Линктер

бейшемби, 15-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 10:53

Түндүк - түштүк дегенди абайлап айталы


Жакында батыштын кээ бир антрополог жана урбанисттеринин дүйнɵнүн алдыңкы А класс журналдарында жарыялаган макалаларын карап жатып, бир канчасында “Түштүк Кыргызстан”, “Түндүк Кыргызстан” деген терминдердин кеңири колдонулганын кɵрүп, ичим ачышты. Аталган жагымсыз сɵздɵрдүн ал жактан мандайыма чыга келээрин күткɵн эмес экенмин, катуу ойлонтту. Демек биз байкамаксан болгон одонолук Кыргызстандын чегинен ашып, эл аралык илим чɵйрɵсүнɵ да тарап баратат.

Эч кимге жашыруун эмес, дүйнɵ коомчулугу Кыргызстан тууралуу теледен, ар кыл гезит беттеринен үзүл-кесил угуп билет. Бирок дүйнɵлүк илим коомчулугу, илимпоздор, искусство адамдары, эл аралык деңгээлде иш алып барган уюм, мекеме, ишканалар жана аларда эмгектенген миңдеген кеңсе кызматкерлери дүйнɵнүн булуң-бурчун дагы да тереңирээк ошол А класс журналдарга жарыяланган жогорку сапаттагы илимий макалалар аркылуу таанып билишет.

Союз тарагандан бери ɵзүбүздүн кыргызстандык изилдɵɵчүлɵр, айрыкча бери жагы Жапония нары жагы Англия, Америкага чейинки чет элдик жүздɵгɵн илимпоздор Борбордук Азияны, анын ичинде Кыргызстанды ар тарабынан изилдеп, ар башка класстагы журналдарга жазып келишет. Менин бул маселени тынч кырдаалда кайрадан козгогонумдун бир себеби катары, ошол кыргызстандык изилдɵɵчүлɵргɵ ɵзгɵчɵ баса белгилеп кайрылат элем, жазган макалабыз кайсы класстагы журналга чыкса да, түндүк-түштүк деген терминдерге аяр мамиле кылып, туура аныктама берели. Сиздер гана туура маалымат берип, дүйнɵ илим коомчулугуна “Түштүк Кыргызстан”, “Түндүк Кыргызстан” деп жаңылыш тарап бараткан терминдерди, ой-пикирлерди оңдоп, туура жолго сала аласыздар. Ал эми сырттан келип, Кыргызстанды изилдеген илимпоздор - меймандар. Алар бүгүнкү күндүн басма сɵзүнɵ, ар кайсы саясатчы, серепчилердин кɵз карашына жана уккан, кɵргɵн, билгендерине ишенет. Ошондуктан кыргызстандыктар, алгач ɵзүбүздү басма сɵздɵ туура сүрɵттɵйлү, андан соң алдыбызга келген меймандарга туура маалымат берели.

Айрыкча, бүгүн сентразия.ру, фергана.ру, парускг.инфо жана узнюс.нет сыяктуу кɵптɵгɵн Борбордук Азияга байланышкан сайттарда ачык эле колдонулган “Түндүк Кыргызстан” жана “Түштүк Кыргызстан” дегенди токтотуу мүмкүн болбой калды. Кантип токтосун, алардан кем калышпай, биз ɵзүбүз да жазып жатсак. Азыр интернетти бир тараганда “Түндүк Кыргызстан”, “Түштүк Кыргызстан” дегенди темага коюп жазган ондогон макалаларды кɵрүүгɵ болот. Алардын 70-80 % ɵзүбүздүн кыргызстандык атуулдар, журналисттер, адистер, ж. б. Ал эми мектеп программаларында, жогорку окуу жайларынын Кыргызстан тарыхы боюнча жүргүзгɵн мамлекеттик сынак суроолорунда, археология, география сабактарындагы бул кɵнүмүш адатты бул жерде сɵз кылбай эле коёлу.

Алгач чуу чыгарып, сын айтышчу эле. Азыр унчуккан киши жок. Коомчулуктун кулагы кɵнүп баратат.

Башка бир жагдай. Жакында биздин белгилүү бир тарыхчы агайдын жетекчилиги астында коомго ат кɵтɵргүс же айтса түгɵнгүс десек да болот, “Кыргыз уикипедиясы” жарык кɵрдү. Жаңы уикипедия биздин жаңы жүзүбүз! “Биздики” деп сыймыктанчу бирден бир саамалык. Бирок тилекке каршы, тарых барактарына бул сɵздɵр терең сиңип калганбы же кыргыз коомчулугу бул сɵздɵрдɵн алыс кете албайбы, уикипедия ичиндеги “Сактар”, “Бугу-сарбагыш чабышы”, “Манап бий” сыяктуу бир канчалаган макалаларда да “Түндүк Кыргызстан”, “Түштүк Кыргызстан” деген терминдер, эмнегедир бир эмес бир канча жерде баса белгиленип колдонулган. Уикипедияны тɵрт колдоп колдойм, ошол себептен учурунда сын айтып, иштин башында чара кɵрүүгɵ жардамдашуу менин милдетим. Ал аркылуу биз дүйнɵгɵ эне тилибиз, ɵз терминдерибиз менен чыгып жатабыз.

Талаштан тактык жаралат, бирок азырынча талаш сɵзгɵ кирбегенибиз, сынга сын айтууга да шашпаганыбыз дурус. “Түштүк Кыргызстан” “Түндүк Кыргызстан” деп эки мамлекетти сɵɵмɵй кезеп кɵргɵзгɵндɵй болбой, келгиле “Кыргызстандын түштүгү”, “Кыргызстандын түндүгү” дейли. Же андан да жумшартып, андан да кулакка угумдуу, жагымдуу кылып “Кыргызстандын түндүк аймагы”, “Кыргызстандын түштүк аймагы” деп экɵɵнүн бир бүтүн экенин баса белгилеп, кɵркɵмдɵп айталы, басма сɵзгɵ, коомчулукка жайылталы. Анткени биздин Кыргызстанды биз кандай жазсак, кандай сүрɵттɵсɵк, башкалар сыртка чыгып башка сүрɵт тартпайт.

Бактыбек Исаков,
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин илимий кызматкери

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG