Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:02

Алып сатма билим, же отоо чөп кайдан өсүп жатат?!


Окуу жылынын аяктап баратышы менен мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн "жүрөктөрү дүкүлдөп", ата-энелеринин ЖОЖдордон же Министрликтен тааныш издеп, айла-амалдары түгөнүп жаткан кез.

Таежем жалгыз кызынын камын тээ февраль айында эле баштаган. Кызынын бактысыбы же өзүнүкүбү, айтор, иш оңунан чыгып, Билим берүү жана илим министрлигинен жакын тааныш табылып калды.

Министрликтеги эжеке таежем телефон чалганында жумуш ордунда экендигине карабастан, эт-бетинен кетип, "крыша" болууга макул болду. Айдан издегенибиз, жерден табылып, сүйүнүп эле отурган чагыбыз. Ошону силер менен бөлүшөйүн дедим.

Кайда баруу жана ким болуу керек?

Булар көпчүлүк бүтүрүүчүлөрдү жана алардын ата-энелерин уктатпай жаткан суроолор. Бардыгын деп айтпайм, бирок көпчүлүгүн – бул айкын. Алардын арасында кандай гана жол менен болсо да, сөзсүз түрдө ЖОЖго өтүүнү каалабай, "эчкисине карап ышкырып", өлкөдө талап кылынган кесиптерди тандагандар бардыр.

Биз болсо бул суроолорго баш катырдык: бөлөмөн "таможенник, банкир, финансист" ж.б.у.с.дан башка эч нерсе чыкпайт. Бардыгы эле "деловой" же "крутой" болгусу келет бул заманда.

Бир нерсе болсо эле, "улуу-урматтуу" Совет мезгили менен салыштыра берүүнү жакшы көргөн таежем:

"Биздин убакта балдар ата-эненин "кий" дегенин кийип, "ич" дегенин ичип, айтканын кылчу эле. Азыркыларга ошентип гана көр. "Ким айтып жатат, эмне деп айтып жатат" деп да койбойт", – деп даттанып жатып калат.

Таежемдин максаты - жалгыз кызын "престиждүү" окууга тапшыртып, кара жумушка киргизбей, "таза, жылуу-жумшак" жумуш таап бермей. Бир жагынан карасаң, энени бул тилеги үчүн ким күнөөлөйт?! Апасы антсе, кызы орусчалап:

"Ма, это ты хочешь стать юристом. Я туда не пойду", - дейт.

Ошентип кайма-кай айтышып жатканыбызда, "крышабыз" чалып калды. Аныбыз жөн гана "чоочун капчык" болбостон, иш билги кеңешчи да болуп чыга келди.

"Сизди эми кантип алдамак элем? Угуп туруңуз. АУЦАга, чындыгын айтайын, чач-кирпигиңер чак келбейт. КТУ "Манас", "Ата-Түрк" жана КРСУда окуу абдан эле оор. Анан да ал жакка өткөрө албайм. Мына - БГУ, биздин "Национальный", Политех десеңер, сөз жок. Ал жакта чогуу иштешкендер бар. Орун таап берем. Ушул жактан бир факультетти тандагыла. Таанышым ректорго чейин өзү эле кирип бара алат. Жанагы КГУСТА, Арабаев, Аграрный дегендерге студенттер жөн эле кирип чыгып жүрөт. Контракттардын деле чоң айырмасы жок", - деп кайра телефон чалаарын айтып коюп салды.

Ставкасы кандай?

Ошентип ЖОЖду да, болжолдуу факультеттерди да тандап койдук. Кийинки чоң маселе - пара же болбосо, орусча айтсак, "сколько стоит музыка?".
"Крышабыздын" айтымында, азыр ЖОЖдордо бюджетке "местаны занят" кылып коюу – 500 доллар. Эгер абитуриент Жалпы республикалык тесттен 110дон көп упай алса, каалаган факультеттен орун даяр. Бир гана тиги 500дүн үстүнө дагы 1 контракт кошуш керек. "1 контракт" дегени - 20-23 миң сом, анысы тандаган факультетке жараша. Окууну 20 жыл мурун бүткөн таежем ошондо эле чалкасынан түшүп калды. Бирок башка айла жок. 1 контракт деген ЖОЖдорго – Политех, КГТУ, БГУ сыяктуу ортолор кирет. Бирок ал жакта деле бир "престиждүү" факультеттерге 2 контракт бериш керек. КРСУ, Юракадемия, БФЭА сыяктуулар – 2 контракт.

Анан дагы, "крышабыз" өзү өлө албай жатып, таежеме минтип коет:

- Аябай жакшы тааныш жана ишеничтүү кишилерден болсо, Арабаев, Аграрный, Караколдогу ИГУ, Нарындагы медучилища сыяктуу "мындай эле" окуу жайларына да таап коюңуз. Өзүңүзгө 2 миң сом кошуп койсоңуз болот. Мен деле ошондой алам. Билесиз да, канча адам кийлигишсе, ошончо үстүнө 50-100 доллар болуп кошула берет.

Эми, эмне кылабыз?

Кийинки чечүүчү баскыч – Жалпы республикалык тест (ОРТ).

Кызынын үчкө окуурун билген апамдын байкуш сиңдиси:

- Кызым Жалпы республикалык тесттен 110дон көп упай ала албай калса, эмне кылабыз?

- ОРТнын жыйынтыктарын жасаганга" болбойт. "Жасап койгонго" болсо, биз жасамакпыз да эчак эле. Эми мен бул жакта отурганда, сар-санаа болбой эле коюңуз. Бир нерсе кылабыз да. Силерди кантип эле таштап коеюн, - деди Министрликтеги эже камырабай.

Ошентип, сөздүн аягында, апамдын байкуш сиңдиси 500 доллардан тышкары 700дөй доллар камдап коймок болду.

2012-жылы Эл аралык республикалык институттун тапшыруусу жана ЮСАИДдин каржылоосу боюнча Baltic Surveys/The Gallup Organization компаниясы тарабынан Кыргызстанда жүргүзүлгөн социалдык сурамжылоого ылайык, кыргызстандыктардын ою боюнча паракорчулук өнүккөн структуралардын катары төмөнкүдөй: - ГАИ (96%), милиция — 95%, ЖОЖ— 92%, бажы — 90%, сот — 89%, Башкы прокуратура — 87%, салык кызматы — 86%, финпол — 83%.

Сурамжылоонун негизинде ЖОЖдор паракорчулук боюнча 3-орунду ээлеген. Бирок, менин оюм боюнча, Билим берүү министрлигинде иштеген катардагы кызматчы өлкөдөгү бардык окуу жайларында жогоркудай байланыштарга ээ болсо, бул оору билим берүү тармагында кеңири таркаган жана аны короону отоо чөптөн арылткандай эле, тамырынан жулуп салуу керек.

Менин максатым, бир тууган таежем менен бөлөмдү мындай жолго баруусуна жолтоо боло албасам да, интернет аркылуу анын колдонуучулары менен бул маселени талкууга алуу жана ага коомчулуктун көңүлүн буруу.

PS: Министрликтеги эжекенин сөзү эч бир бурмалоосуз берилди. Ал эми таежем менен бөлөм – жашоодо эң бир сонун, эч кимге зыяны жок, ак пейил жана чынчыл адамдар. Бир гана заманынын курмандыктары. Балким, бөлөм бала бакчадан баштап пара бербеген, бардык жерде ишти акча менен бүтүрүүгө болбогон коомдо өссө, "алына жараша иш кылмак".

Лазат Такырбашова
XS
SM
MD
LG