Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:47

Көр саткандарга


Бүгүн кыргыз үчүн той бергенге караганда өлгөн кишини акыркы жайына узатуу алда канча кымбат болуп калды.

Кыргыз эли дүйнөдөгү эң байыркы эл. Тарых жолунда бирде толуп, бирде кемип, бирде жыргап, бирде ыйлап олтуруп ушул кылымга жеткен. Кудайдын мунусуна да шүгүр. Кээде ойлоп кетесиң, бул жер үстүндө кыргыз кечпеген суу, кыргыз баспаган жол, кыргыз жатпаган топурак жок болсо керек деп...

6-7-кылымдарга чейин адам өлгөндөн кийин сөөгүнөн этин бөлүп алып, “кылыч менен кырдыртып, кымыз менен жуудуртуп”, тазалап, табытка салып жерге коюу салты байыркы заманда дүйнөлүк зороастризм динин туткан көчмөн элге таандык болгон дешет.

Этинен ажыраган сөөктү өрттөп жиберип, күлүн ардактап, бардык буюм-терими менен кошо мүрзөгө коюу салты ошол 6-10-кылымдарда кыргыздарда да кеңири колдонулган...

“Силерди топурактан жараткам, кайра топуракка айлантам” деген эмеспи Жараткан. Капитализмдин ырайымсыз, ыймансыз жорук-жосундары бир кездеги салттуу, нарктуу элди барган сайын ач көз, дүнүйөкор, ташбоор кылып тарбыялай баштады. Заман менен агып кирип аткан нерселердин жакшы-жаманын ылгаганга акылыбыз жетпей, сугалактык менен, жакшысын азыраак, жаманын көбүрөөк алып кирдик. Сатылбаган эч нерсе калбай калды. Баары сатылууда.

Башкасын кой, маркумдун жата турган көрү да сатылып жатат. Көр сатуу Кыргызстандын айыл өкмөттөрүндө кадимкидей эле соодага айланды. Байтиктин Бас Бөлтөгүнөн өлгөн кишиге жер сатып алуу жыл сайын өсүп олтуруп бүгүн 1000 доллардан ашып кеткенин айтышууда. Бүгүн кыргыз үчүн той бергенге караганда өлгөн кишини акыркы жайына узатуу алда канча кымбат болуп калды.

Илгери бир бай, кол алдындагы кембагалга айткан дешет: “Эй, бурадар, өлөмүн деп ойлобо, өлсөң көчүгүңдү ачам!” деп. Ошол заман келди. Колунда жок бечаранын көчүгү тургай көрүнбөгөн жеринин баары ачылууда. Айтматовдун “Кыяматындагы” өлүктү койгонго жер табалбай, сөөктү жүктөп алып казактын учу-кыйырсыз талаасын кыдырып келаткан “кыяматы” келди...

Бул кыяматты бийлик токтото албаса, оппозиция токтото албаса, молдокелер токтото албаса, анда ким токтотот? Акыры баарыбыздын бара турган жайыбыз ошол көр. Көр менен соода кылмайды токтото турган жан барбы? Же кыяматты акыры бир күн келбей койбой турган кыямат токтотобу?

Сатылма дүйнө жини ушу,

Саат тургай, секунд, минуту.

Сатылып жатат дүйнөнүн

Сай-сайлап каптап вирусу.

Кытайдын сандал-санаты,

Кыйланын ала-чаласы.

Кылымдап араң чыгарган

Кыргыздын даарат кагазы.

Сагыздын тышы, ичи да,

Сааласы, кушу, ити да.

Салбырап башы мойнунда

Сатылып жатат киши да.

Куйту сөз, ушак, чуусу да,

“Кумтөрдүн” төккөн уусу да.

Куурабай ичсин деп аккан,

Кудайдын куттуу суусу да.

Кадыр-барк, каада, ою да,

Казына, доллар, сому да.

Какшаткан дартка дабаа деп,

Канчыктын каткан богу да.

Саябан асыл жер дагы,

Сары алтын жаткан кен дагы.

Саясат үчүн карачы,

Сатылып жатат эл дагы.

Талаасы менен там дагы,

Тамырда аккан кан дагы.

Сатылбайт деген пайгамбар,

Сатылып жатат ал дагы.

Көндүк го көз жаш акканга,

Көкөйдү кескен дарттарга.

Көналбай койдум мен бирок,

Көмгүн деп көрдү сатканга.

Көмө чаап бабаң жыйганды,

Көр акыл басты ыйманды.

Көсөмдөр барбы токтотчу,

Көр менен соода кылганды?

Өкүмүң келсе ободон,

Өмүрдү ажал торгон.

Өлчөөсү тайкы калк белек,

Өлүктөн акча тоногон?

Эш тутаар салт-нарк ою бар,

Эгеге жетер колу бар.

Эл эмес белек түгөнгүр,

Эки миң жылдык жолу бар.

Көк тулаң түздө зоо болбойт,

Көккө учкан жанда доо болбойт.

Көр сатпа кыргыз, суранам,

Көр саткан өлкө соо болбойт!

Төштүгү түктүү Жер урат,

Төбөсү бийик Көк урат.

Төлөтүп, кордоп, акы алба,

Төшөгү муздак Көр урат!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG