Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:18

Батыштын бир "жаманын" бизге берсе…


Бир курдай Батыштын бир өлкөсүнө барып келген агайыбыз “ээ, адам ошол жакта деле адам экен” деп айтса маанисин аңдап түшүнбөй, күлүп тим болгонбуз. Өзүм аз убакытка Британияга барып калып, бул сөздүн маанисин жаман акылымда аңдагандай болдум.

Эң эле жөнөкөй эрежелерин айтайынчы. Чоңунан баштасаң кыргыздын ашата сөгүп, "акыл салыштырууңду урайын" демейи бар эмеспи. Соңку жылдары Кыргызстанда автоунаа саны болуп көрбөгөндөй өсүп, азыр Бишкектеби, Оштобу ар көчөдө автотыгындар, анан бири-бирине тишин кычыратып сөгүшмөй, жол талашмай көндүм көрүнүшкө айланды. Кимде “крутой” унаа болсо - жол ошонуку...

12 млн. калктуу Лондон - кымгуут жана шашылгандардын шаары, бирок бир да жолу автотыгын көргөнүм жок. Жолдор тар, абдан эле тар... Көрсө бизге окшоп көрүнгөн жерге унаасын токтотуп коймой, жол талашмай деген жок, эрежени бекем кармануу, бири-бирин сыйлоо жана айдоо маданияты бийик экен. Жол дегениң министрби - өтүкчүбү, акпы-карабы, аялбы-эркекпи баарына тең. МАИси айдоочуга жек көрүмчү эмес, керек учурда жардам берип, тыгындарды тез жөнгө салып, коомчулук менен тыгыз иштешкен кызмат.

Биз барган учурда британ коому кызуу талкуулап жаткан окуяга күбө болдук. Чоң кызматта иштеген Англия чиновнигинин үстүнөн сот жүрүп жаткан экен. Анысы жол эрежесин бузган, кылмышты жашырган деген айып менен кызматынан чегиниптир.

Окуя мындай, ал чиновник кызматта турган учурда унаасын катуу ылдамдыкта айдап баратканы видео көзөмөлгө түшүп калган. Бирок чиновниктин аялы “рулда мен отургам” деп айыппул төлөп, ошо менен окуя эч кимдин деле назарына илинген эмес.

Кызыгы кийин башталган. Чиновник кийинчерээк аялы менен пикири келишпей, ыйкы-тыйкы болгон го сыягы. Аялы сотко даттанып, баягы автоунааны катуу ылдамдыкта айдаган чиновниктин өзү болгонун айтып, агынан жарылат. Сот дегениң ал жерде аялынын бешенесинен сылады дейсиңби, экөөнө тең кылмыш ишин козгоп, жол эрежесин бузган, кылмышты жашырган деп, күйөөсүн кызматтан алып, соттук тергөө болуп жатыптыр...

Өз өлкөмө келип, автоунаамды айдап баратсам, жолчырактын жанынан МАИ кызматкери токтотуп, “неге куруңду тартынган жоксуң, а-бу” деп жатпайбы. Ал аңгыча ачуу-ачуу сигналын баскан даңкайган “крутой” унаа жолчыракта кызыл күйүп турганын, андан арыраакта МАИ кызматкерин көзгө илбей, баарыбызды “үркүтүп” өтүп калбайт бекен. Мага мыйзамды үйрөтүп аткан “жол эрежесин сактаган” кишим үндөбөйт, тигини эмне тоспойсуңар десем үлүрөйүп коёт мага карап. Ошондо эстедим жанагы Лондондогу окуяны, ошондо ушул оюмду ортого салгым келди...

Кыргыз “Балык башынан сасыйт” деп бекер айтпаган го. Бирок биз айтып-айтып эле, сөздүн кунун, сөздүн кудуретин жоготуп, аткарбай калган экенбиз го, таңгөрү. Болбосо биздин “чоңдордон” кандай гана алтын шилекейлер чачыраган жок?

Макул, каражат жок каржалып турган экенбиз, бирок эң жөнөкөй эрежелерди кантип сактап, неге турмушубузга сиңире албайбыз. Эң жөнөкөй адамдык эрежелерди.

Бала болуп, башыма жүн чыкканы жамандын баары Батыштан деген куру пропаганда башыбызга ширелиптир. Сойкулук Батыштан, жамандык Батыштан, кокуй-алат коргоп калалы деп ала бакан, куу союлду көтөрүп чуркадык. Көрбөй-билбей биз кошо Батышты сөгүп өстүк. Батышын да көрдүк го, ошол “жамандыктарын” бизге берсе, атаганат. Ал жагың сырттан келген адаттын баарын эле сиңирип алчу коом жок, өз эреже, өз каадасы, мыйзамдары менен таштай катып турат... Биз болсо кала берсе кадыресе мыйзамды тутунганды билбей алдастап, ыйман, пейил качып, бири-бирибизге түтүмү жок болуп бараткан экенбиз...

Айбек Асан, Ош шаары
XS
SM
MD
LG