Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:56

Бэтмен менен Халктан ашкан кыргыз эгосу

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Алдымда кетип бараткан эки окуучу кызуу талашып атышты.

Бири "Халкты билесиңби сен? Ана, ошол күчтүү да" деп мурдун тартса, экинчиси: "И-кии, аныңдычы ээ, Бетмэнчи, ээ, жеңип коет" деп өзүнүкүн бербей келатты. Алардын бул айтышын артта угуп келе жатканымды этибар алышпады. Оюмда суроосуна кошо жооп издеп атканымды такыр эле байкашкан жок...

Аа, иничектер, баласыңар да. Бул дүйнөдө "кыргыз эгосу" деген теңдешкис күч бар. Анын жанында ошол Халкың да, Бетмэниң да түккө арзыбай калат эй!..

Кыргыз өзүм дегенде өң-алеттен кетери белгилүү. Бирок “белгилүү” деп жүрө берсек, жакында бир балээни көрчүдөйбүз. Соңку кабарлар мени кооптондура баштады. “Эсиң барда этегиңди жап” дейт эле, мындайда аталар...

Кыргыздын эгосу эми кадыресе чоң тармактарга таасирин тийгизе баштады. Китеп текчени ачсам, бүт эле өзүн мактап жазган аты жок авторлор. "Укмуш китеп жазам" дейт да, отуруп алып, тээ балалык чагында тоо башынан гүл тергенинен тартып баарын баяндап жазат. Жарымын үй-бүлөлүк альбомдогу сүрөттөр менен толтурат, атаңгөрү. Жок, жазыңыз, эч ким каршы эмес. Бирок ошол “шедевриңизди” жаратуудан мурун куру дымагыңызды бир аз басып, сөз болуп аткан эгоңузду тизгиндеп, күзгү алдына келип “Мен киммин?” деп алсаңыз сонун болот эле. Китепти го жазаарын сиз жазат экенсиз, уялганы мага калып атпайбы. Андан да коркунучтуусу - коомдун китепке болгон көз карашы, окурмандын табити бузулууда.

Биографиялык китеп качан жазылат? Ал 70 жылдык юбилейге же 5 аңгеме жарык көргөндөн кийин жазылбайт. Өмүрү өрнөк инсандын басып өткөн жолу башкаларга үлгү боло алган учурда жазылат. Анан да, башка бирөө тарабынан жазылышы зарыл. Мисалдарга орун берели. Уолтер Айзексон аттуу мыкты биографиялык эмгектердин автору (Эйнштейн, Черчилл сыяктуу дөө-шаалардын өмүр таржымалын жазган) Стив Жобстун сунушу менен ал жөнүндө китеп жазмакчы болот. Бирок Стив Уолтерди “Бул сенин китебиң, мен аны окубайм дагы” деп таң калтырат. Же өзүбүздүн эле Мукай Элебаевдин “Узак жолун”, Кеңеш Жусуповдун “Сапар китебин”, Аалы Токомбаевдин “Мезгил учатын”, Самсак Станалиевдин “Жылдын эң узак күнү”, “Касым Тыныстанов. Чагылгандын көз жашы” чыгармаларын же Көчкөн Сактановдун “Маркумдар үнүн” айталы. Ашыкча сөздүн кереги жок го, салыштырып, таразалап аларсыз.

Тирүүлөй эстелик орноткондор

10-ноябрда Таластын Бакай-Ата районунда 20 кишиге тургузулган эстеликтердин арасында мурдагы жаштар министри, Апрель баатыры Алиясбек Алымкуловдун да айкели бар. Алиясбек Алымкулов бюсттун ачылышына өзү катышты. 
1/10 10-ноябрда Таластын Бакай-Ата районунда 20 кишиге тургузулган эстеликтердин арасында мурдагы жаштар министри, Апрель баатыры Алиясбек Алымкуловдун да айкели бар. Алиясбек Алымкулов бюсттун ачылышына өзү катышты. 
Таластын Бакай-Ата районунда 20 кишиге тургузулган айкелдердин арасында көзүү тирүү адамдардын да бар экени коомчулукта талкууга жем таштады. Мындай көрүнүшкө каршы чыккандар да, колдогондор да аз эмес. Айкелдердин арасында мурдагы жаштар министри, Апрель баатыры Алиясбек Алымкуловдун да эстелиги бар.
Апрель баатыры Алиясбек Алымкуловдун эстелиги Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаровдун айкелине жанаша турат. 
2/10 Апрель баатыры Алиясбек Алымкуловдун эстелиги Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаровдун айкелине жанаша турат. 
Таластын Бакай-Ата районунда 20 кишиге тургузулган айкелдердин арасында көзүү тирүү адамдардын да бар экени коомчулукта талкууга жем таштады. Мындай көрүнүшкө каршы чыккандар да, колдогондор да аз эмес. Айкелдердин арасында мурдагы жаштар министри, Апрель баатыры Алиясбек Алымкуловдун да эстелиги бар.
Бишкектеги Улуттук хирургия борборунун алдында медицина илимдеринин доктору, профессор Мамбет Мамакеевдин айкели турат. Ал 2017-жылы Мамакеевдин 90 жылдык мааракесинде ачылган. 
3/10 Бишкектеги Улуттук хирургия борборунун алдында медицина илимдеринин доктору, профессор Мамбет Мамакеевдин айкели турат. Ал 2017-жылы Мамакеевдин 90 жылдык мааракесинде ачылган. 
Таластын Бакай-Ата районунда 20 кишиге тургузулган айкелдердин арасында көзүү тирүү адамдардын да бар экени коомчулукта талкууга жем таштады. Мындай көрүнүшкө каршы чыккандар да, колдогондор да аз эмес. Айкелдердин арасында мурдагы жаштар министри, Апрель баатыры Алиясбек Алымкуловдун да эстелиги бар.
Мамбет Мамакеев быйыл 91 жашка чыкты. 
4/10 Мамбет Мамакеев быйыл 91 жашка чыкты. 
Таластын Бакай-Ата районунда 20 кишиге тургузулган айкелдердин арасында көзүү тирүү адамдардын да бар экени коомчулукта талкууга жем таштады. Мындай көрүнүшкө каршы чыккандар да, колдогондор да аз эмес. Айкелдердин арасында мурдагы жаштар министри, Апрель баатыры Алиясбек Алымкуловдун да эстелиги бар.
Нарын облусунун Ак Талаа районундагы Баевтов айылында 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согуш учурунда оорукта эмгектенгендердин айкелдери тургузулган. Арасында Социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаровдун да айкели бар. 
5/10 Нарын облусунун Ак Талаа районундагы Баевтов айылында 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согуш учурунда оорукта эмгектенгендердин айкелдери тургузулган. Арасында Социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаровдун да айкели бар. 
Таластын Бакай-Ата районунда 20 кишиге тургузулган айкелдердин арасында көзүү тирүү адамдардын да бар экени коомчулукта талкууга жем таштады. Мындай көрүнүшкө каршы чыккандар да, колдогондор да аз эмес. Айкелдердин арасында мурдагы жаштар министри, Апрель баатыры Алиясбек Алымкуловдун да эстелиги бар.
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик эмгектин баатыры, ондогон жылдар бою жетекчилик кызматта иштеген Корчубек Акназаров быйыл 96 жашка чыкты. 
6/10 Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик эмгектин баатыры, ондогон жылдар бою жетекчилик кызматта иштеген Корчубек Акназаров быйыл 96 жашка чыкты. 
Таластын Бакай-Ата районунда 20 кишиге тургузулган айкелдердин арасында көзүү тирүү адамдардын да бар экени коомчулукта талкууга жем таштады. Мындай көрүнүшкө каршы чыккандар да, колдогондор да аз эмес. Айкелдердин арасында мурдагы жаштар министри, Апрель баатыры Алиясбек Алымкуловдун да эстелиги бар.
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көй-Сай айылында Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры Таштанбек Акматовдун бюсту орнотулган.
7/10 Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көй-Сай айылында Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры Таштанбек Акматовдун бюсту орнотулган.
Таластын Бакай-Ата районунда 20 кишиге тургузулган айкелдердин арасында көзүү тирүү адамдардын да бар экени коомчулукта талкууга жем таштады. Мындай көрүнүшкө каршы чыккандар да, колдогондор да аз эмес. Айкелдердин арасында мурдагы жаштар министри, Апрель баатыры Алиясбек Алымкуловдун да эстелиги бар.
Таштанбек Акматов эмгек жолун малчылыктан баштап, 1987-жылдан тарта Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагалыгына чейин жеткен. Учурда ал 80 жашта. 
8/10 Таштанбек Акматов эмгек жолун малчылыктан баштап, 1987-жылдан тарта Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагалыгына чейин жеткен. Учурда ал 80 жашта. 
Таластын Бакай-Ата районунда 20 кишиге тургузулган айкелдердин арасында көзүү тирүү адамдардын да бар экени коомчулукта талкууга жем таштады. Мындай көрүнүшкө каршы чыккандар да, колдогондор да аз эмес. Айкелдердин арасында мурдагы жаштар министри, Апрель баатыры Алиясбек Алымкуловдун да эстелиги бар.
Авиация тармагында эмгек сиңирген Кубанычбек Козубековдун айкели да Таластын Бакай-Ата районунда орнотулду. 
9/10 Авиация тармагында эмгек сиңирген Кубанычбек Козубековдун айкели да Таластын Бакай-Ата районунда орнотулду. 
Таластын Бакай-Ата районунда 20 кишиге тургузулган айкелдердин арасында көзүү тирүү адамдардын да бар экени коомчулукта талкууга жем таштады. Мындай көрүнүшкө каршы чыккандар да, колдогондор да аз эмес. Айкелдердин арасында мурдагы жаштар министри, Апрель баатыры Алиясбек Алымкуловдун да эстелиги бар.
Кубанычбек Козубеков өлкөдө жарандык авиацияны өнүктүрүүгө салым кошкондордун бири. Ал "Даңк" медалы менен сыйланган. 
10/10 Кубанычбек Козубеков өлкөдө жарандык авиацияны өнүктүрүүгө салым кошкондордун бири. Ал "Даңк" медалы менен сыйланган. 
Таластын Бакай-Ата районунда 20 кишиге тургузулган айкелдердин арасында көзүү тирүү адамдардын да бар экени коомчулукта талкууга жем таштады. Мындай көрүнүшкө каршы чыккандар да, колдогондор да аз эмес. Айкелдердин арасында мурдагы жаштар министри, Апрель баатыры Алиясбек Алымкуловдун да эстелиги бар.
Артка
Алдыга

Кыргыздын эгосу китеп жазуунун кадырын кетирип бүтүп, дагы бир тармакты булгап отурат. “Арабызда Орозкулдар жүрөт” деген сөздү кыйыр мааниде кабыл алып, орой адамдарды ошол ат менен мүнөздөчү элек. Эми аны түз мааниде да колдонууга мүмкүн болуп отурат. Айтайын дегеним, эгосун башкара албай бараткан дагы бирөөлөр өздөрүнө айкел орнотуп алышыптыр. Адатта кыргыздар көзү өтүп кеткен кадырлуу адамдарынын элесин кийинки урпак унутпашы үчүн анын эстелигин орнотушкан. Таң калыштуу эч нерсе жок. Эго деген ушундай, сени тирүүлөй өлүк кылат.

Кыргыздын өзүмчүлдүгү улуттук биримдикке доо кетире баштады. Аймактар, уруулар өз ара баш кошуп, ынтымак ураанын чакырып атышат. Акмакчылык! Жоон топтун эгосу жердешчиликке алып келди. Жердешчилик эмнеге алып келер болду экен?..

Эми мындай пикир да. Ушул өзүмчүлдүктү, алдым-жуттум жашоону жыйыштырсак. Ошончо эле китеп жазып, тарыхта калгыңыз келип атса, биздин не бир керемет авторлордун эмгектери нечен жылдан бери жаңыланып басылып чыга элек. Мына ошолорду колго алсаңыз кандай болмок? Мисалга “Сынган кылычты” же жогоруда айтылган “Маркумдар үнүн”, “Сапар китепти” жаңы мукабада, көп нускада кайра басып чыгарууга салым кошсоңуз, китебин чыгара албай жүргөн мыкты акын-жазуучуларга демөөрчүлүк кылсаңыз неге болбосун? Ошончолук эле айкел тургузгуңуз келип, эстелик менен ооруп, атак-даңкка мас болгуңуз келип атса, баш калаабыздагы каракталган “Эл куту” монументин калыбына келтирүүнү неге колго албайсыз? Кыргыз айкелчилерин неге колдобойсуз? Ошончолук эле бириккиңер келип, ынтымакты көксөп атыпсыңар, неге жамы кыргызды биримдикке үндөбөйсүңөр? Неге шартыңар, каражатыңар бар да, кечиргиле, акылыңар өксүк? Неге?..

Ии, иничектер, көрдүңөрбү, силердин Халкыңар менен Бетмэниңердин оюна бул укмуштар эгерим келбе-ейт...

Нурболот Азаматов

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
Куржундар
XS
SM
MD
LG