чын эле төбө чачым тик турду. Анан бул окуяны эстедим.

Өткөн ноябрда Оштун айтылуу Алайкуусуна бардым. Андагы айылдардын биринде карапайым үй-бүлө бар. Зарипбек Ташиевдин үй-бүлөсү.

Зарипбек аке быйыл кырктын кырына келди. Зайыбы Сагынай жеңе классташы. Мектепте чогуу окушуп, он бирди бүтөр замат баш кошушкан экен.

Бирге түтүн булаткан убакыт ичинде сегиз кыздуу болушуптур. Сүйүмбүсү – студент, Бурулбү – Казакстанда эмгек мигранты. Андан кийинкиси Клара, Айсалкын, Кайыркан мектеп окуучусу. Анан Болдукан, Үмүткан, Жанетта.

Айрымдарынын аттары айтып тургандай, уул бала көрөлү деп жубайлар кыздарын ысымды ырым кылып ыйгарышкан окшойт.

Бирок сегиз кыздуу болсо да Зарипбек аке буга капаланбайм дейт. Жылмайды ага кошо. Кээде Сагынай жеңе тамашалап “башка аял аласыңбы?” - деп коёт. Андайга байы көнбөйт: “Он жыл окуп, жыйырма жыл чогуу жашап анан ажырашып кетсек жарашпайт. Өксүк эмесмин”

Мен барган учурда Сагынай жеңе кош бойлуу болчу. Ай-күнүнө жетип турган. Кийин Ош облтөрөтканасынан көз жарган экен. Сураштырсам уулдуу болушуптур.
Ошол үй-бүлө тууралуу аудиобаян мынакей:




Эми муунтуп өлтүргөн факты катталбаса да, бизде, Кыргызстанда деле “каап, кыз болбой калды...” деп ичтен сызгандар, же болбосо “э...ди, эмне кыз төрөйсүң!” деп опурулгандар, көзү-башын көгала кылгандар жок эмес. Мындайды мурун көргөм, уккам.

Эми, кыздуу болгон менен уулдуу болгондун айырмасы, тиги-бу деген сыяктуу кургак акыл үйрөткөндү коёюн, өзүм үйлөнө элек туруп. Андан көрө ушул Зарипбек акеден үлгү албайлыбы, мырзалар?!

Аялыңды сөксөң да, соксоң да бешенеге жазганы болот. Ага ишенбеген доктурдан сурап көрсүн.

Биз үч бир тууганбыз. Эки иним бар. Атам “ка-ап кызым болгондо” деп калат. Мен да кыз карындашым болсо болмок дейм ичимен.

Досторумдан сурасам, биринчи уул перзент көргүлөрү келишет экен. А мен алгач кыздуу болгум келет...
XS
SM
MD
LG